КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


Талас облустук
чет тилдер лицей- комплекси

 
    кыр.   рус.   en.

Лицей сыймыгы


Акчал агайдын сабактары
Акчал агайдын сабактары

Талас облустук чет тилдер лицей комплексинин ардактуу мугалимибиз Акчал Атагулов агайыбыздын "Акчал агайдын сабактары" аттуу сабактардын электрондук вариантын сайтыбызга жарыяладык.

Бул сабактарды Интернет түйүнүнө даярдоо жана жайгаштыруу лицейдин 10-классынын окуучулары тарабынан ишке ашты. Информатика сабагынын HTML тили курсунун практикалык иштердин жыйынтыгы. Алдыда дагы бир топ ушул сыяктуу иштерди даярдайбыз.

Акчал агайдын сабактары менен ушул шилтеме аркылуу таанышсаныз болот

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат

Кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу талант, көрөсөн инсан жөнүндө бир канча муун көптөгөн эмгектерди, ой жорууларды жарата бериши табигый нерсе.

Талас облустук чет тилдер лицей- комплесксинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган иш- чаралар боюнча төмөнкү шилтемеден таанышсаныздар болот

Лицей жанылыктары

“Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнү"өткөрүлдү
3-декабрь "Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө" карата иш план түзүлүп,окуучулар парламенти тарабынан уюштурулду. Иш-чарада мугалимдер жана окуучулар тарабынан акча чогултулуп, Бекнур балдардын реабилитациялоо борборуна тамак-аш жана кийим түрүндө жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көмөк көрсөткөн лицей жетекчисине жана бардык кесиптештерге жана окуучуларыбызга ыраазычылык билдиребиз

“Лицей мугалими Алай жергесинде"
"Кут билим сабак"гезитинин калемгерлери тобунун мугалимдери анын ичинде лицейдин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Эдиса Кыдырмышева 2021-жылдын 22-25-ноябрь күндөрү Ош облусунун Алай районуна Республикалык семинар уюштурушту. Семинарга ар бир облустан таланттуу,чыгармачыл мугалимдер чогулуп, өз ара тажырыйба алмашуу ,болду. Иш-чаранын соңунда бир катар эже-агайлар жана лицей мугалими Эдиса Кыдырмышева Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн сертификаты менен сыйланды

“Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү"
Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

“Район,шаардык семинар болуп өттү"
2021-жылдын 25-ноябрында Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде орус тили жана адабияты сабагы боюнча семинар болуп өттү. Семинарга шаар жана райондук мектептердин мугалимдери катышты. Ачык сабактар кызыктуу болуп, жогорку деңгээлдеги иш-чара өттү. Орус тили жана адабияты мугалими Сороналиева Гүлнур 11-класска “М.Горькийдин мезгилсиз ойлору” деген темада сабак өттү. Автандилов Сыргак 8-класска «Н.В.Гогольдун өмүр баяны» деген темада адабият сабагынан ачык сабак көрсөттү.

Физика мугалими Сагынбаева Мыскал методика боюнча алган билими менен бөлүштү.

Ал демо-сабак көрсөтүп, «Мектептерде STEM-окутуу» боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

25 ноября 2021 года в Таласском областном лицее-комплексе иностранных языков прошёл семинар по русскому языку и литературе. На семинаре участвовали учителя из городских и районных школ. Были проведены открытые уроки и внеклассное мероприятие. Учитель русского языка и литературы Соороналиева Гулнур провела урок в 11 классе на тему "Несвоевременные мысли" М.Горького" и замечательную игру в 9 классе "Своя игра". Автандилов Сыргак показал открытый урок по литературе в 8 классе на тему "Биография Н.В Гоголя". Сагынбаева Мыскал, учитель физики, поделилась своими знаниями в области методики. Продемонстрировала демо-урок по "STEM-обучению в школах".После окончания семинара участвовавшие учителя выразили благодарность всему коллективу лицея и отметили значимость проведенного мероприятия.

“Leed Caravan-2021"
22-23 числа этого месяца 9 учеников лицея и учитель по географии-Арслан Жекшенбеков прошли отбор и поучаствовали на ”Leed Caravan 2021“ при поддержке Посольства Америки в Кыргызстане и реализовыванный Access Alumni Association. В целом наши ученики получили много полезных информации, знаний и опыта. За эти два дня, наши ученики максимально постарались получить всё лучшее и непременно появилась мотивация учиться и параллельна быть полезным обществу, думать об окружающей среде. Спасибо организаторам ❤️ А нашим ученикам желаем больших успехов✊🏻 Мы надеемся что вы продолжите свою деятельность в том же духе и станете полезным гражданам своей страны!🙌🏻😻

“STEM-семинары болуп өттү"
Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде Билим берүүдөгү STEM- окутуу боюнча 10-11-ноябрда семинар болуп өттү. STEM билим берүүнүн өзгөчөлүгү -бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми STEM билим берүүнүн максаты -балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет. Семинарды физика мугалими Сагынбаева Мыскал эң жогорку деңгээлде өтүп берди. Лицей мугалимдер жамааты жигердүү катышышып, Е5 модели боюнча Көчөрбаева Чинара, Керимбекова Забида, Атагулов Рустам сабак өтүп беришти. Семинар ийгиликтүү аяктады.

“8-а классына ачык сабак болуп өттү"
29-октябрда Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде Кыргыз тили жана адабияты декадасында Көчөрбаева Чинара Чаткалбековна "Сөз айкашы" деген темада 8а-классына ачык сабак өттү. Сабакта интерактивдүү усулдарды колдонуп, жаңы технологиялар менен пайдаланылды. Окуучулар активдүү катышып, сабак эң жогорку деңгээлде болду. Мугалимдер өз пикирлерин билдиришип, сабакка "Эң жакшы" деген бааларын беришти.

“Ден соолук күнү болуп өттү“
Лицейде ден-соолук күнүнө карата "Аркан тартыш оюну" боюнча🎗️ класстар арасында мелдеш🏅🎖️🏆 өттү, жыйынтыгы төмөндө👇

10-11-класстын балдары арасында

1-орун 11"б"-класс🥇

2-орун 10"а"-класс🥈

3-орун 11"в"-класс🥉

Кыздар арасында

1-орун 10 "в"-класс🥇

2-орун 10 "а"-класс🥈

3-орун 10 "б"-класс🥉

8-9-класстын балдары арасында

1-орун 8"б"-класс🥇

2-орун 9"а"-класс🥈

3-орун 9"в"-класс🥉

8-9-класстын кыздары арасында

1-орун 9"а"-класс🥇

2-орун 9"б"-класс🥈

3-орун 8"б"-класс🥉

“Алтын күз"майрамы болуп өттү
Берекеге бай, токчулукка мол, жаратылыштын ажайып мезгили болгон күз мезгилинде Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде "Алтын күз" майрамы болуп өттү. Күз майрамында 8-9- класстын окуучулары арасында даам даярдоо, күзгү пейзажды сүрөткө чагылдыруу, фантазиялары менен күзгү композиция түзүү, аны коргоп берүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышты. Жаратылыштын сыйкырдуу күчү жан- дүйнөнү аралап, көз тойгус кооздугу, берекеси менен жылуулук тартуулап турганын, алтын күздүн коркомдугун ыр саптары менен даназалашты. Лицей мугалимдери окуучуларга табияттын коңур күздөгү молчулук, токчулук болуп, дасторкондо дүйүм жер-жемиштер толуп турганын түшүндүрүп, ырларды көркөм айттырышты. Манастын 6- осуятында айтылгандай, балдар табигат менен таттуу мамиледе болууга, жаратылышка аяр мамиле жасап, аны көздүн карегиндей сактоого тарбияланышты.

“Мугалим мөмөлүү дарак”
5-октябрь күнү лицей алдында линейка болуп өттү. Анда лицейибиздин сыймыктуу мугалимдери: Сагынбаева Мыскал жана Түлкүбаев Марсбек Талас шаардык мэриясынын "Ардак грамотасы" менен, Карабаева Замира, Атагулов Урустам жана Субанова Асель Талас Билим берүү усулдук борборунан "Грамота" менен, ошондой эле Сатыбалдиева Нурийза, Автандилов Сыргак аттуу мугалимдерибиз Талас район- шаардык билим берүү башкармалыгынын, Азамат Исманов профсоюз уюмунун "Ардак грамотасына", Нургүл Жанузаковна, Нурсултан Жороев лицейдин грамотасына ээ болуп, окуучулар арасында мекемеде линейка түзүлүп, официалдуу түрдө лицейдин директору: Момунбеков Станбек Жылдызович мугалимдерге куттуктоо сөзүн айтып сыйлыктарын тапшырды. Мугалимдерибизди жана лицейдеги ар бир ишкерди алган сыйлыктары кут болсун жана кийинки иш кадамдарына ИЙГИЛИК демекчибиз. Элина.

“Кыргызстандын 5 окуучусу Эл аралык сынакта жеңишке жетишти. ”
Лицей-комплекстин окуучусу Альбина Жакыпова Эл аралык Жеңиш майрамынын 75 жылдыгына арналган “Победа-одна на всех!” сынагында ийгиликти багындырып, диплом менен сыйланган. Кыргыз-Орус кызматташтык уюму тарабынан берилген жолдомонун негизинде Орусия мамлекетине барып, тарыхый-археологиялык жерлер менен таанышып келишти. Эске салсак 11 өлкөнүн 300гө жакын мектептеринен 9миңдей окуучу катышып, 35 жеңүүчү табылган. Кыргызстандын атынан катышып,төмөндөгү 5 окуучу ийгиликти багындырышты: алар - Альбина Жакыпова, Аймира Асанова, Ксения Беспалова, Илария Кулмашева, Алик кызы

“Эне-тил майрамы алгылыктуу өттү”
Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинде 23-сентябрь КР мамлекеттик тил күнүнө карата "Даңктайт сени эне тил" иш-чарасы болуп өттү. Кыргыз тил адабияты сабагынын мугалими Эдиса Кыдырмышова сөз сүйлөдү: Саламатсыңарбы балдар! Бүгүнкү Тил майрамы күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил, аны баарыбыз аздектеп,муундан муунга өткөрүүбүз зарыл. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай: "Тилсиз улут болбойт" Тил улуттун кубанса кубанычы, кайгырса-кайгысы дегендей тилибизди туу туталы! Аталган майрам адаттагыдай көңүлдүү майрамдалды. Максаты: Эне тилди сактоо, анын кадыр-баркын көтөрүү, эне тилдин өнүгүшүнө салым кошуу, тилди сүйүү , туура, көркөм сүйлөөгө үйрөтүү. Улуттук баалуулуктарыбызды таанытуу, даңазалоо, жайылтуу болуп саналат - дейт кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими.

“23-сентябрь Мамлекетик тил күнү”
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Бектур Исаковдун "Манас алиппеси" сабагы боюнча Талас облусунун жалпы билим берүү мекемелеринде жарыяланган үч айлыкка жигердүү катышкандыгы үчүн 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата 3-даражадагы Диплом менен Талас облустук чет тилдер лицей-комплекси сыйланды. Белгилей кетсек, мындан 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

“Дүйнөлүк тазалык күнү”
18-сентябрь күнү “Дүйнөлүк тазалык күнү” акциясынын алкагында лицей окуучулары менен ишембилик өткөрүлүп, шаар ичиндеги таштандылар тазаланды

“Биринчи коңгуроо кагылып, окуучулар алгачкы сабакка киришти”
15-сентябрь биринчи коңгуроо кагылып, лицей окуучуларын тосуп алды. Андан соң лицей мүдүрү сөз сүйлөп лицейдин тарыхына токтолду . Ата-энелер комитетинин атынан Гүлбар Жакыпова сөз сүйлөп лицей жамаатына жана окуучуларына ийгилик каалады

“Эл аралык илимий-практикалык конференцияда биздин мугалимдер жеңишке жетишти. ”
10-сентябрда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрында Талас (Атлах) салгылашуусунун 1270 жылдыгына карата “Талас салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси” аттуу эл-аралык илимий практикалык конференция болуп өттү. Конференция Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, билим берүү жана илим министрлиги, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, "Мурас” фонду, “Кыргыз тарых” коому, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу, Түркия Республикасынын Мармара Университети, “Айтыш” республикалык коомдук фонду, “Мурас кыймылы” коомдук бирикмеси жана Талас мамлекеттик университетинин биргелешкен иш аракетинин негизинде уюштурулду. Илимий конференция онлайн жана офлайн форматында өтүп ага бир нече мамлекеттин окумуштуулары катышты. Күндүн экинчи жарымында илимий практикалык конференция тарых жана булак таануу, археология, Талас салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси секцияларында ишин улантты. Лицейдин география мугалими Арслан Жекшенбеков доклад окуп, жыйынтыгында II орунга ээ болуп ДИПЛОМ менен ал эми жетектеген Акчал Атагулов ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ менен сыйланды.

“Предметтик стандарт боюнча дасыгуу курсу”
Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин (физика,математика,география) сабагынын үч мугалими предметтик стандарт боюнча кыска мөөнөттүк дасыгуу курсунан өтүп келишти.

“Англис тили ”
Бүгүн 10-июнда англис тили сабагынан Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация болуп жатат. Экзамен саат 9:00 башталды. Окуучулардын жыл бою тапшырган иштери комиссия мүчөлөрү тарабынан текшерилип жатат. 12:00до жыйынтыктарын окуучулардын алган баалары whats'app менен окуучуларга жеткирилет.

“NAMA фонду ”
XXI кылымдын мектеп жетекчиси кандай болуш керек? Бул багытта НАМА фондунун демилгеси жана колдоосу менен EDULEAD программасы Кыргызстандын 18 мектебинде анын ичинен лицей-комплексинде ишке ашууда. 14-15-май күндөрү NAMA фондунун өкүлдөрү биздин лицейдин турмушу, алдыга койгон стратегиялык пландары лицей жетекчисинин, мугалимдер жамаатынын жана окуучулардын аткарылган иштери, жетишкен көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат алып, ата-энелерден, бүтүрүүчүлөрдөн ж.б. анкетирлөө алышты. Түзүлгөн комиссия мугалимдердин сабактарына катышып, лицейдин иш-кагаздары менен таанышып, түзүлгөн программанын негизинде эки күн болуп жыйынтык чыгарышты.

#NAMAfoundation

#NICEKyrgyzstan

#Лицей_комплекс

#InvestmentForFutureSustainabilty

#EDULEAD

#21лидерыобразования

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы
"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы болуп өттү Бүгүн, 20-майда Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка облус боюнча 20 команда катышып орус тилдүү жана кыргыз тилдүү мектеп окуучулары күч сынашты. Иш чарага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова катышып, окуучуларга ийгилик каалап өттү. Жыйынтыгында Талас облусу боюнча төрт команда республикалык "Манас таануу" интеллектуалдык таймашына катышууга жолдомо алды.Талас облусунун республикалык таймашта намысын коргоо Бакай-Ата районунун Абдрахманов орто мектеби, Кара-Буура районунун Бабанов лицейи, Манас районунун Покровка орто мектеби жана Талас шаарынын №3 орто мектебинин командалары катышат. Иш чаранын соңунда командаларга "Ардак Грамоталар" жана атайын белектер тапшырылды.

“Китеп күнү ”
Бүгүн, 23-апрелде чет тилдер лицей-комплексинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнү белгиленүүдө. Иш-чараны лицей китепканачысы Нуриза Сатыбалдиева "Китеп менин жан досум" темасында уюштуруп, ага мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты. Жыйынтыгында, класстар арасында чыгармалардан онлайн сынак болуп жеңүүчүлөр куржун менен сыйланышты.

Лицей-комплексинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Исманов Ханс Зайделла фондунун ишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык катына татыды.

“NAMA фонду ”
#NICE Kyrgyzstan #NAMA фонду уюштурган #brightbootcamp лагерине 9-класстын тандалып алынган окуучулары активдүү катышууда.

“Лицей командасы жеңил атлетика боюнча мелдеште ”
Лицей командасы жеңил атлетика боюнча мелдеште, мектеп окуучулар арасында I орунду жеңип, кубок менен сыйланышты.

"Талас облусун келечекте кандай жол менен өзгөртө алабыз" дил баян жазуу конкурсунан, лицейдин 10"в"-классынын окуучусу ll орунга татыган Масалбеков Кылымбек эмеректин бирине ээ болду. Сынакты "Элмурас эмерек салону" 4-25-январь аралыгында уюштурган.

Өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. "Эрте никеге туруунун кесепеттери" аталышында тегерек стол болуп өттү

“Англис тили жумалыгы ”
Биздин лицейде дүйшөмбү, 8-февралдан тартып “Англис тили” жумалыгы башталды. Анда бир аптада өтүүчү иш-чаралардын атайын программасы түзүлгөн. Аталган жумалык азыркы тапта кызуу жүрүп жаткан маалы. Аны ийгиликтүү аяктаган мугалим жана окуучуларга кызыктыруучу белектер камдалган. Жыйынтыгы жума күнү чыгарылмакчы.

“ Алымкулова Гульжамал Бекболсуновна ”
Алымкулова Гульжамал Бекболсуновна 28-жыл пед.стаж лицей-комплексинде тарых, адам жана коом сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн тарых усулдук бирикмесин жетектеп келет. 7-19-декабрь аралыгында Талас областтык билим берүү усулдук борбору менен бирге облустун мугалимдерине “Тарых предметин окутуунун теориясы жана методикасы” деген курста онлайн лекция окуду. Ага облустун мектептеринен 25 мугалим катышты.

“ Манас эпосу тууралуу пикир ”
Бүгүн, 16-январда мамлекеттик китепкананын директору Койчуман Момункулов жана Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Момунбаева Нуркан келип, лицей окуучулары жана мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Иш чарага лицей мүдүрү жана мугалим, окуучулары катышып "Манас эпосу" тууралуу пикир алмашты. Белгилей кетсек, лицейде 11-январь күнү "Бир адамдан бир китеп" аталышында китеп чогултуу акциясы уюштурулган. Бүгүнкү күндө окуучулар парламенти тарабынан маанилүү китептер чогултулууда.

«Ыйык Ата Журт Талас»
«Ыйык Ата Журт Талас» коомдук жаштар фонду тарабынан, өлкөбүздө китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулган “Китеп окуу көп максаттын ачкычы” деген атылышта «Убакытты башкаруу» китеби боюнча конкурс уюштурулду. Сынак 25-декабрь күнү саат 11:00 до ТалМУнун Жаштар борборунда өткөрүлдү. 10 “в” – классынын окуучусу Сыдыгалиева Алия жана 9-классынын окуучусу Кутболдиева Азиза активдүү катышып, сертификатка ээ болду. — с Рахатом Сыдыгалиевым.

“ Аскерге чейинки даярдоо боюнча лицей-комплексиндеги жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатында мелдеш өткөрүлдү. ”
Аскерге чейинки даярдоо боюнча лицей-комплексиндеги жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатында мелдеш өткөрүлдү. Максаты: -Жаштарды аскерге чейин дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгып турууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарын чыңдоо; -Жаштарды жалпы массалык спорттук машыгууга көнүктүрүү, аларды, ийкемдүүлүк жана сергектик деңгээлдеринин жогорулашын күчөтүү; -Окуучулардын ден соолугун чындоо, спорттук чеберчилигин өркүдөтүү. Мелдешти уюштуруучулар -Дене тарбия мугалимдери; Аманов К. Мамбетов Б. Жуманазаров А. - АЧД мугалими; Түлкүбаев М. 3.Мелдештин програмасы 1.Күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр; -турнике тартынуу (команда курамында, спорттук кийимдер) 2. 100 метрге чуркоо. (команда курамында, спорттук кийимде). 3.Команданын курамында 1000 метрге чуркоо 4.Автоматты чачуу жана кайра куроо. 5.Алыстыкка граната ыргытуу. 4.Мелдешти өткөрүүнүн шарттары жана команданын курамы. Команданын курамы 8 окуучу, баары уландар. Мелдешке 9-10-11-класстын окуучулары катышты.

“ Ак калпак күнү. ”
Бүгүн лицейибиздин аянтында жылдагыдан да шаңдуу, жандуу уюштурулган “Ак калпак күнү” белгиленди. 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жаткан бул майрам, бир эле борбор калаада да эмес Кыргызстандын башка аймактарында да уюштурулуп, өткөрүлдү. Ал эми кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары балоо максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.

“ 19-декабрь күнү лицейде "Суроо берүү стратегиялары" аталышында "ЦУЗ, SMART" боюнча семинар өтүлдү. ”
Облустук методикалык борбордун усулчусу Аттокурова Жылдызай, лицейдин окуу бөлүмүнүн башчысы Исманов Азамат жана тарых сабагынын мугалими Мамытова Салтанат уюштурушуп, мугалимдерге кеңеш беришти. #NAMA фондунун EduLEAD программасынын алкагында өтүлгөн семинарга лицей мүдүрү жана мугалимдери активдүү катышышты. «Ыйык Ата Журт Талас» коомдук жаштар фонду тарабынан, өлкөбүздө китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулган “Китеп окуу көп максаттын ачкычы” деген атылышта «Убакытты башкаруу» китеби боюнча конкурс уюштурулду.

Сынак 25-декабрь күнү саат 11:00 до ТалМУнун Жаштар борборунда өткөрүлдү. 10 “в” – классынын окуучусу Сыдыгалиева Алия активдүү катышып сертификатка ээ болду.

Cүрөттөр

“ Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 2020-2021-окуу жылындагы 3-декабрь «Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө” карата өткөрүлгөн иш-чарасынын отчету”

1. Жылдагыдай эле 3-декабрга карата лицей администрациясы жана өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан кайрымдуулук кутучасы уюштурулду;

2. Лицей жамааты (мугалимдер жана окуучулар) колдорунан келген жардамдарын (акчалай) беришти;

3. 3-декабрь күнү кутуча ачылып, чогулган каражатка “ТЕҢИР КОЛДО” мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борборундагы балдарга белектер тапшырылды;

4. Лицей администрациясы тарабынан уюштуруучу Түлкүбаев Марсбек жана өзүн-өзү башкаруу уюмунун көрүнүктүү мүчөлөрү коштогон топ мүмкүнчүлүгу чектелген балдар менен жолугушуп, белектерин тапшырышты;

“ Аскерге чейинки даярдоо боюнча лицей-комплексиндеги жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатында мелдеш өткөрүлдү.”

Максаты:

-Жаштарды аскерге чейин дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгып турууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарын чыңдоо;

-Жаштарды жалпы массалык спорттук машыгууга көнүктүрүү, аларды, ийкемдүүлүк жана сергектик деңгээлдеринин жогорулашын күчөтүү;

-Окуучулардын ден соолугун чындоо, спорттук чеберчилигин өркүндөтүү.

Мелдешти уюштуруучулар

-Дене тарбия мугалимдери; Аманов К. Мамбетов Б. Жуманазаров А.

- АЧД мугалими; Түлкүбаев М.

Мелдештин програмасы

1.Күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр;

-турнике тартынуу (команда курамында, спорттук кийимдер)

2. 100 метрге чуркоо. (команда курамында, спорттук кийимде).

3.Команданын курамында 1000 метрге чуркоо

4.Автоматты чачуу жана кайра куроо.

5.Алыстыкка граната ыргытуу.

1-орун 11"а"-класс

2-орун 11"б"- класс

3-орун 11"в"- класс

“ Лицей-комплексинин биринчи линейкасы”

Cүрөттөр

“Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 2020-2021-окуу жылындагы 4-декабрда Манас Атанын тоюна арналган иш-чарада лицей окуучулары активдүү катышышты”
Манас күнү иш-чарасы Семетейдин Таласка келиши менен башталды. Бүгүн, 4 -декабрь күнү Манас Ордо комплексинде Манас күнү салтанаттуу ачылды. Ага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты. Иш - чара "Семетейдин Таласка кайтып келиши" театрлаштырылып коюлду.Манас айтуу бир суткага уланып, 5 - декабрь күнү саат 11:00 дө аяктады

1. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н.Кадырбеков, К.Иманалиевдин катышуусу менен КРнын Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде 4-декабрда 2020-жылы Манас күнү майрамдык иш-чарасы болуп өттү.

2. Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын артисттери менен биргеликте, чет тилдер лицей-комплексинин 11а-11в-класстарынын окуучуларынын катышуусунда “Семетейдин таласка келиши” аттуу чакан спектакль көрсөтүлдү.

3. Чет тилдер лицей-комплексинин театр таануу ийримине катышып окуп жаткан 11-классынын активдүү кыздар-балдары өздөрүнө таандык образдарын ийгиликтүү аткарып, жалпы элдин купулуна толуп, ыраазычылыктарына ээ болушту.

• Керимбеков Мурат 11в-класс

• Бекешов Нурлан 11в-класс

• Турсунканов Бекзат 11а-класс

• Талантбеков Баяман 11а-класс

Семетейдин жоокер баатырларын ийгиликтүү аткарып беришти.

4. Кылымдап келе жаткан кыргыздын оюндарынын бири топ-таш оюнуна:

• Айдарбекова Тунук

• Малабек к Жамиля

• Өмүрбекова Айдай

• Кадырбаева Айжамал

Абдан жакшы катышып, элдин купулуна толду.

5. Сыдыков Кулмат, Манас таануу ийриминин мугалими, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 11-классынын Манас ийримине катышкан төмөнкү окуучуларды, күн-түн манас айтуу бөлүмүндө аткарышты:

• Аманбекова Адиана 11в-класс

• Эгембердиева Сабина 11а-класс

• Абжалбекова Айзат 11а-класс

• Эгембердиева Нагима 11а-класс

• Молдаалы к Айдана 11а-класс;

6. 4-5-декабрда,тандалган окуучулар,Манас Атанын тоюна арналган Эл аралык деңгээлдеги өткөрүлгөн иш-чарага активдүү катышышты;

Cүрөттөр

"Флекс программасын максаты эки өлкө ортосундагы маданият алмашуу. Келечектеги мобилдүүлүк тажрыйба топтоочу окуучулардын программасы"

"FLEX- Future Leaders EXchange." Кыргызча которулушу- Келечектеги лидерлердин алмашуусу. 2020-2021-окуу жылында программа өзгөчөлөнүп онлайн түрүндө, сынак сентябрь айында жалпы 3 тур болду. 1-турда 14жаштан 16 жашка чейинки баардык окуучулар катыша алышты. Андан соң 2-тур октябрь айында баардык катышуучуларга өткөрүлдү. Декабрь айында эксперттер тарабынан 1-2-турларынын полуфиналисттери тандалып алынды. Негизинен Талас облусунан 28 окуучу полуфиналист болууга үлгүрдү, алардын экөөсү лицей окуучулары Саякбаева Улара жана Чөйрөбаева Акылай. Бүгүнкү күндө 3-тур дагы аяктап калды. Жазында апрель айларында жыйынтыктар чыгып, чет өлкөгө программанын негизинде жеңген окуучулар барып келишет. Жогорудагы лицей окуучулары төмөндөгү талаптарды так аткарышты 1) Интервью 2)Үч темага эссе 3)Англис тил деңгээлин текшерүүчү тест.

2. NAMA фонду боюнча

NAMA фонду Талас облустук чет тилдер лицей-комплексине 6 даана ноутбук белек кылды. Фонд менен кызматташуу лицейдин өнүгүүсүнө болгон өзгөчө кадам! Бул берилген ноутбуктар карантин учурунда, онлайн окууга өзүнүн салымын кошуп, лицей жамаатына бир топ жеңилдиктерди жаратууда. Лицей жамаатынын атынан ыраазылык билдиребиз!

“Сыйлык-сыймык”

13-ноябрда жаш өспүрүмдөр жана мектеп окуучулары арасында кылмыштуулукту, укук бузууларды алдын алууда, кылмыштуулука каршы күрөшүүдө кошкон зор салымы үчүн лицей-комплексинин мүдүрү Момунбеков Станбек Жылдызович жана социалдык педагогу Давлеталиева Раида Акылбековна Талас областтык ички иштер башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

"Мугалим мөмөлүү дарак"

5-октябрь “Мугалимдер күнү” жыл сайын белгиленип келет. Мугалимдердин майрамын лицей мүдүрү Момунбеков Станбек агай кесиптик майрамы менен куттуктап иштерине ийгилик каалады. “Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип,шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, жатасыздар. Өлкөнүн келечеги сиздердин ишиңиздерден көз каранды”, - деди мүдүр. Андан кийин Станбек Момунбеков билим берүү кызматкерлеринин алдыңкы мугалимдерине сыйлыктарды тапшырды. Талас шаардык мэриясынын жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен Көчөрбаева Чинара Чаткалбековна Сулайманов Нурбол Тынарбекович сыйланды. Талас райондук,шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы менен Жекшенбеков Арслан Таалайбекович сыйланды. Талас облустук билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен Сүйүнтбекова Мээрим Максатбековна сыйланды Лицей-комплексинин Ардак грамотасына Жуманазаров Атагул Асанкулович, Субанова Асель Тилековна жана Автандилов Сыргак Автандиловичтер ээ болушту. Мугалимдер жөнүндө учкай сөздөр Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим.(А.Дистерверг) Ким эскинин аңдап-билсе,андай адам мугалим боло алат. (Конфуций) Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И.Гете) Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В.Ключевский) Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р.Эмерсон) Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим. Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим. ( Л. Толстой)

“Карысы бардын ырысы бар”

26-Сентябрь күнү, карыларга арналган иш-чара өткөрүлдү.Буга лицейдин окуучулар курамынан турган өзүн өзү башкаруу түзүмүнүн мүчөлөрү жана уюштуруучу Марс Түлкүбаев менен биргеликте, шаарыбыздагы карылардын үйүн жыйнап,эшиктин алдын тазалап беришти. Бул 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулду. Талас шаарынын тургуну, лицейдин ардагер мугалими Акчал Атагулов агайыбызды сөзгө тартканыбызда мындайча жооп берди. - Бул иш-чара бизге абдан жагып жатат. Карыларга жардам берүү бул ар бирибиздин милдетибиз деп ойлойм.Мындай иш-чаралар дагы болуп турсун деп айта кетем. Бул балдардын ынтымагын, боорукердигин билгизет. Окуучуларга кааларым окууларына ийгилик жана ар дайым ынтымакта болушсун. Бул иш чара боюнча биздин берген суроолорубузга Марс Түлкүбаев мындайча жооп берди: - Лицей окуучуларынын түзүмү карылар күнүнө карата иш-чараны жылына карыларга жардам көрсөтүп келишет. Бул иш-чаранын максаты кары адамдарга жардам берүү болуп эсептелет. Мындай аракеттер дагы болот деген ойдомун. “Карысы бардын ырысы” бар демекчи карыларды сыйлайлы жана урматтайлы.

"Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата төмөнкүдөй иш -чаралар өткөрүлдү. "

1. 22-сентябрда 8-9-10-11-класстарга кураторлор тарабынан “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген темада класстык, тарбиялык сабактар өткөрүлдү. 2. 23-сентябрда 8-9-10-11-класстар арасында“Эне тилим-эне сүтүм, бакытым, Эне тилим түгөнбөгөн байлыгым” деген темада слайд жасоосынагы болуп өттү. Жыйынтыгында “эң жакшы” слайд үчүн 11а-классы грамотага ээ болсо, “жакшы” слайд үчүн 11в-классы ыраазычылк катка татыктуу болду. 3. 24-сентябрда “Тилим менен улутмун” аттуу темада ыр жазуу конкурсу(окуучулардын өз калеминен жаралган ырлар) болду. Эң жогорку деңгээлде ыр жазып, слайд менен көркөм окуп бергендиги үчүн 9в-классынын окуучусу Нармурзаева Жанара грамота менен сыйланса, “жакшы” ыры үчүн 11а-классынын окуучусу Эгембердиева Нагимага ыраазычылык кат ыйгарылды. 4. 25-сентябрь “Улут болсом, тилим менен улутмун”. Тил жөнүндө ырларды көркөм айтуу сынагы уюшулду. Сынак төмөнкүдөй жыйынтыкталды: “эң жакшы” көркөм окугандыгы үчүн 10а-классынын окуучусу Таалайбек кызы Ажар грамотага ээ болсо, “жакшы” окугандыгы үчүн 11в-классынын окуучусу Арыстанбеков Айтбекке ыраазычылык кат берилди. 5.Кыргыз тилчилер жана китепканачы тарабынан “Эне тил эл жараткан адабият,Эне тил эң негизги маданият” аттуу бурч уюштурулду. Кыргыз тилчилер:К. Мамбеталиева Э. КыдырмышоваЧ. Көчөрбаева



     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     


 

© Талас облустук чет тилдер лицей- комплекси
Кыргыз Республикасы
Талас областы
Талас шаары
Байгабылов көч.№12
тел : (03422) 6-10-30; 5-37-88
E-mail: lyceum_komplex@mail.ru

Сайт Талас облустук чет тилдер лицей- комплексинин окуучулары тарабынан дайындалды.