Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тема: КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ТАМАК-АШТАРЫ ЖАНА МЕЙМАН ДОСТУГУ

1. Сабактын темасы: Үй-бүлө - адептүүлүктүн башаты.

2. Сабактын максаты:

  • Билим берүү: Окуучуларга үй-бүлөнүн коомдук, социалдык жана адеп-ахлактык мааниси жөнүндө түшүнүк берүү.
  • Тарбиялык: Окуучуларды үй-бүлөлүк биримдикке, ынтымакка ата-энесин, бир туугандарын урматтап сыйлай билүүгө тарбиялоо.
  • Өнүктүрүү: Окуучулардын сынчыл ойломдорун өнүктүрүү жана аларды топтордо иштей билүүгө үйрөтүү.

3. Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү.

4. Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

5. Сабактын жабдылышы: Үй-бүлө ( чийме) ватман, маркер, макал-лакаптар жана сабакка тийиштүү сөздөр жазылган плакат.

6. Сабактын жүрүшү.

1- кадам (3 мин)

Уюштуруу.

1. Окуучуларды тактоо.

2. Класстык кабинетти сабакка даярдоо

3. Окуучуларды 4 топко бөлүү.

2- кадам (2 мин)

Акыл чабуулу.

1. Үй-бүлө деген эмне?

2. Үй-бүлө кандай түрлөргө бөлүнөт?

3. Үй-бүлөнүн курамы кимдерден турат?

3- кадам (7 мин)

Үй-бүлө деген чийменин негизинде мугалимдин кыскача баяндамасы.

Бүгүн биз сабакта үй-бүлө жана анын түрлөрү жана үй-бүлөнүн мүлкүн мурастоонун жолдорун үйрөнөбүз.

Үй-бүлө ыктыярдуу никеде негизделген адамдардын майда топтору. Үй –бүлө мамлекеттин ячейкасы Үй кирпичтерден куралган сыяктуу үй-бүлөдөн мамлекет куралат. Үй - бүлөдө мамлекеттин келечектеги жарандары өсүп тарбияланат.

Социалдык курамы боюнча үй-бүлө толук эмес үй-бүлө, өзөк үй-бүлө, чоң үй-бүлө деп бөлүнөт.

Толук эмес үй-бүлөгө атасыз же энесиз жашап жаткан үй-бүлөлөр кирет. Балалуу болуунун каалабаган, кааласа да мүмкүнчүлүгү же шарты жок жубайлар бар. Андайлар өзөк үй-бүлөнү түзүшөт. Чоң үй-бүлөдө кайната, кайнэне, уул-келини, уул, кыздары, небере чөбөрөлөрү бирге жашашат. Үй-бүлө коомдо жеке, социалдык, экономикалык функцияларды аткарат. Жеке функцияга тукум улоочулук, социалдык функцияга балдарды турмушка аралаша билүүгө тарбиялоо, экономикалык функцияга турак-жай күтүү, тамак-аш, кийим-кече табуу сыяктуу иш аракеттер кирет.

Аял эркек баш кошуп никелешүүгө чечим кабыл алгандан баштап үй-бүлөлүк турмушта никенин мааниси чоң. Бирок нике ар кайсы элдердин ар кандай түрдө болушу мүмкүн. Моногамия никенин кеңири таралган түрү. Мындай нике бир эркек бир аялдан турат. Полигамияда бир эркектин көп аял менен никеде жашоосуна жол берилет. Полиандрия бир аялдын бир эле учурда бир нече эркектер менен никеде турушу. Левират эркектин бир тууганынын жесирине үйлөнүшү. Сорорат эркектин балдызына үйлөнүшү. Инцест- кандаш туугандардын никелешүүсүнө тыюу салуу. Мындай мамиле дээрлик бардык элдерде байкалат.

Ар бир ата-эне өзүнүн байлыгына жараша балдарына энчи же мурас калтырат. Майорат - үй-бүлөлүк менчиктин улуу балага гана мурасталышы. Минорат - үй-бүлөдөгү менчиктин кичүү балага мурасталышы. Патерлиния - үй-бүлөдөгү менчиктин эркек балдарга гана мурасталышы.

Сүйүү, сыйлоо, сабырдуулук, ишеним, ынтымак, милдет, жоопкерчилик үй-бүлөнүн бирден-бир адеп ахлактык дөөлөтү болуп эсептелет.

4-кадам (3 мин)

Окуучуларга төмөндөгү таблицаны өз алдынча толтуруну сунуш кылуу. Белгиленген убакыт аяктагандан кийин аткарган тапшырмасын 3-4 окуучуну жалпы топко угуза окутуп көрүү.

№ Аталышы. Аты

1 Чоң атам

2 Чоң энем

3 Атам

4 Апам

5 Агам

6 Жеңем

7 Эжем

8 Сиңдим

9 Карындашым

10 Иним

5- кадам (15 мин)

Ар бир топко бирден суроо берип, берилген суроого биргелешип жооп жазууну жана белгиленген убакыт бүткөндөн кийин ар топтон бирден окуучу чыгып презентациялоосун сунуштоо

1. Топ: Ата-энелер балдарына кандай мамиле жасоого тийиш?

2. Топ: Ата-энелер балдарына кандай мамиле жасабоого тийиш?

3. Топ: Балдар ата-энесине кандай мамиле жасоого тийиш?

4. Топ: Балдар ата-энесине кандай мамиле жасабоого тийиш.

Окуучулардын жооптору

1-топ.

Ата-энелер балдарына кандай мамиое жасоого тийиш?

• Багыш керек.

• Ден-соолугуна караш керек.

• Кийиндирип тамактандырышы керек.

• Эс алуусуна шарт түзүшү керек.

• Тарбиялаш керек.

• Билим алышына шарт түзүшү керек.

• Жүрүш турушуна, окуусуна көз салыш керек.

• Баласынын мугалимине, досторуна, классташтарына жакшы мамиле жасаш керек.

2-топ.

Ата-энелер балдарга кандай мамиле жасабоого тийиш?

• Урбаш, тилдебеш керек.

• Бейчеки жемелебеш керек.

• Обу жок эркелетпеш керек.

• Мугалимине, досторуна, классташтарына уят кылбаш керек.

3-топ.

Балдар ата-энесине кандай мамиле жасоого тийиш.

• Ата-энесин сыйлаш керек.

• Ар дайым айтканын угуп тил алыш керек.

• Ата-энесине жардам бериш керек.

• Ата-энесин кейитип капа кылбаш керек.

• Ата-энесинен уруксатсыз эч жакка барбаш керек.

4-топ.

Балдар ата-энесине кандай мамиле жасабоого тийиш.

• Ата-энесине орйлонбош керек.

• Эл алдында ата-энесин уятка калтырбаш керек.

• Кежирленбеш керек.

• Тентектик кылбаш керек.

• Ата-энени бейчеки кыйнабаш керек.

6-кадам (2 мин)

Оюн

Оюн мында окуучулар өздөрү көргөн 7 жаныбарлардын атын жазышат. Мугалим 1 же 2 окуучуну окутуп көрүп fysy үйүндөгүлөргө жасаган мамилесин аныктайт.

1. Атасына

2. Апасына

3. Агасына

4. Жеңесине

5. Эжесине

6. Сиңдисине (карындашына)

7. Инисине

7-кадам (3 мин)

Макал-лакаптарды талкулоо

Куш уядан эмне көрсө учканда ошону алат

Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат.

Ата-аска зоо, эне-мөлтүр булак, бала-шам чырак.

8-кадам (3 мин)

Окуучуларды «Эсиңде болсун» деген адеп ахлактык эрежелер менен тааныштыруу.

1. Ата-энеңе акарат айтпа.

1. Ата-энеңдин айтканын эки кылба.

2. Тамакка ата-энеңден мурда озунуп кол сунба.

3. Ата-энеңдин жеңилин жерден, оорун колдон ал.

4. Жасаган тамагыңдан алдын ала ата-энеңе ооз тийгиз.

5. Калп сүйлөп эч качан ата-энеңди алдаба.

6. Ата-энеңден озунуп сөз сүйлөбө. Сөзүн бөлбө.

7. Ата-энеңден саламыңды жазба.

8. Ата-энеңдин ден-соолугун дайыма сурап тур. Сыркоолосо жардамыңды аяба.

9. Бардык жакшы буюмду ата-энеңе арна.

10. Тийиштүү майрамдарда ата-энеӊе белек берип турууну унутпа.

11. Иштеп тапканды алгач ата-энеңе алып келип

12. Карып калган ата-энеңди кароосуз калтырба.

13. Ата-энеңди бөөдө убара кылба.

14. Ата-энеңди бейчеки капа кылба.

9-кадам (5 мин)

Рефлекция

1. Үй-бүлө кандай түрлөргө бөлүнөт?

2. Үй-бүлөнүн кандай функциялары бар?

3. Никенин кандай түрлөрү бар?

4. Кандаш бир туугандардын баш кошуусуна эмне үчүн жол берилбейт?

5. Энчи менен мурастын кандай айырмасы бар?

10-кадам (2 мин)

Баалоо.

1.Сен өз тобуӊа кандай салым коштуӊ?

2.Бүгүнкү сабакта сага кайсы топтун жана кимдердин жообу айрыкча жакты? Эмне үчүн?

3.Бүгүнкү сабакта сен өзүӊө эмне ала алдыӊ?

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.