Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Үй-бүлө - адептүүлүктүн башаты.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Cабактын темасы: Жусуп Баласагын.

2.Сабактын максаты:

а).Билим берүүчүлүк: Окуучулар Жусуп Баласагындын өмүрү жана «Кутадгу билиг» аттуу чыгармасынын маани маӊызы тууралуу билимдерге ээ болушат.

а).Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо. Чакан топтордо иштей билүүгөүйрөтүү.

б).Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Билимге болгон кызыгуусун арттыруу.

3.Сабактын тиби: Аралаш сабак:

4.Сабакты өтүүнүн формасы: Салттуу сабак.

5.Сабакта колдонулуучу усулдар: Иллюстративдик усул, анализ, синтез, интерактивдүү усул.

6.Предметтер аралык байланыш: Адабият, география.

7.Сабактын жабдылышы: Жусуп Баласагын буклет, таяныч конспекти, «Куттуу билим», Кыргызстан X-XIIкк. карта.

8.Сабактын жүрүшү:
1).Окуучулардын сабакка катышуусун тактоо (1 мин.)
2).Класстык кабинетти сабакка даярдоо (1 мин.)
3).Үйгө берилген тапшырманы бышыктоо (6 мин.)

4).Жаӊы теманы өздөштүрүү.

1-кадам

, чакыруу (1 мин.)

Суроолор.
1.Караханийлер кагандыгы кайсы кылымдарга таандык?
2.Баласагын шаары кайсы аймакта жайгашкан?
3.Жусуп Баласвгын тууралуу эмнелерди билесиӊер7

2-кадам

, окуучуларды сабактын максатын, милдетин менен тааныштыруу жана аларды чакан топторго бөлүү (3 мин.)

Мугалим: Эмесе биз бүгүн Жусуп Баласагын деген теманы окуп үйрөнөбүз. Бул сaбакта Жусуп Баласагындын өмүрү, чыгармачылыгы менен таанышып, анын «Кутадгу билим» атуу чыгармасынын маани мазмуунуна токтолобуз. Сабакта үзүрлүү иштеш үчүн алгач саноо жолу менен 4 топко бөлүнүп ар бир топко ат койюп алышыбыз керек.
1-топ Адилет.
2-топ Дөөлөт
3-топ Акыл
4-топ Каниет

3-кадам

, жаӊы теманы баяндоо (112 мин.) Баяндоо таяныч конспектинин негизинде жүргүзүлөт.

Мугалим: Караханийлер кагандыгынын доорунда Борбордук Азия элдеринин руханий маданияты жаӊы баскычка көтөрүлгөн. Жусуп Баласагын ошол доордогу чыгаан окумуштуу, ойчул жана мамлекеттик ишмерлердин бири болгон. Ал болжол менен 1015-жылы Караханий кагандыгынын ири саясий, маданий борбору болгон Баласаган шаарында туулган.

Тектүү ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүнөн болгондуктан ал туулуп өскөн шаарынан эӊ сонун билим алган. Жогорку билимдүү аалым, мыкты акын, ойчул, араб, парс поэзиясы менен түрк фолькулорунун сырларын ийне жибине чейин билген. Математикадан, астрономиядан, медицинадан, шахматтан, элдик оюндардан, аӊчылыктан жетиштүү маалыматы болгон.

Өз мезгилинде өзгөчө таланты, билими менен элге таанымал болгондуктан аны туулуп өскөн шаарынынын атыннан Баласагундук Жусуп деп аташкан.

Кашкар шаары ошол мезгилде караханийлер чөлкөмүнүн маданий турмушунда чоӊ рол ойногондуктан Жусуп Баласагын 1068-жылы Кашкар шаарына келип «Кутадгу билик» дастанын жаза баштаган. Ал чыгармасын 1070-жылы 18 айда жазып бүтүп аны Кашкар шаарынын башкаруучусу Товгач Буура Карахан Абу-Али-хасанга тартуулаган. Ал дастандын маанисин жогору баалап акынга «Улуг Хасс-Хажиб» деген наам берген.

«Кутту билим» дастаны 13444 саптан турат. Анын негизги идеясын автор өзү белгилегендей негизги төрт каарман түзөт.
Күнтууду – Адилет өкүмдар.
Айтолду – Өкүмдар увазир.
Адилмиш – Акыл кеӊешчи.
Өткүрмүш – Каниет кызматкер.

Чыгармада акын өз доорундагы коомдук түзүлүштү, социалдык топтордун ээлеген орду, өлкөнү кантип башкаруу, кантип саясат жүргүзүү, жүрүм-турум жөнүндө баяндайт. Дастан тарыхый этнографиялык, лингвистикалык, социологиялык ж.б. энциклопедиялык маалыматтарды камтыйт.

Жусуп Баласагундун «Куттуу билим» дастаны арап жазмасы менен эне тилинде (кыргыз-түрк) тилинде жазылган. Бүгүнкү күндө анын үч нускасы сакталып калган.

Герат нускасы 1439-жылы Түндүк Авганистанда Герат шаарында уйгур жазмасы менен даярдалып азыр Австрияда Вена шаарында сакталуу.

Каир нускасы XIV-кылымдын биринчи жармында араб жазмасы менен даярдалган. Бул нуска 1886-жылы немис окумуштуусу Б. Морин тарабынан табылган. Анын сүрөт көчүрмөсүн 1896-жылы академик В,В,Радлов Петербруг академиясынын Азия музейи үчүн атайын алдырган. Азыр ал Россия ИА академиясынын чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербругдагы бөлүмүндөгү кол жазмалар фондунда сакталууда.

Наманган нускасы XII кылымдын аягында XIII_кылымдын башында араб тамгасы менен көчүрүлгөн. Бул нусканы 1918-жылы А,З,Валидов Мухаммед Хожо Эшен Лолояршныстаиттин өздүк китепканасынан тапкан. Кол жазма жоголуп кетип, өзүбек окумуштуусу Фитират 1925-жылы кайра тапкан. Учурда ал Өзүбекстан ИАнын кол жазмалар фондунда Ташкент шаарында сакталган.

4-кадам

, ЖусупБаласагындын «Куттубилим» дастаныныннегизиндеокуучуларгатапшырмаберүү (10 мин.)

Адилет тобу.

Жусуп Баласагын тил тууралуу эмнелерди айткан?

Дөөлөт тобу.

Жусуп Баласагын окууга, билимге кандай маани берген?

Акыл тобу.

Жусуп Баласагын дыйкандарды кандай баалаган?

Каниет тобу.

Жусуп Баласагын соодагерлерге кандай мамиле кылуу керектигин айткан?

5-кадам

, презентация (6 мин.)

6-кадам

, окуучуларга Жусуп Баласагын тууралуу синквейн түзүүнү сунуштоо жана айрымдарын окутуп көрүү (5 мин.)

7-кадам

, кайтарым байланыш (5 мин.)

Билчимүн.

Жаӊы билдим

Билгим келет

8-кадам

, калыптандыруучу баалоо. (1 мин)

9- кадам

, үйгө тапшырма. (1 Мин)

Жусуп Баласагын тууралуу эссе жазып келүү.

10-кадам

, сабакты жыйынтыктоо (1 мин.)
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.