Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Сабактын темасы: Барсбек – Кыргыз каганы.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар VII к. акырындагы Борбордук Азиядагы эл аралык кырдаал, Кыргыз каганы Барсбек жана анын жүргүзгөн тышкы саясаты жөнүндө билишет.
  2. Ата Мекенди ыйык тутуп сактоого, өздөрүндө адамдык жакшы сапаттарды калыптандырууга, бири-бирин сыйлоого, жоопкерчиликке, эмгекчилдикке тарбияланышат.
  3. Өз алдынча, топтордо жана түгөйү менен иштөө, ой жүгүртүү, эске тутуу, ооз эки айтып берүү, салыштыруу, презентациялоо, баалоо көндүмдөрүн өркүндөтүшөт.

Сабактын жабдылышы: «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы» 6-класс үчүн окуу китеби. ТСО, карта, ватман, фломастер, сүрөттөр.

Сабактын предмет аралык байланышы: Кыргыз адабияты, сүрөт, музыка.

Сабактын тиби: Аралаш сабак.

Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Жагымдуу маанай түзүү; 1 ден 3 кө чейин санатуу жолу менен окуучуларды 4 топко бөлүү; алтын эрежелерди эске салуу; баалоо баракчасын таркатып берүү (3 мин.)

Үй тапшырмасын бышыктоо: (2мин.)

Тест:

    Кыргыздар Эне-Сайга журт которушкан.


    а) б.з.ч. I к. б) б.з.ч. V к. в) Vк. г) VI к.

    Эне-Сай Кыргыхдарынын өз алдынча мамлекети түзүлгөн.


    а) IV к. б) V к. в) VI к. u) VII к.

    Тан династиясы түрк элдеринин мартабалуу төбөлдөрүнө даража берүүдө кандай максатты көздөгөн.


    а) Аларды өздөрүнө тартуу.
    б) Аларды бийликке аралаштыруу.
    в) Алардын чек арасын коргоо.
    г) Аларды алсыратуу.

    Эне-Сай Кыргыз мамлекетинин эл аралык карым-катнаш түзүүсү кандай максатты көздөгөн?


    а) Эл аралык соодоны чыӊдоо.
    б) Экономикалык байланыштарды өнүктүрүү.
    в) Өлкөнүн саясий таанылуусуна жетишүү.
    г) Маданий байланышты чыӊдоо.

    Улуу Түрк кагандыгы түзүлгөн.

    а) 542-ж. б) 552-ж. в) 603-ж. в) 711-ж.

    Жаӊы теманы өздөштүрүү:

    а) Окуучуларды сабактын темасы, максаты жана милдеттери менен тааныштыруу. Топторго тапшырма берүү. Берилген тапшырманы аткаруудан мурда алгач окуу китебинин 18-параграфындагы текс менен таанышып чыгууларын сунуштоо. (10 мин.)


    1-топ. VII к.акырындагы эл аралык кырдаал.
    2-топ. Барсбек Кыргыз каганы.
    3-топ. Үчилтик согуш ынтымагы.
    4-топ. Сунга токойундагы салгылашуу.

    б) Презентация. (10 мин.)


1-топ.

VII к.акырындагы эл аралык кырдаал.


630-681-жж. Чыгыш Түрк кагандыгы Кытайга көз каранды болуп келген. Кутлуг-чор жетектеген түрктөр К.ытайга каршы көтөрүлүшкө чыгып Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгын негиздешкен. VII к. акырында эл аралык кырдаал татаалданып мамлекеттердин Борбордук Азияда өз үстөмдүгүн орнотуу үчүн күрөшү күч алган. Бул күрөштө кыргыздар Чыгыш Түрк кагандыгынын эӊ күчтүү душманынын бири болуп калган. Муну Култегин ханзаадага арналган этеликтен даана байкасак болот. Анда «Тобгач каган жообуз эле, он ок эли жообуз эле, артыкча кыргыз каган күчтүү жообуз болду» деп жазылган.

2-топ.

Барсбек Кыргыз каганы.

Барсбек жаштайынан эле жетим калган, төрт биртууганы болгон. Ал үй-бүлөдөгү балдардын улуусу болгон эмес, бирок анын жеке сапаттарында лидерлик күчтүү болгон. Анын уруусун Умай-Эне колдогондуктан барсбек жана анын туугандары Умай бек деген титулду алып жүрүшкөн. Барсбек ажо өзүнүн мамлекетинин күч кубатын арттырып Ынанчу Алп Билге каган деген титулга ээ болгон. Ал Борбордук Азияга үстөмдүк кылууга умтууп Чыгыш Түрк кагандыгын кармашууга чакырган. Түрк каганы Капаган анын чакыруусун кабыл алып 703-жылы аскерлерин жетектеп Кыргыз жерине келген. Бирок анын жортуулу ийгиликсиз аяктап, кыргыздардын эл аралык кадыр баркы өскөн.

3-топ.

Үчилтик согуш ынтымагы.

Барсбек Экинчи Түрк каганы Капагандын Баскынчылык саясатын алдын алуу үчүн кытайдын Тан династиясынын императоруна, Тибетке, Түргөш каганына эдчилерди жөнөтүп алар менен Экинчи Түрк каганына каршы союз түзүүгө аракеттенет. 709-жылы Кыргыз, Кытай, Түргөш согуштук күчтүүүч илтик ынтымак түзүлөт. Бул ынтымакты түзүүнүн демилгечиси Барсбек болгон.

4-топ.

Сунга токойундагы салгылашуу.

710-711-жылы кышында Экинчи Чыгыш Түрк каганы Тон-йокук башчылык кылган түрк аскерлери Саян тоосун ашып өтүп беймарал жаткан кыргыздарга капысынан кол салган. Кыргыздардын негизги күчтөрү талкаланып, Барспек аман калган колун сунга токоюна топтоп, катуу каршылык көрсөткөн. Салгылашуу бир жумага созулган. Түрктөр үстөмдөк кылып, кыргыздар толук кыйраган. Барсбек салгылашууда курман болгон.

в) Терминдер жана түшүнүктор менен иштөө. (5 мин.)

Мугалим окуучулардан сабакта кездешкен жаӊы сөздөрдү айтуусун суранат. Аларды доскага жазып 4 сөздү тандап 4 топко бөлүп алардын маанисин чечмелеп берүүсүн тапшырат. (6 мин.)

<>г) Мугалим жалпы топко Барсбек деген сөзгө синквейн түзүүнү сунуштайт. Айрым окуучулардын түзгөн синквейинин жалпы топто окутуп көрөт. (5 мин.)

д) Рефлекция (5 мин.)


 Жаӊы билдим.  Мурда билчимүн.  Кайчылаш ойлор.  Билгим келет.

Сабакты жыйынтыктоо (2 мин.)

  • Баалоо (2 мин.)
  • Үйгө тапшырма (1 мин.)
  • Окуу китебинен 18 параграфты окуп, жумушчу дептерди толтуруп келүү.

    веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.