Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Үй-бүлө - адептүүлүктүн башаты.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

1. Сабактын темасы: 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

3. Сабактын максаты:

а) Билим берүүчүлүк: Окуучулар улуттук-боштондук көтөрүлүш жөнөндө алган маалыматтарды толуктоо менен жаӊы материалдар менен таанышышат.

б) Өнүктүрүүчүлүк: Топтордо, жуптарда иштеп. Окуяларга анализ берүүгө, салыштырганга, классификациялоого, ойлорун ирээттеп айтып берүүгө үйрөнүшөт.

в) Тарбиялык: Улуттук боштондук күрөштүн негизги маанисин тереӊ түшүнүп, патриоттуулукка, Ата Мекенди сүйүүгө, коргө, улуцттук биримдикке, улуттар аралык достукка, ынтымакка адептүүлүккө, гумандуулукка тарбияланышат.

4. Көрсөткүчтөр:
Окуучулар ой жүгүртүү менен суроолорго жооп бере алса.
Материалды окуп мазмуунун түшүнүп түшүндүрө алса.
Негизги окуяны бөлүп, аларга мүнөздөмө берип, анализ жүргүзө алса.
Көтөрүлүштүн 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшү менен окшоштугун, айрымасын көрсөтөө алса.
Матералды мазмундуу, ырааттуу, фактылар менен айтып бере алса.
Материал менен таанышып логикалык жана сынчыл ой жүгүртө алса.

5. Сабактын тиби: Жаӊы теманы өздөштүрүү сабагы.

6. Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

7. Сабактын жабдылышы: 1916-ж. улуттук-боштондук көтөрүлүш (карта). Көтөрүлүштү чагылдырган сүрөттөр, ватман барактар, маркерлер. Окуу китеби, газета-журналдардан алган маалыматтар,

8. Сабакта колдонулуучу усулдар: Чакан топтордо иштөө, инсерт, түшүндүрмө илюстративдик, проблемалык ж.б.

9. Сабактын жүрүшү:

1) Сабакты уюштуруу: (2 мин.)
а) Саламдашуу.
б) Окуучулардын сабакка катышуусун тактоо.
в) Классттык кабинетти сабакка даярдоо,

2) Чакыруу стратегиясы: (3 мин.)
Колония деген эмне?
Россия империясы Кыргызстанды качан колонияга айландырган?
Анжиян көтөрүлүшү качан болгон?

3) Окуучуларды сабактын максаттары, милдеттери менен тааныштыруу.

Мугалим: Биз бүгүн силер менен 1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүштү окуп үйрөнөбүз. Мында окуу китебин, кошумча маалыматтарды, картаны колдонуу менен көтөрүлүштүн чыгуу себептерин, мүнөзүн, улуттук-социалдык курамын, жеӊилүү себептерин чогуу талдап, көтөрүлүштүн тарыхый маанасин аныктап, ага баа берүүгө аракет кылабыз.

Ал үчүн биз 5 чакан топко бөлүнөбүз. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Тапшырмаларды аткарууда окуу китебинен тышкаары таркатылып берилген кошумча маалыматтарга да көӊүл бурушуӊар керек.

4) тапшырмаларды аткаруу: (15 мин.)
1-топ: Көтөрүлүштүн чыгуу себептери.
2-топ: Көтөрүлүштүн мүнөзү, улуттук-социалдык курамы.
3-топ: Тарыхый инсандардын көтөрүлүштүн жүрүшүнө тийгизкен таасири.
4-топ: Россия империясынын көтөрүлүшкө жасаган мамилеси.
5-топ: Көтөрүлүштүн жеӊилүү себептери жана тарыхый мааниси.

5. Презентация: (20 мин.)

1-топ:
Көтөрүлүштүн чыгуу себептери:
Салыктардын көбөйүшү.
Кыргыз элинин кош эзүүнүн алдында калышы.
Ачарчылык, жакырчылык.
Россия империясынын оторчулук саясаты.
Орус дыйкандарынын массалык көчүп келүүсү.
Дүйнөлүк 1-согуш.
1916-жылдын 25-июнундагы Орто Азиянын жергиликтүү элдерин орук жумуштарына алуу жөнүндө падыша өкмөтүнүн жарлыгы.

2-топ:

Көтөрүлүштүн мүнөзү, улуттук-социалдык курамы.

Көтөрүлүш алгач 1916-жылы 4-июлда Ходжентте башталат. Айдын аягына чейин көтөрүлүш бат эле Фергана өрөөнүнө жайылат. Ош уездиндеги толкундоолор Сулайман тоосунун этегиндеги жыйын менен башталып ага 10 миӊдей киши катышкан. Боштондук кыймылдын толкуну акырындап Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо, Чаткал өрөөндөрүндө кулач жаят.

Түндүк Кыргызстанда алгачкы жыйын 1916-жылыдын 10-июлунда Жети-Суудагы Каркыра жарманкесине жакын «Каман карагай» деген жерде өтөт. Жыйынга Мерке, Чилик, Тору-Айгыр, Сары-Торгой ж.б. болуштуктардын кыргыздары, казактары, Пржевальск уездинин кыргыздары катышат.

Көтөрүлүштүн мүнөзү.

КөтөрүлүшРоссияимпериясынынколонизатордуксаясатынакаршычыкканкыргызэлининулуттук-боштондуккүрөшүболгон.

Көтөрүлүштүн улуттук курамы.

Кыргыздар, казактар, дунгандар, уйгурлар, сарт-калмактар, орустар, украйындар.

Көтөрүлүштүн социалдык курамы.

Жаштар, дыйкандар, малчылар, кедей-кембагалдар, батрактар, феодалдар.

3-топ:

Тарыхый инсандардын көтөрүлүштүн жүрүшүнө тийгизкен таасири.
Мөкүш Шабдан уулу.
Канат Убыке уулу.
Батыркан Ногой уулу.
Корузбай уулу Үкү балбан.
Ыбрайым Төлө уулу.
Таласбай Алыбаев.

4-топ:

Россия империясынын көтөрүлүшкө жасаган мамилеси.

Көтөрүлүш башталаары менен эле анын Түркстанга таралышынан корккон падыша өкмөтү согушуп жаткан армиядан генерал А.Н.Куропаткинди чакыртып, аны Түркстандын генерал-губернаторлугуна дайындаган.

1916-ж. 17-июлунда Түркстанда согуштук абал жарыяланып, согуш министринин буйругу менен Түркстанга 11 батальон, 3,3 миӊ казак-орус жөнөтүлгөн. Алар 42 замбирек, 69 пулемөт менен куралданган.

Жалпысынан көтөрүлүштү басуу үчүн Жети-Сууга Түркстан генерал-губернаторлорунун аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105и атчан аскерлер болгон. Кийинчирээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерден 2 орус-казак-полку, 240 атчан чалгынчылар, 15 замбирек жана 47 пулемөт кошумча жөнөтүлгөн.

1916-ж. 15-августунда Жети-Суу областынын аскер-губернатору М.А.Фильбаум көтөрүлүшчүлөрдү басуу үчүн орус дыйкандарынан атчан жана жөө кошуундарды түзүү жөнүндө көрсөтмө берген. Түркстан генерал-губернатору А.Н.Куропаткин 1916-ж. 12-августунда көтөрүлүшчүлөрдү жазалоо үчүн убактылуу аскер-талаа сотторун түзүүгөө буйрук берген.

5-топ:
Көтөрүлүштүн жеӊилүү себептери жана тарыхый мааниси.
Көтөрүлүшчүлөр начар куралданышы.
Падышалык аскерлердин согуштук артыкчылыктары.
Көтөрүлүшчүлөрдүн начар уюшкандыгы, бирдиктүү жетекчиликтин жоктугу.
Согуштук тажрыйбанын аздыгы.
Көтөрүлүштүн чачкындуулугу.

Көтөрүлүштүн тарыхый мааниси.

1916-ж. көтөрүлүш –Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эӊ маанилүү окуялардан болгон. Көтөрүлүш өтө мыкаачылык Түркстан чөлкөмүндөгү колониялык бийликти кыйла бошоӊдоткон.

Үркүн.

Падышачылык аскерлердин ырайымсыз кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен эл жан айласын кылып, ата журттан качууга аргасыз болгон. Кеч күздө кайгылуу үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Кытайга качкан 45 миӊ түтүн элдин жалпы саны 160 миӊ адамдан ашып, анын 130 миӊи кыргыздар болгон. Алардын 83 миӊи курман болуп, 68 миӊи ата журтуна кайтып келген, 12 миӊи кайта албай ошол жакта кала берген.

10. Сабакты жыйынтыктоо. (2 мин.)

11. Баалоо. (2 мин.) Калыптандыруучу баалоо.

12. Үйгө тапшырма. (1 мин.) Окуу китебинен 1-2-параграфтарды окуп келүү. Колдонмо дептерди пайдаланып андагы таблицаны толтуруу.

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.