Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Тема:БОЗ ҮЙ

1-сабак

1. Сабактын темасы: Боз үй.

2. Сабактын максаты: Окуучулар;

- боз үйдүн кыргыз элинин турмушундагы орду жана мааниси тууралуу айтып бере алышат;

- боз үйдүн жыгачтарын, кийиздерин, чийлерин, боолорун атай алышат;

- боз үй кандайча тигилээри жана, кандайча бүгүлөөрү тууралуу түшүнүк алышат;

- синквейн түзө алышат,

- тексти толуктап жаза алышат,

- чыгармачылык менен иштей алышат.

- тесттерди иштей алышат,

- боз үйдүн жасалгасына, кооздугуна жана анын турмуш тиричиликтеги маанисине баа бере алышат.

3. Сабакта колдонулуучу усулдар: Түшүндүрмө иллюстративдик, индуктивдик, дедуктивдик, анализ, синтез, демопстрация.

4. Сабактын жабдылышы: Ватман кагаз, маркерлер, клей, кайчы, түстүү карандаштар, боз үйдүн макети жана сүрөтү. Кыргыз боз үйү жөнүндө видио сюжет. :

1. Сабактын тиби: Киришүү сабагы.

2. Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

3. Сабактын жүрүшү: Мугалим алгач окуучуларды сабактын темасы, максаты, милдеттери менен тааныштырып, аларды 6 чакан топторго бөлүп, кыргыз боз үйү жөнүндө 10 минуталык видио сюжетти көрсөтүп андан соӊ аларга «Боз үй» деген тексти таркатып берип, аны менен жакшылап таанышып чыгууну сунуш кылат.

Боз үй.

Боз үй кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири. Ал элибиздин миӊдеген жылдардан берки тарыхын эске салып, өзүнүн ички жана тышкы кооз жасалгасы менен өзгөлөрдү өзүнө тартып турат. Боз үй Борбордук Азиянын байыркы көчмөн, жоокер элдеринде жаралып, кыргыз, түрк, монгол элдери тарабынан өркүндөтүлүп бүгүнкү күнгө чейин жетип отурат. «Манас» эпосунда Жайсан ырчынын боз үйдүн сын-сыпатын жарым күнү ырдаганы эскерилет.

Боз үй жыгачтан, жүндөн, кийизден, чийден жасалып, керегенин жыгачтары бири-бирине ичке тилинген кайыштан жасалган көк менен көктөлөт.

Боз үйдүн жыгачтары: түндүк, кереге, уук, босого таяк, каалга, бакан. Түндүк - бул көчмөн элдердин жана улуттук маданияттын символу. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунда боз үйдүн түндүгү чагылдырылган. Түндүк алкак, чамгарак жана бастырма же чегирден турат. Түндүктүн алкагынын дияметри боз үйдүн кенендигине жараша 120-150 см болот. Уук талдан, кайыӊдан жасалат. Ууктардын баштары керегенин баштарына байланып учтары түндүктун көзөнөктөрүнө сайылат. Ууктарды сайаарда түндүктү бирөө бакан менен түздөп көтөрүп турушу керек. Боз үйдүн көлөмү керегенин канатынын санына жараша болот. Эӊ кичинеси 4, эӊ чоӊу 12 канатка чейин жетет. Керегелер тор көз же жел көз болуп 40, 60, 80, 100, 120 баштан турат. Керегелер бири бирине канат боолор менен бекитилет. Боз үйдүн эшиги босого таяктардан турат. Алар оӊ босого, сол босого, баш босого, аяк босого деп аталып бири-бирине ашталып, босого таӊгыч менен керегеге бекитилет. .Боз үйдүн диаметри 5-6 метрге, бийиктиги 4-8 метрге жетет.

Боз үйдүн кийиздери: туурдук, үзүк, эшик, түндүк жабуу, жабык баш, төтөгө, кереге баймак. Булар күзгү жүндөн жасалган кийизден жасалат.

Боз үйдүн боо-чуулары: жел боо, канат боо, ууктун боолору, үзүк боо, туурдук боо, таштар боо, түндүк жабуунун боосу, баш чалгыч, уук тизгич, кырчоо, тегирич. Булар жүн менен кылдан эшилип, ички боолору терип согулат.

Боз үйдүн чийлери: эшик чий, канат чий, чыгдан чий. Баары чийден токулат. Канат чий кереге менен туурдуктун ортосуна каланат. Чыгдан чий идиш-аяк, тамак-аш турган тарапка тартылат.

Боз үйдү аялдар тигет. Эркектер түндүк көтөрүп үзүк жабууга жардамдашат. Адегенде керегелер жайылып, бири-бирине кыналып канат боолор менен байланып, керегенин баштары кереге чалгыч менен чалынып. эшиктин босого таяктары босого таӊгыч боолор менен керегелерге бекитилет.. Ача бакан менен түндүк көтөрүлүп, ууктардын учтары түндүккө сайылып, баштары керегеге байланып, жылып кетпес үчүн уук тизгичке тизилет. Керегенин үстүнөн ууктун сыртынан баш чалгыч, тегирич тартылып, эшик боо түндүктүн алкагынан арта салынып баш босогого байланат. Керегенин сыртынан чий каланып туурдуктар тартылып, ууктардын үстүнө үзөктөр жабылат. Түндүктүн үстүнөн түнкүсүн же жаан жааганда түндүк жабуу тартылат. Ошентип боз үйдү тигүүнүн жана бүгүүнүн өзүнчө тартиби эрежеси болот.

Боз үйдүн ичи коломто, эр жак, эпчи жак, төр, улага деп бөлүнөт. Төр жакка туш кийиз тартылып, ала кийиз, шырдак, көлдөлөӊ, жер төшөк салынып жүк жыйылат. Келген коноктор, үй ээси төргө отуруп төрдөн тамактанышат. Коломтого от жагып, казан асып, тамак бышырат. Үйгө баш бакканда үйдүн сол тарабы эр жак деп аталып анда эркектерге тийиштүү буюм-тайымдар жайгаштырылат. Сол тарабы эпчи жак деп аталып анда көбүнчө аялдарга тийиштүү буюм-тайымдар, азык-түлүк, тамак аш, идиш-аяк коюлуп чыгдан чий тартылат. Улагага ээр токум, от-ичеги, бут кийимдер жайгаштырылат.

Боз үй жасалышына жана жасалгасына карата өргөө үй, жолум үй же жайлоо үй деп бөлүнөт. Өргөө үй келин алганда, кыз узатканда, сыйлуу коноктор келгенде же бир сөөлөттүү адамдарга тигилген. Жолум үй же жайлоо үй чакан жасалып көбүнчө жайлоого чыкканда, мал оторлоткондо тигилген.

Боз үй туш келди жерге тигиле бербейт. Аны тигээрден мурда ага ылайыктуу журт тандашат. Боз үйлөр жайлоодо көбүнчө сел жүрбөй турган, шамалдан ыктоо, кургак, куусаӊ боз жерлерге тигилет. Ошондон улам боз үй деп аталып калса керек.

Окуучулар текст менен таанышып чыккандан кийин ар бир топко тапшырмалар берилет.

1-топко «Боз үйдү тигүү» деген тексти толуктап жазуу сунуш кылынат.

Боз үйдү тигүү.

Боз үйдү тигүүдө алгач жайып, аларды канат боолор менен бири-бирине бекем байлап, андан соӊ таяктарды орнотуп, аны босого таӊгыч боолор менен керегелерге бекитип, керегелердин башына баш чалгычты чалып, керегелер өз калыбынан жазылбаш үчүн керегелердин сыртынан тегиричти тартабыз. бакан менен көтөрүп, ага учтарын саябыз. Ууктардын баштарын уук боолор менен керегенин баштарына байлап, ууктар жылышып кетпес үчүн менен тизип чыгабыз. Эшиктин таштар боосун түндүктүн алкагынан ашыра ыргытып байлайбыз. Керегелердин сыртына калап, үйдү кооздош үчүн керегенин баш жагына ууктардын сыртынан тартабыз. Чийдин сыртынан калап, кырчоону тартабыз. Уууктардын үстүнө алдыӊкы, арткы жаап, боолорун тарта байлап, түндүктүн үстүнө тартабыз.

2-топко «Боз үйдү бүгүү» деген тексти толуктап жазуу сунуш кылынат.

Боз үйдү бүгүү.

Эӊ алгач сыйрыйбыз. Андан кийин алдыӊкы жана арткы сыйрыпүч бүктөйбүз. Андан соӊ сыйрып бүктөп,канат чийлердин боолорун чечип түрүп өз боолоруна таӊабыз. Таштар боону чечип боз үйдү сыйрып өзүнчө оройбуз. Уук тизгичти чечип, түндүккө сайылган бирден сууруп он чакты уук калганда ала бакан менен түндүктүн жел боосун бириктире кармап так көтөрүп жерге алабыз. чечип ажыратып, бүктөп кереге таӊгыч менен таӊабыз.

3-топко боз үйдүн жыгачтары тууралуу айтып берүү сунуш кылынат.

4-топко боз үйдүн ички бөлүнүшү тууралуу айтып берүү сунуш кылынат.

5-топко боз үйдүн тышкы жасалгалары тууралуу айтып берүү сунуш кылынат.

6-топко боз үйдүн ички жасалгалары тууралуу айтып берүү сунуш кылынат.

Ар бир топ өздөрүнө берилген тапшырмаларды аткарып бүткөндөн кийин жалпы топко презентация жасашат. Презентацияга ар бир топко 3 минута убакыт берилет.

Окуучулардын жооптору:

1-топ

Боз үйдү тигүү.

Боз үйдү тигүүдө алгач керегелерди жайып, аларды канат боолор менен бири-бирине бекем байлап, андан соӊбосого таяктарды орнотуп, аны босого таӊгыч боолор менен керегелерге бекитип, керегелердин башына баш чалгычты чалып, керегелер өз калыбынан жазылбаш үчүн керегелердин сыртынан тегирич тартабыз. Түндүктү бакан менен көтөрүп, ага ууктардын учтарын саябыз. Ууктардын баштарын уук боолор менен керегенин баштарына байлап, ууктар жылышып кетпес үчүн тизгичменен тизип чыгабыз. Эшиктин таштар боосун түндүктүн алкагынан ашыра ыргытып баш босогогобайлайбыз. Керегелердин сыртына канат чийлерди калап, үйдү кооздош үчүн керегенин баш жагына ууктардын сыртынан жабык башты тартабыз. Чийдин сыртынантуурдуктардыкалап, кырчоону тартабыз. Уууктардын үстүнө алдыӊкы, арткы үзүктөрдүжаап, боолорун тарта байлап, түндүктүн үстүнө түндүк жабууну тартабыз.

3-топ

Боз үйдү бүгүү.

Эӊ алгач түндүк жабууну сыйрыйбыз. Андан кийин алдыӊкы жана арткы үзүктөрдү сыйрып үч бүктөйбүз. Андан соӊтуурдуктарды сыйрып бүктөп,канат чийлердин боолорун чечип чийлерди түрүп өз боолоруна таӊабыз. Таштар боону чечип боз үйдүн туурдуктарын сыйрып өзүнчө оройбуз. Уук тизгичти чечип, түндүккө сайылган ууктардыбирден сууруп он чакты уук калганда ала бакан менен түндүктүн жел боосун бириктире кармап түндүктү так көтөрүп жерге алабыз. Босого таяктардычечип ажыратып, керегелерди бүктөп кереге таӊгыч менен таӊабыз.

3-топ.

Боз үйдүн жыгачтары:

Түндүк, кереге, уук, босого таяк, каалга, бакан.

4-топ

Боз үйдүн ичи бөлүнүшү:

Коломто, эр жак, эпчи жак, төр, улага, коломто.

5-топ.

боз үйдүн тышкы жасалгалары:

Туурдук, үзүк, төтөгө, түндүк жабуу. Кырчоо, кереге баймак.

6-топ

Боз үйдүн ички жасалгалары:

Жабыкбаш, тегрич, баш чалгыч, тизгич, ала кийиз, шырдак, көлдөлөӊ, жер төшөк, туш кийиз, жүк.

Презентациядан кийин мугалим топторго синквейн түзүү тууралуу тапшырма берет.

1-топ: Боз үй.

2-топ: Түндүк.

3-топ: Кереге.

4-топ: Уук.

5-топ: Үзүк.

6-топ:Туурдук.

Топтор түзгөн синквейндерин жалпы топко окуп беришет. Окуучул0ардын жооптору:

1-топ

1. Боз үй.

2. Кооз, көрктүү.

3. Тигилет, бүгүлөт, артылат.

4. Көчүп конууга абдан ыӊгайлуу.

5. Үй.

2-топ

1. Түндүк.

2. Тегерек, бийик.

3. Көтөрөт, бириктирет, жарык кылат.

4. Биримдик, достук, ынтымактын белгиси

5. Чамгарак.

3-топ. 1. Кереге. 2. Тор көз, жел көз. 3. Жайылат, бүгүлөт, таӊылат. 4. Атка, төөгө артканга ыӊгайлуу. 5. Жыгач.

4-топ.

1. Уук.

2. Узун, учтуу.

3 Сайылат, байланат, чечилет.

4. Түндүккө сайылып, керегеге байланат.

5. ыгач.

5-топ.

1. Үзүк.

2. Калыӊ, жылуу.

3. Жабылат, сыйрылат, бүктөлөт.

4. Күзгү жүндүн кийизинен жасалат.

5. Кийиз

4. Сабакты жыйынтыктоо үчүн суроолор.

1. Топто кандай милдет аткардыӊ?

2. Өз тобуна кандай салым коштуӊ?

3. Топ менен иштөөдө сага кандай кыйынчылыктар болду?

4. Кайсы топтун презентациясы сага жакты?

5. Сабакта сен өзүӊө эмне ала алдыӊ?

2-сабак

1. Сабактын тиби:Жыйынтыктоо сабагы.

2. Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

3. Сабактын жүрүшү: Мугалим окуучуларды сүрөт борбору, эмгек борбору, адабият борбору, математика борбору, биология борбору, тарых борбору, физика борбору деп 7 топко бөлүп, ар бир топко өз өзүнчө тапшырма берет. Берилген тапшырманы аткарууга 15 минута убакыт берилет.

1.Сүрөт борбору: Боз үйдүн сүрөтүн тартуу.

2.Адабият борбору: Боз үй тууралуу ыр же ангеме жазуу.

3.Математика борбору: Боз үйдүн жасалышынын математикалык маанисин түшүндүрүү.

4.Биология борбору: Боз үйдүн жыгачтарынын кийиздериинин биологилык маанисин түшүндүрүү.

5.Тарых борбору: Боз үйдүн тарыхы тууралуу айтып берүү.

6.Физика борбору: Боз үйдүн физикалык касиеттерин түшүндүрүү.

Ар бир топ өздөрү топтогон маалыматтардын негизинде берилген тапшырмаларын аткарып презентация жасашат. Презентацияга ар бир топко 3 минутага чейин убакыт берилет. Сабак тест менен жыйынтыкталат.

Тест

1.Боз үйдүн кереге, ууктарын ким жасайт?

а) зергер

б) мүнүшкөр

в) жыгач уста

г) касапчы

2. Боз үйдүн түндүгү кандай милдет аткарат?

а) үйдү кооздоп турат.

б) ууктарды бириктирет.

в) керегелерди бекемдейт.

г) үйдү шамалдан сактайт.

3. Жолум үй кандай шартта тигилет?

а) жайлоодо мал оторлоткондо.

б) конок тоскондо.

в) келин алып, кыз бергенде.

г) жамгыр жааганда.

4. Чыгдан чий кайда тартылат?

а) керегеге

б) төргө

в) улагага

г) эпчи жакка.

5. Таштар боонун учу кайда байланат?

а) уукка

б) түндүккө

в) баш босогого.

г) тулгага.

6. Эркекке тийиштүү буюмдар боз үйдүн кайсы тарабына коюлат.

а) коломтого

б) эр жакка.

в) эпчи жакка.

г) төргө.

7. Жетимиш кемпир жер чапчыйт.

а) түндүк

б) кереге

в) уук

г) эшик

8. Боз үйдүн сөөгү.

а) туурдук, үзүк,эшик, түндүк жабуу.

б) жел боо, таштар боо, үзк боо.

в) тегирич, төтөгө, кереге баймак.

г) түндүк, уук, кереге, босого таяк.

Жообу: 1- в; 2-б; 3-а; 4-г; 5-в; 6-б; 7-б; 8-г;

Кошумча маалыматтар

Боз үй кантип тигилет?

Тигүү үчүн боз үйдү,

Алгач журтту тандайбыз.

Тегерегин тазалап,

Үй тигүүгө камдайбыз.

Күбө түшүп кетпейби?

Кийиздерин көргүлө.

Туурдук, үзүк, эшикти,

Өз өзүнчө бөлгүлө.

Керегенин, ууктун,

Таӊылчагын чечкиле.

Үй тигүүнүүйрөнүп,

Сергек болуп өскүлө.

Керегени тургузуп,

Канаттарын жайгыла.

Таяктарды босого,

Түздөп бекем таӊгыла.

Тегиричти бек тартып,

Баш чалгычты чалгыла.

Тура бербей жөн эле,

Ууктарды алгыла.

Баканды алып колуӊа,

Көтөр түздөп түндүктү.

Ууктарды туура ула,

Болсун десеӊүй көрктүү.

Тизгичти алып тизип чык,

Ууктарды тегиздеп.

Жабыкбашты жапкыла,

Үй ичине берсин көрк.

Таштар боону ыргытып,

Тарта байла эшикти.

Бирок эстен чыгарба,

Үйдү кайра чечишти.

Керегенин сыртына,

Чийлерди алып калагын.

Туурдуктарды тарткан соӊ,

Боолорун бек бек байлагын.

Ууктардын үстүнө,

Үзүктөрдү жапкыла.

Жылбышпасын боолорун,

Бекемирээк тарткыла.

Көрөм десеӊүй мына,

Көз ирмемде тигилди.

Көрсө биздин бабалар,

Тура биртоп билимдүү.

(Акчал Атагулов)

Математика жана боз үй

Түндүк

Боз үйдүн төбөсүндөгү жарык кирүүчү жана түтүн чыгуучу айлана формасындагы жыгач , алкакты жасоо үчүн эки жыгачты жарым айлана түрүндө ийишет. Алар жарым айланадан чоӊ же кичине болбош керек. Антпесе эки ийилген жыгачты бириктиргенде айлана чыкпай калат. Жыгач кургаганда ага уук сайуучу көзөнөктөр уук айланып кетпес үчүн тик бурчтук формасында көзөлөт. Кийин үчтөн алты же төрттөн сегиз чамгарак маталат. Чамгарактар өз ара паралелль , ал эми ар башка багыттагылары бири-бири менен өз ара перпендикуляр болууга тийиш. Чамгарактардын кесилүүшүсүнөн квадраттар пайда болот. Чамгарактар жогору карай ийилген болгондуктан, түндүк кесилген шар же шардык сегимент формасын алат. Түндүк – кыргыз эли эӊ байыркы көчмөн эл экендигин билдирет. Түндүк – биримдик, ынтымак, достукту билдирет. Түндүк –эгемендүүлүктү билдирет. Түндүк – бийикти билдирет. Бийик тоолордун арасындагы жайлоолордо тигилген. Түндүк – ыйыктыктын белгиси. «Ар кимдин үйү өзүнө мисир» Түндүк – жарыктын, жашоонун белгиси. Түндүк – төгөрөктүн төрт бурчун бириктирип турган түбөлүктүүлүктүн белгиси.

Уук

Түндүк менен керегени бириктирүүчү жыгач ууктардын узундугу болжол менен 2500-300см.., диаметри 2,5-3см болот. Кереге башынын санына жараша бир боз үйгө 40-100 уук керек болот. Ууктар бардыгы биригип кесилген конусту элестет. Боз үйдүн түндүгүнүн радиусу 0,55м алты канат керегенин узундугу (негизинен айланасы) 15м, ууктун узундугу 3м эгерде керегенин саны көбөйсө ууктар төмөндөйт да кесилген конустун көлөмү кичирейет. Керегенин саны азайса, конустун бийиктиги жогорулайт. Мында да көлөм кичирейет. Конустун октук кесилишинен пайда болгон үч бурчтук (мында трапетциянын капталдарын улантабыз) теӊ жактуу үч бурчтукка жеткенде ууктар аркылуу түзүлгөн кесилген конустун көлөмү эӊ чоӊ маанисине жетет.

Кереге

Боз үйдүн уук бекитилүүчү таяныч жасалгасы, диаметри 2,5-2-3,5см, узундугу 230-300см, баардыгы 56-60 даана саканактардан түзүлөт. Санактардын ар бири 14-18см аралыкта бири-бири менен кайчылаштырып көзөлөт. Пайда болгон төрт чаарчы көздөрүн чоӊурагы жел көз, кичинереги тор көз деп аталат. Булар квадрат формасында болот. Бул көздөр квадрат эмес ромб болуп калса эмне болот? Эгерде ромб бийиктиги боюнча чоӊойсо, кереге тарыйт да ууктар өтө жогору көтөрүлүп шамалга учуп кетме болуп калат. Эгерде ромб капталга карай чоӊойсо, кереге кеӊ болуп керегенин бийиктиги жана ууктар төмөндөйт да боз үйдүн үстү кар кетпес болуп калат. Жайылган керегенин бийиктиги 2 м эни 2,5метрдей. Боз үйдө кереге 4төн 12 канатка чейин болот. Боз үй тигилгенде цилиндрдин көлөмүн жана каптал бетинин аянтын табуу маселесин карасак болот.

Босого

Эшиктин эки жагында бийиктиги кереге бою эки босого таягы жогору жана төмөн жагында баш босого жана аяк босого, узундугу 1мден болот. Булар тик бурчтук формасын берет. Үзүк узундугуна барабар болот . Жогоруда берилген өлчөмдөр боюнча 6 канат боз үйдүн канча м кв кийиз кете турганын трапетциянын аянтын негизинде эсептесе болот.

Боз үй жана Кытай акыны Бо-цзюй-и

Ак бозүй

Сан миӊ койдун жүнүнөн,

Сансыз түйдөк түрүшөт.

Сай талдардын түрүнөн

Кереге-уугун сүрүшөт.

Түндүктүн буурул таӊында,

Көк мунарык шаӊында,

Көркү сонун боз үйдү,

Көкжал көчмөн эрендер

Көк жайыкка тигишет.

Буюруп жазмыш бу күндү.

Түндүккө түштүк жүгүндү.

Көчмөндүн акбоз өргөөсү,

Жергеме жетип тигилди.

Куюн тийсе солк этпейт,

Жаан-чачын эч өтпөйт.

Дубалы жок, бурчу жок,

Ичи жылуу, көӊүл ток.

Жоокерлер менен жол кезип,

Тоо-талааны арытты.

Акбоз үй конуп короомо,

Көргөндүн көзүн талытты.

Ай мунары астында,

Ажары көӊүл толкутат.

Ажайып кийиз жабуусу

Кыш чилдесин коркутат.

Кереге-уугу келишкен,

Керемети тири укмуш.

Саймалуу-үзүк туурдук,

Сарамжалы бир укмуш.

Очогунда от бийлейт,

Ойноктоп от шок бийлейт.

Өз тамын чанып андайда,

Ушундай үйгө ким кирбейт.

Коломто чогу кызарган,

Кызгалдак гүлдөй албырат.

Туш кийиз, көрпө, шырдактар,

Көргөндүн көөнүн дал кылат.

Колуӊндан келсе жыргап кал,

Төрүндө жатып магдырап.

Түнөргөн түндө түтүнү,

Түндүктөн көккө чубалат.

Мас болуп жыпар жытынан,

Көлкүлдөп көӊүл кубанат.

Көктөмдө кирген шар суудай,

Көөдөндү жарып ыр агат.

Ушундай укмуш үйүнөн,

Бейишти берем десе да,

Кандай бир пенде чыгалат.

Канчалар жүрөт камыштан.

Алачык жасап алышкан,

Аязда тоӊуп калтырап.

А боз үйдүн жөнү бир башка.

Адамды айраӊ калтырат.

Дүйнөдөн безген, жер кезген,

Кечил да ага таӊгалат.

Бо Цзюй-Инин өмүр таржымалы

Бо Цзюй-И (772-846) жөнүндө, белгилүү адабий булактарда, ал Тан доорунда жашап өткөн айтылуу акын болгону маалымдалат.

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.