Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

7-класс.

Тема:Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси

1. Максаты: Окуучу

  • чүкө, томпой, абалак эмне экендигин ажырата алат жана алар кайсы учурда ойнолоору тууралуу айта алат,
  • чүкө оюндарынын түрлөрүн атап бере алышат,
  • үчүм, кан таламай, үч тапан, ордо оюндарынын шарттары жана алардын мааниси тууралуу айтып бере алышат,
  • чүкө оюндарына болгон кызыгуусу артат,

    2. Жабдылышы: Чүкө, томпой, абалак, батман кагаз, маркер.:

    3. Чакыру:

  1. Балдар силер чүкө ойноп көрдүӊөр беле?
  2. Анда өзүӊөр билген чүкө оюндарын атап көрөлүчү?
  3. Чүкө деген эмне?
  4. Томпой деген эмне?
  5. Абалак деген эмне?
  6. Айкүр деген эмне?
  7. Таа деген эмне?
  8. Чик деген эмне?
  9. Бөк деген эмне?
  10. Мугалим окуучулардын жоопторунан кийин аларды тарбиялык сааттын темасы, максаты милдеттери менен тааныштырат. Аларга Көчмөн элдер сыяктуу Кыргыз эли үчүн чүкө байыртан эле балдарды тарбиялоонун маанилүү каражаты болуп келгендигин. Муну кийинки мезгилдерде табылган археологиялык табылгалар да тастыктап жаткандыгын. Ата-бабаларыбыз бешиктеги баланын оӊ колун бошотуп анын колу жете тургандай кылып түркүн түстөгү боёкторго салынган чүкөлөрдү бешикке байлап коюшкандыгын.

    Байланган чүкө наристе үчүн биринчиден оюнчуктун ролун аткарса, экинчиден өӊ түстөрдү ажырата билүүгө, үчүнчүдөн бала сологой болуп калбаш үчүн анын оӊ колунун жөндөмүн арттыргандыгын. Ошондой эле ата-бабаларыбыз чүкөнү шылдырак оюнчук катары да колдонушкандыгын. Кичинекей баланы шылдыратып алаксытып ойнотуу, анын эстетикалык угуу жана көрүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатында цилиндир же конус формасында териден кутуча жасап ар кандай боёкко салынган чүкөлөрдү ичине салып коюшкандыгын.

    Чүкөлөрдүн шылдыраганын угуп балдар ой токтотуп ичин ачып көрүүгө аракет жасап, андагы кызыл тазыл болгон чүкөлөрдү көрүп өӊдөрдү ажыратууга үйрөнүшкөндүгүн. Улам чоӊойгон сайын баланын чүкөгө болгон кызыгуусу артып чүкөнүн бөк, чик, таа, айкүр конгонун ажыратып, чүкө санаганды үйрөнүп, өзү теӊдүү балдар менен чүкө ойной баштагандыгын. Чүккө балдарды биримдикке, ынтымакка чакыраарын. Аларды оюндун шартын так аткарууга, бирин бири туура түшүнө жана сыйлай билүүгө үйрөтөөрүн айтып класстагы окуучуларды 4 чакан топко бөлүп ар бир топко өз-өзүнчө тапшырма берет. Тапшырманы аткарууда окуучулар таблицаны туура толтурууга өзгөчө көӊүл бурушу керек.


    4. Тапшырмалар:

    1-топ.
    Үчүм.

    2-топ.
    Үч тапан.

    3-топ
    Кан таламай.

    4-топ.
    Ордо.

    5. Презентация:

    1-топ

    Oюндун аталышы Oюндун шарты Oюндун мааниси
    Үчүм Оюнду баштаарда адегенде ат калчашат. Кимдин чүкөсү айкүр турса оюнду ошо башбайт. Экөө же үчөө айкүр туруп калса чүкөнү кайра калчайт. Ким калчаганда чүкөнүн баары айкүр, таа, бөк, чик түшсө ошол утат. Уткан бала утулгандарга суу алып келүүнү, идиштерди жууп тазалоону, жүк жыйууну, отун жарууну, үй шыпырууну буйрук кылат. Оюндун шарты боюнча утулгандарга берилүүчү жаза алар аткара ала тургандай болуш керек. Мында балдар эмгекке, бирин бири сыйлоого, элпектике үйрөнүшөт.
    2-топ
    оюндун аталышы оюндун шарты оюндун мааниси
    уч тапан Бул оюнду ойноочулардын саны 4-5 тен ашпаганы жакшы. Ар бир оюнчу бирден чүкө чыгарып чийимге тизишет. Андан соӊ сакаларын калчашат. Кимдин сакасы биринчи турса ошол оюнду баштайт. Оюнчу аткан чүкө чийимден үч тапандан алыс түшсө чүкөнү алып оюнду улантат. Үч тапанга жетпей калса кийинки оюнчуга кезек берет. Ким көп чүкө атса оюнда ошол утат. Балдарды тактыкка, шамдагайлыкка, таамай атканга үйрөтөт.
    3-топ
    оюндун аталышы оюндун шарты оюндун мааниси
    Кан таламай Оюнга катышкандар бир саканы «хан» аташат. Адегенде чүкө калчашканда кимдин чүкөсү айкүр же таа турса ошол оюнду баштайт. Калчашып жатканда хан таа туруп калса чачылган чүкөлөрдү талап киришет. Оюнда кимдин чүкөсү жок калса ошол утулат. Балдарды сактыкка, таамай атканга, санаганга, алганга, кошконго үйрөтөт. Аларды биримдикке, ынтымакка үндөй.
    4-топ
    оюндун аталышы оюндун шарты оюндун мааниси
    Ордо Оюнга 20 га чейин ки-ши катышса болот. Оюнчулар эки топко бөлүнөт.Оюнга түз, тегиз жер тандалып алынат. Диаметри 14 м чейин айлана чийилип борборуна хан салынат. Хандын жанына оюнчулардын санына жараша чүкө үйүлөт. Чүкөнү чийимден көп чыгара аткан жана ханды алган тарап утат. Чарчаганды унуттурат. Кан тамырдын иштешин жакшыртат. Денени ийилчээктикке машыктырат. Булчуӊдарды чындайт. Муундардын иштешин жакшыртат. Таамай атканга, черткенге үйрөтөт. Элди биримдикке ынтымакка тарбиялайт.
    6. Жыйынтыктоо:
  11. Бүгүнкү сабак сага эмнеси менен жакты?
  12. Сабакта өз тобуӊа кандай салым кошо алдыӊ?
  13. Сен кандай ойлойсуӊ чүкө оюндарынын келечеги барбы?
  14. Үйгө тапшырма: Канткенде биз чүкө оюндарын сактап кала алабыз? Деген темада эссе жазып келүү.
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.