Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

7-класс

    Сабактын темасы: Улуу Кыргыз дөөлөтү.

    Сабактын максаты:

    -Окуучу сабакка тьийиштүү маалыматтарды өз алдынча топтой алат.

    -Топтогон маалыматтарын сабакта колдоно алат.

    -Өз оюн айта билгенге жана башкалардын оюн, пикирин уга билүүгө үйрөнөт

    -Улуу Кыргыз дөөлөтү тууралуу алган билимдери, билгичтиктери бышыкталат, бекемделет.

    -Кыргыз тарыхына болгон кызыгуусу, урматтоосу артат.

    -Ата Мекенди сүйүү, элдердин биримдигин, ынтымагын чыӊдоо, Кыргыз мамлекетинин гүлдөп өнүгүп өзүшүнөөз салымын кошуу сезими пайда болот.

      Окуучуларга окуу үчүн алдын ала сунуш кылынган адабияттар:

    1. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстандын тарыхы (байыркы доордон XIX кылымдын ортосуна чейин) 10-класс Б.2012-ж.
    2. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстандын тарыхы. (экзамендик 100 суроого жооп) Б 2007-ж.
    3. Кыргызстандын эӊ байыркы мезгилдерден XIX кылымдын соӊуна чейинки тарыхы. Б.1998-ж.
    4. Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстандын тарыхы. Б.2011-ж.
    5. Бартольд В.В. Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалган эмгектер. Б.1997-ж.
    6. Кыргыз тарыхы. (энциклопедия) Б.2003-ж.
    7. Белек Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. 1993-ж.
    8. Кеӊеш Жусупов. Кыргыздар. 1-2-китеп. Б.1991-ж.
    9. Осмонов Ө. Улуу Кыргыз каганаты. Кут билим. 4-май жана 25-май 2012-ж.

      Сабактын тиби:

      Бышыктоо сабагы

      Сабакты өтүүнүн формасы:

      Сабак коллоквиум.

      Сабакта колдонулуучу усулдар:

      Талкуу, анализ, синтез,

      Сабактын жабдылышы:

      Улуу Кыргыз каганаты. (карта)

      Сабактын жүрүшү.


    а) уюштуруу,
    б) суроодорду талкуулоо,
    в) кайтарым байланыш.
    г) жыйынтыктоо

    Модератор:

    2012-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев «Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданый мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереӊдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Аталганг документте «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миӊ жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактарды камтыйт» деп айтылат да, буга орто кылымдарда түзүлгөн Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн тарыхы күбө болоору белгиленген.

    Бүгүнкү сабакта биз Улуу Кыргыз дөөлөтү деген теманын үстүндө иштейбиз. Суроолорго жооп берүүдөөзүӊөр таап келген тарыхый маалыматтарды ачык эле колдонсоӊор болот. Жооп бе-рүүчү окуучуга сүйлөөүчүн 2 же 3 минута гана убакыт берилет. Сүйлөп жаткан адамдан сөз талашууга жана анын сөзүн бөлүүгө жол берилбейт.

    1-Суроо:

    Улуу Кыргыз дөөлөтү качан кандайча пайда болгон?

    Максат:

    Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы начарлай баштаганда аны уйгурлардын, карлуктардын, басмылдардын биргелешкен күчтөрү талкалап, анын ордуна Уйгур кагандыгы пайда болот. Бул кагандык 745-840- жылдары өкүм сүргөн. Кезинде Кытай да бул кагандыкка жыл сайын салык төлөп турган, Енисейлик кыргыздар бул мезгилде Уйгур кагандыгынын кол астында калган, Бирок алар уйгурларга толук моюн сунган эмес. Кыргыз ажосу 820-жылы өзүн хан деп карлук жабгусунун кызы болгон аялын ханыша деп жарыялаган. Бул тирешүү жыйырма жылга созулуп, акыры 840- жылы кыргыздардын жеӊиши менен аяктаган.

    Нурайым:

    Кыргыздарды көз карандысыздыкка жеткирүүчү күч катары баалаган коӊушу элдердин эсебинен кыргыздардын аскердык күчү кыйла көбөйгөн. Ениснй кыргыздары металл иштетүүнүн жана темирден курал-жарактарды жасоонун сырларын жакшы билишкен. Ошол кезде кыргыздын атчан аскерлерине теӊ келе турган күч Борбордук Азияда жок болгон.

    Дилбара:

    Уйгур кагандыгында ич ара так талашуу күчөгөн. Жыйырма жылда алты каган алмашкан. Бул кагандыктын начарлашына алып келген.

    Нурсулуу:

    Уйгур кагандыгында 763-жылы манихей дини расимий кабыл алынган. Бирок кагандыкта теӊирчиликке, бутпарас динине, христиандык несторийчилер агымына ишенгендер да болгон. Бул болсо уйгурлардын мамлекеттик бүтүндүгүн, биримдигин сактап калууга кедергисин тийгизкен.

    Айпери:

    Уйгур кагандыгынын начарлашына Орхон аймагына кардын калыӊ түшүшү, жут болуп малдын кырылышы, элдин ачарчылыкка туш келиши да таасирин тийгизген. Мына ушундай кырдаалда кыргыз каганы 840-жылы 100миӊ колу менен уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алган.

    2-суроо:

    Улуу Кыргыз дөөлөтү кандай мамлекет болгон?

    Перизат:

    Улуу Кыргыз дөөлөтү чыгыштан батышты карай-Чыгыш Монголиядан тартып, Ысык-Көл менен Жети-Сууга чейинки,. түндүктөн түштүктү карай-Сибирь тайгасынан Улуу Кытай дубалына чейинки мейкиндикти ээлеген зор мамлеккет болгон.

    Кубат:

    Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн курамына Түштүк Сибирь, Монголия, Байкал аймагынын бир бөлүгү, Иртыш дарыясынын бою, Чыгыш Казакстан, Жети-Суу аймагы, Ысык-Көл ойдуӊу, Бор-бордук Теӊир-Тоо жана Тарим өрөөнү кирген. Улуу Кыргыз дөөлөтү деген түшүнүктү илимге академик В.В.Бартольд 1927-жылы «Кыргыздар» деген тарыхый очеркинде киргизкен.

    Азамат:

    Улуу Кыргыз дөөлөтүн каган башкарган. Кагандын буйругуна кайдигер мамиле жасаган чиновниктер, каганга туура эмес кеӊеш берген кеӊешчилер, коомдук тартипти бузкандар дароо өлүм жазасына тартылган.

    Айдана:

    Кагандан кийнки мансап буйрук деп аталган. Ал мансапка ээ болгон адамдар каганга кеӊеш беоришип жана административдик иштерди жүршгүзүшкөн. Кийинки мансап орду бойла деп аталып, ал өкүм бекиткен. Ал эми йарган мансабына ээ болгон адам өкүм-дү аткарган.

    Каныбек:

    Кагандын бийлиги уулуна уулу жок болсо аялына же инилерине калган. Кагандын балдары тегин, жээндери инал деп аталып ордодо кызмат кылышкан. Каганатта жергиликтүү бийлик тутук, таркан, бий, түтүнгө тийиштүү болгон. Тутуктар аймактардагы саясий иштерди, ал эми таркандар аскер иштерин башкарган. Бийлер уруулардын, түтүндөр он же жүз үй бүлөнүн башчысы бол-гон.

    3-суроо:

    Улуу Кыргыз дөөлөтү кандайча күч алган?

    Айгерим:

    Кыргыздар уйгурлардын аскерлерине гана курал көтөрүп тынч жаткан элге тийген эмес. Эл чабылып чачылып бүлүнбөй күнүмдүк турмуш тиричилигин өткөрө беришкен.

    Азиза:

    Улуу Кыргыз дөөлөтүндө жүргүзүлгөн адилет саясаттын негизинде мурда уйгур каганатынын доорунда жылдан жылга уланып келген бүлдүргүч согуштар токтогон. Мындай тынчтык жагдай кыргыз дөөлөтүнүн өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзгөн. Анын үстүнө жергиликтүү уруулар дайыма тополоӊ чыгарып турган уйгурлардан кутулган.

    Бексултан:

    Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн курамындагы элдер жана уруулар кыргыздарды куткаруучу катары сезип, туура хүргүзлгөн этникалык саясаттын натыйжасында тез арада эле кыргыздын каада-салттарын, маданиятын кабыл алып, кыргыз тилинде сүйлөп, өздөрүн кыргызбыз деп сыймыктануу менен атап калышкан.

    4-суроо:

    Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн өкүм сүрүүсү качан, кандайча аяктаган?

    Бермет:

    Улуу Кыргыз дөөлөтү 80 жылдай өкүм сүрпгөн. Совет бийлиги 74 жыл өкүм сүрүп тынчтык жолу менен таркаган сыяктуу эле Улуу Кыргыз дөөлөтү да согушсуз тынчтык жол менен таркаган. Узакка созулган согуштарда ансыз да аз сандагы кыргыз эли катуу жабыр тарткан. Аз сандагы элдин зор мамлекетти узакка башкарып турууга шаасы жеткен эмес.

    Байболот:

    Енисейде дыйканчылык менен күн көрүшкөн кыргыздардын бир бөлүгү Борбордук Азиянын кургакчыл боксө тоолоруна көнө алышпа өзлөрүнүн эски ата-журту Енисейге кайтып кетишкен. Бир бөлүгү Теӊир-Тоодо калып, бир бөлүгү Тибетке оогон. Анын үстүнө Борбордук Азияда Кидандардын таасири күч алып саясый кырдаал өзгөрө баштаган.

    5-суроо:

    Улуу Кыргыз дөөлөтү кандай тарызый мааниге ээ?

    Максат:

    Улуу кыргыз дөөлөтү азыркы кыргыз улутунун түптөлү-шүнүн башаты болуп эсептелет. Кыргыздар 60 уруу элдин башын бириктирип, алардын ынтымакта жашап өнүүгүүсүнө ыӊгайлуу шарттарды түзүп, элдин биримдикте. Ынтымакта жашоосуна жетишкен.

    Байболот:

    Орус окмуштуулары белгилегендей Улуу Кыргыз дөөлөтү кыргыздардын тарыхынын жылдыздуу сааты болгон. Ошол доордо «кыргыз» деген ат даӊктуу, кайраттуу элге таандык экендигин билдирип, ошого жараша «кыргыз» этноними полиэтнонимге айланган. Кыргыз деген ат ардактуу болуп, ушу ат менен Борборбордук Азиялык башка элдер да өздөрүн сыймыктануу мене атай башташкан. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашап жаткан орус, өзүбек, дунган, жана башка элдердин өкүлдөрү кыргыз тилин, тарыхын, маданиятын, салтын жакшы билүүсү абзел.

    Дилбар:

    Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мыйзамы өтө күчтүү болгон. Алсак баласы уурулук кылса башын алып атасынык мойнуна асып койгон. Бул болсо мамлекетти коррупциядан, талап тоноодон сактаган. Демек бүгүнкү күндө кабыл алынган мыйзамдар канчалык демократиялык мүнөздө болбосун аны ишке ашырууга күчтүү мамлекеттик көзөмөл керек.

    Модератор:

    Рахмат, Коллоквиумдун суроолоруна баарыӊар эӊ сонун жооп бердиӊер. Эми сабагыбызды билем, билдим, билгим келет деген таблицаны толтуруу менен жыйынтыктап көрөлү.

    Кубат:

    Билем Билдим Билгим келет?
    Уулу Кыргыз дөөлө түнүн кандайча пай да болушун билчү мүн. Уулу Кыргыз дөөлө- түнүн кандайча кула- гандыгынын себебте- рин билдим. Уулу Кыргыз дөөлө түнүн чарбалык өнү- гүшү жөнүндө бил- гим келет.

    Бермет:

    Билем Билдим Билгим келет?
    Уулу Кыргыз дөөлө-түнүн кайсы аймак- тарды ээлегендигин билчүмүн. Башка элтер өздө- рүн кыргыз де ата- шынын себебдерин билдим. Уулу Кыргыз дөөлө- түнүн маданиятынын өнүгүшү жөнүндө көбүрөөк билгим келет.

    Модератор:

    Коллоквиумга жигердүү катышкандыгыӊар үчүн бар- дыгыӊарга рахмат. Айтылган ар бир ой биз үчүн балуу. Биз бү- гүн бири-бирибизден көп маалымат ала алдык деп ойлойм. Ушуну менен бүгүнгү сабагыбызды жыйытыкдайбыз.
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.