Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Tема: ГЕРОСТАТТЫ СОТТОО.

  1. Сабактын максаты:
    • Билим берүүчүлүк; окуучулардын дүйнөлүк
    • маданияттын өнүгүшү жөнүндө алган билимдерин жана
    • түшүнүктөрүн кеӊейтүү.
    • Тарбия берүүчүлүк; окуучуларды тарыхый
    • архитектуралык эстеликтерди коргоого жана сактоого
    • тарбиялоо.
    • Өнүктүрүүчүлүк; окуучулардын сынчыл
    • ойломдорун жана көз караштарын өнүктүрүү.
  2. Сабактын тиби: Жаӊы теманы өздөштүрүү сабагы.
  3. Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак имитация.
  4. Колдонулуучу усулдар: Түшүндүрмө иллюстративдик усул, проблемалык усул, эвристикалык усул, диспут.
  5. Интеграция:Тарых, адабият, география, архитектура, искусство.
  6. Сабактын жабдылышы:
    • Дүйнөнүн саясий картасы.
    • Дүйнөнүн 7 керемети (буклет)
  7. Сабакты уюштуруу:
    • Саламдашуу.
    • Окуучулардын сабакка катышуусун тактоо.
    • Класстык бөлмөнү сабакка даярдоо.
  8. Жаӊы теманы өздөштүрүүнүн планы:
    • Чакыруу.
    • Окуучуларды сабактын темасы, максаты менен
    • тааныштыруу жана аларга милдеттерди бөлүштүрүп
    • берүү.
    • Окуучуларды «Герострат» деген чыгарма менен
    • тааныштыруу.
    • Окуучуларды тарыхый эстеликтерди коргоо жана
    • калыбына келтирүү коомунун доо арызы менен
    • тааныштыруу.
    • Окуучуларды эксперттин чечими менен
    • тааныштыруу.
    • Талкуу.
    • Соттун өкүмүн жарыялоо.
    • Рефлексия.
    • Баалоо.
    • Үйгө тапшырма.
    • Жыйынтыктоо.
  9. Чакыруу.
    • Дүйнөнүн жети кереметине кайсылар кирет?
    • дүйнөнүн жети керемети жайгашкан жерлерди картадан көрсөтүп
    • .бергиле.
    • Герострат деген ким болгон?

Окуучуларды сабактын темасы, максаты менен тааныштыруу жана аларга милдеттерди бөлүштүрүп берүү.

Мугалим: Эмесе бүгүнкү сабакта биз Эфестеги Артемида храмын өрттөп жиберген Герострат деген адамды сот жообуна тартабыз. Ал үчүн өзүбүздүн арабыздан соттун төрагасын шайлап, катчысын дайындап алышыбыз керек. А калгандарыбыз айыптоочулардын жана актоочулардын милдетин аткарабыз. Геростратты айыптайсыӊарбы же актайсыӊарбы ал ар бириӊердин өз ишиӊер…

Соттун төрагасы менен катчысы алды жакка келип орун алгыла.

3) Окуучуларды «Герострат» деген чыгарма менен тааныштыруу.

Герострат.


Ажайып кооз Артемида храмы,
Тамшандырып көргөн, билген адамды.
Даӊкка бөлөп турган кезде Эфести,
Аны дагы көрө албастар жаралды.
Байыр алып Герострат храмга,
Басып келсе тосуп алат храм да.
Бах чиркин! – деп баалап аны өзүнчө,
Башы айланып батат чексиз кыялга.
Артемида күн нуруна чагылып
Күнү-түнү эл үзүлбөйт агылып.
Герострат кереметти көрбөсө,
Кадимкидкй кала түшөт сагынып.
Себелеген акыл-эстин үрөөнүн,
Сезип андан түбөлүктүн илебин.
Өз атымды өчпөс кылсам деген ой,
Өчөгүшүп сайгылады жүрөгүн.
Туюндуруп жамандыктын кабарын,
Герострат катуу түйүп кабагын.
Таӊ эртелеп жете келип храмга
Анын айтып турган сөзүн карагын
Артемида билем бийик даӊкыӊды,
Эфест эмес аалам билет атыӊды.
Өлбөс кылып өмүр берип өзүӊө,
Канча адамдар өтүп кетти акылдуу.
Жексен кылып бул дүйнөдөн даӊкыӊды,
Мен өзүмдүн өчпөс кылам атымды.
Артемида кербезденбей билип ал,
Бул мен үчүн кайткыс чечим акыркы.
Герострат тутандырып факелдинди,
Өрттөймүн! - деп өчү бардай кекенди.
Ар бир адам күбө болсун ишиме,
Артемида чакыр - деди - бүт элди!
Артемида зор аскадай жаӊырып.
Бүт Эфести солк дедирди жаӊырык.
Аӊ-таӊ болуп ар тараптан адамдар,
Дарыядай келе жатты агылып.
Герострат тарт колуӊду храмдан1!!
Корксоӊ боло касиеттүү кудайдан!!!
Деген үндөр таш дубалды жаӊыртып,
Астын үстү боло түштү бүт аалам.
Кызыл жалын каптап ичин храмдын,
Ккра түтүн чулгап тулку дубалын.
Күйүп жатты чагылгандай чартылдап,
Храмдагы айкелдери кудайдын.
Жалын күчөп көккө чыгып дуулдап,
Эл храмды тегеректеп чуулдап.
Ким өрттөдү?! Бул эмнеси?! - деген үн,
Алда кайдан адамдарга угулат.
Өрт ичинен Герострат эки эстүү,
Чыга келип кудум шайтан элестүү.
Ха, ха, ха мен өрттөдүм храмды,
Мени дагы өрттөгүлө?!- дебеспи.
Эки эстүүгө болбос – дешип - теӊелип,
Эл айласы турган чакта түгөнүп.
Жөн койгула! - деди акылман карыя,
Герострат ансыз дале тирүүөлүк.
Акыл сыйгыз зор кылмышты көтөрүп,
Кантип тирүү жүргөндүгүн көрөлүк.
Герострат деген анын ысымы,
Каргыш алсын - деди кары - түбөлүк.
Ошол өрттүн алоолонгон илеби,
Кылымдардын түпкүрүнө түнөдү.
Унуткарбай кереметтүү храмды,
Келе жатат адамдардын жүрөгү.

4) Окуучуларды тарыхый эстеликтерди коргоо жана калыбына келтирүү коомунун доо арызы менен тааныштыруу:

Катчы;

Доо арыз.

Б.з.ч. 356-жылы адамзаттын акылынын жана маданиятынын сыймыгы болгон дүйнөдөгү 7 кереметтин бири Артемида храмын кичи Азиядагы Эфест шаарынын жашоочусу Герострат деген адам өз атын даӊкка бөлөш үчүн атайлап өрттөп жиберген. Ал бул жасаган иши үчүн бүгүнкү күнгө дейре эч кандай сот жообуна тартыла элек. Андыктан биз тарыхый архитектуралык эстеликти өрттөп жибергендиги үчүн Геростратты сотко берүүгө аргасыз болуп отурабыз. Адамзат коомунун маданиятынын өнүгүшүүчүн сиздер бизке туура чечим чыгарып берет деп ишенебиз.


Тарыхый архитектуралык
эстеликтерди коргоо жана калыбына келтирүү коому.

5) Окуучуларды эксперттин чечими менен тааныштыруу.

Катчы:

Эксперт.

Тарыхый маалыматтар боюнча Артемида храмын б.з.ч. 356-ж. Эфест шаарынын жашоочусу Герострат өрттөп жибергендиги анык. Буга ошол кездеги көргөн билген адамдар толук күбө болушкан. Алардын берген маалыматы боюнча Герострат ичкилик ичпеген, тамеки чекпеген, насыбай атпаган, наркотикалык заттарды колдонбогон, психикалык ооруусу жок, ден соолугу чыӊ, толук акыл эстүү, гумандуу адам болгон.

6) Талкуу:


Самат: Жалпы эле адамзаттын маданий байлыгы болгон Артемида храмын атайлап өрттөп жибергендиги үчүн мен Геростратты күнөөлүү деп эсептейм.
Улан:Менимче Герострат жеткен өзүмчүл адам болгон. Ал өзүнүн даӊкын чыгарыш үчүн дүйнөдөгү эӊ кооз храмды өрттөп жиберген. Мындай көрүнүш бүгүнкү күндө дале бар. Айрым адамдар өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн канчалаган бала бакчаларды, чарбалык өндүрүштүк курулуштарды, завод, фабрикаларды, клубтарды, театрларды менчиктештирип бузуп, талкалап кетишти. Мен геростратты гана эмес алардын баарын жоопко тартыш керек деп ойлойм.
Бектур:Тирүү кишилерди го жоопко тартса болот. А өлгөн кишилерди кантип жоопко тартабыз?
Эркеайым: Эмне үчүн өлгөн адамдарды жоопко тартууга болбойт? Азыркы күндө биз Сталинди күнөөлөп 1937-жылы Сталиндик репрессияга туш болгондорду актап жатпайбызбы. Демек адам өзүнүн кылган күнөөсүүчүн эртедир кечтир жооп берүүгө тийиш.
Ислам: Герострат искусствону, архитектураны баалай билген абдан акылдуу адам болгон. Ал Артемида храмына сугу түшүп ашык болуп калган. Анын ашыктыгы аны ошол акыбалга жеткирген. Ал храмдан ажырагысы келбей храм менен кошо өзүнүн атын да түбөлүккө калтыргысы келген. Мындай адамды күнөөлөөгө болбойт.
Касым: Герострат храмды өзүнүн атын чыгарыш үчүн өрттөгөн эмес. Ал таш күмбөздөрдөн, таш храмдардан адамзаттын акылын, эсин, талантын, эмгегин жогору баалаган. Демек ал адамзаттын жаратмандыгын даӊазалагысы келген.

7) Соттун өкүмүн жарыялоо.

Соттун төрагасы.

Өкүм.

Искусствого жана архитектурага болгон жеке кумарлануусу жалпы адамзаттын кызыкчылыгы үчүн тарыхта таш храмдардын, таш күмбөздөрдүн эмес, адам баласынын атын түбөлүк калтыруу максатында б.з.ч. 356-жылы Артемида храмын атайлап өрттөп жиберген Эфест шаарынын жашоочусу герострат өрттөн кийин акыл эсин жоготуп койгондугуна байланыштуу жана сөөгү эчак сөпөт болуп кеткендиктен түбөлүк сот жообунан бошотулсун.

9) Рефлексия:


Анара: Менин билишимче Москва кремли, Эйфел мунарасы, Улуу Кытай дубалы сыяктуу дагы көптөгөн кереметтер бар. Бирок байыркы гректер 7 гана кереметти жакшы билишкен.
Толкун: Мен 7 кереметти билчүмүн. Артемида храмын Герострат өрттөп жибергенин жаӊы билдим.
Жазгүл: Мен Артемида храмын жер титирөөдөн кыйрап калган экен деп ойлоп жүрчүмүн. Аны Герострат өрттөп жиберген тура.
Бакыт: Мен дүйнөдөгү 7 керемет жөнүндө гана эмес башка да тарыхый архитектуралык эстеликтер жөнүндө көбүүрөөк билгим келет. Ал тургай турист болуп барып, өз көзүм менен көрсөм деп ойлойм.

10) Окуучулардын билимин жана жигердүүлүгүн баалоо:

Окуучулар өздөрү бири бирине баа беришет.

11) Үйгө тапшырма:

«Дүйнөнүн 7 керемети» деген темада эссе жазып келүү.

11) Сабакты жыйынтыктоо:


Мугалим: Сабакка жигердүү катышканыӊар үчүн баарыӊарга рахмат. Ушуну менен бүгүнкү сабагыбыз аяктады. Саламатта калгыла.
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.