Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ЖАШЫНА ЖАРАША АТАЛЫШЫ

    Сабактын темасы: Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

    Сабактын максаты: Окуучулар:

      Жылкынын, төөнүн, уйдун, койдун, эчкинин адам баласынын турмуш-тиричилигиндеги маанаси тууралуу айтып беришет жылкынын, төөнүн, уйдун, койдун, эчкинин жашына жарашааталышын айта алышат, алган билимдерин, билгичтиктерин турмушта колдоно алышат, жаныбарларга аяр мамиле жасоого үйрөнүшөт

    Сабактын жабдылышы: Жаныбарлардын сүрөтү, текстер, ватман кагаздар, маркерлер

    Сабактын тиби: Жаӊы теманы өздөштүрүү сабагы.

    Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

    Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Түшүндүрмө илюстративдик усул, инсерт усулу, талкуу, чакан топтордо иштөө.

    Сабактын жүрүшү:

    Мугалим:

    Биз силер менен бүгүн Жаныбарлардын аттары деген сабакты өтөбүз. Сабакта жылкынын, төөнүн, уйдун, койдун, эчкинин жашына жараша аталыштарын үйрөнөбүз. Ал үчүн 4 топко бөлүнүшүбүз керек. Ар бир топко текстер таркатылып берилет. Ар бириӊ берилген тексти окуп чыгып, өз тобуӊарда талкуулап, анан жалпы топко презентация жасайсыӊар. Тексти окуп топто талкуулоого 5 минута убакыт берилет.

1-топ

Жылкы.


Ата-бабаларыбыз башка малга караганда жылкыны абдан аздектешкен. Анткени ал кышкысын көп кол карабай талаада оттоп кыштан жеӊил чыккан. Көчмөндөр үйүр-йүр жылкыны айдап бир жерден экинчи жерге тез эле жайыт которуп көчүп жүрүшкөн. Жоокерчиликте жылкы өтө маанилүү болгон. Элибиздин турмушун жылкысыз элестетүү кыйын. Аны унаа катары колдонуп, сүтүн саап кымыз жасашкан. Аш, тойлордо кобүнчө жылкы союшуп, терисинен саба жасашып, куйрук, жалынан кыл аркандарды эшишкен.

Жылкынын жаш курагына жараша аталыштарын билүү кыргыз баласы үчүн өтө маанилүү. Жылкы баласы жаӊы туулганда кулун деп аталып, бир жашка чыкканда тай, эки жашта кунан болот. Кызыктуусу, жылкы баласынын кулунун беш-алты айга чейин жабагы деп да аташат.

Тай, кунанды тестиер балдар минсе, жылкы баласы үчкө толгондон кийин, чоӊ кишилер да мине берет. Ошон үчүн үчтөн ашып-бышып жетилген жылкы баласы бышты аталып калган.

Бешинчи жылдан тарта бир асый, андан ары эки асый, деп аталат. Бул жылкы чындап баралына жетип, сатса баа боло турган курагы. Бекеринен асый деген сөз асыл- баалуу деген сөзгө үндөшпөсө керек.

Ургаачысы бээ болот. Эки жаштан кийинки, кулундай элек бээни байтал дешет. Тукум улай турган бычылбаган эркеги-айгыр, ал кичирээк кезинде айгырак аталат. Жылкынын бычылганын жөн гана ат дешет. Жылкынын пирин Камбар ата, күлүгүн тулпар, дулдул деп аташат.

2-топ

Төө.

Көчмөн элдердин турмушунда унаа жана көлүк катары зор мааниге ээ. Анын этин тамак-аш катары колдонуп, терисинен кайыш жасашат. Жүнүн ийрип таар согуп, кийим токушат. Бул жандыктын баласы тайлак же бото аталат. Төл алып келген ургаачысы иӊген болот. Ал эми жаныбардын күлүгү, жеӊил жүрчү күчтүүсү желмаян аталат. Төөнүн бир өркөчтүүсү нар, тукум улоочусу буура, бычылганы атан болот. Төөнүн пири Ойсул ата деп аталат.

3-топ.

Уй

Уй аш тойлорго союлчу ири малдын бири. Эти, сүтү тамак аш катары колдонулуп, терисинен кайыш жасалат.

Уй баласы - музоо, бир жашка торолгондо торпок аталат. Ал эми ургаачы баласы бир жаштан ашкандан кийин тай кунаажын, эки жаштан кийин кунан кунаажын, үч жашында бышты кунаажын болуп айырмаланганы менен, негизи кунаажын деп туур жашына, жетип калган ургаачы уйду аташат. Айрым жерлерде аны тубар уй дейт.

Ал эми үч жаштан өтүп, музоо тууган уйду адатта инек дешет. Уйдун эркеги бука болот, бычылганы өгүз аталат. Дагы оопаз же ноопаз деген сөз айтылат, ал бычылган буканын төрт жашка караганы. Уйдун пири Заӊги баба деп аталат.

4-топ

Кой, эчки

Кой майда малдын катарына кирип, жалгыз өзү чоӊ тойдун союшуна жарабаса да, кыргыз баласы үчүн орду чоӊ. Адам баласы үчүн койдун эти да , жүнү да, териси да жада калса кый да абдан пайдалуу. Этинен түрдүү тамак аштар жасалса, терисинен тон, ичик тигилип, жүнүнөн кездемелер токулат. Кыгы айыл чарбасында жер семирткич катары колдонулат.

Кой баласы козу болот. Бир жашка толуп калганын күрпөӊ дешет. Минтип ажыратып аталып калганы, бир жаштан кийин койду соө берсе болот.

Койдун эки жашка чыккан ургаачысы-токту. Ал төлдөй турган жашына жеткенде тубар кой аталат. Бирок жибек кездеменин түрүн атоочу тубар деген сөзгө үндөш болгону менен, бул сөз чынында туур, тууй турган деген сөз менен уӊгулаш.

Төрт жаштан ашкан ургаачы койду соолук дешет.

Тукум улоого эмес, семиртип этке союла турган эркек козу бычылып, бир жаштан ашкандан кийин ирик аталат. Ал эми бычылбаган, тукумдукка багыла турган эркек кой кочкор болот.

Кой жүнүнө жараша кылчык жүндүү жана уяӊ жүндүү болуп бөлүнөт. Мытыс (метис) койдун жүнү жумшак жана ичке болот (меринос). Кара жүндүү койлорду кыргыз кой деп аташат. Койдун пири Чолпон ата деп аталат.

Эчки адам баласы колго үйүр алдырган жапайы жаныбарлардын бири. Кош туяктуулардын пири аталган кайберен да элдик мифологияда дал ушул эчки кейпинде элестелет.

Ал эми эчки деп жаныбардын ургаачысы аталат, баласы-улак, айрым жерлерде-чыбыт, эркеги-теке бычылганы-серке деп аталат. Эчкинин пири Чычаӊ ата. Презентация: (Ар бир топко 3 минутага чейин убакыт берилет.) Топтук тапшырмалар: (Тапшырмаларды аткарууга 5 минута убакыт берилет.)

1-топ.

Сөздөрдү тапкыла.

  • «Эрдик кылып … союп, иттик кылып … тартпа.»
  • «… барда эл тааны, … барда жер тааны.»
  • «уйдун сүтү …»
  • «… мас болсо, … менен дос болот.»
  • «Эсиӊ болсо … бак, … тубат эки …»
  • 2-топ

    Суроолор?

  • Казангаптын төөсүнүн аты?
  • Эр Төштүктүн минген аты?
  • Кожожош кимдин каргышына калган?
  • «Гүлсарыат» кимдин чыгармасы?
  • Уй пул болоор, кул бий болоор-деп ким айткан?
  • 3-топ

    Дал келтир.

    жаныбарлардын аты ? пирлер
    1 жылкы А Чолпон ата
    2 тоо Б Чычан ата
    3 Уй В Ойсул ата
    4 Кой Г Занги баба
    5 Эчки Д Камбар ата
    № Жаныбарлардын аты ? Пирлер № ? 1 Жылкы А Чолпон ата 1 2 Төө Б Чычаӊ ата 2 3 Уй В Ойсул ата 3 4 Кой Г Заӊги баба 4 5 Эчки Д Камбар ата 5

    4-топ

    Дал келтир.

    Аталышы ? Озгочолуктору
    1 Соолук А Кулук ат
    2 Желмаян Б Уч жаштан откон тубар уй
    3 Серке В Торт жаштан ашкан ургаачы кой
    4 Дулдул Г Кулук тоо
    5 Инек Д Бычылган эркек эчки

    Мугалим ар бир топтон бирден окуучуну тургузуп тапшырмалардын жоопторун окутуп жалпы топ менен тууралыгын текшерет. Андан соӊ сабакты жыйынтыктоо үчүн жалпы топко суроолор берилет.

    Суроолор:

  • Бүгүнкү сабакта сен эмнелерди билдиӊ?
  • Бүгүнкү сабактын биз үчүн кандай кереги бар?
  • Бүгүнкү күндө биз үчүн жылкынын, төөнүн, уйдун, койдун, эчкинин кандай мааниси бар?
  • Баалоо: Формативдик баалоо.
  • веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.