Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Сабактын темасы: Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (Хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр

- окуучулар Кенесарынын кыргыздарга жасаган жортуулунун себептерин аныктай алышат,

- Ормон хандын согуштук искусствосуна баа бере алышат.

- Кенесарынын кыргыздардан жеӊилип калуусунун себептерин талдай алышат

-окугандарын, уккандарын түшүнүп, түшүндүрө алышат,

- ойлорун, пикирлерин тартынбай ачык айтууга үйрөнүшөт,

- окуучулар Кенесарынын кыргыздарга жасаган жортуулунун себептерин аныктай алышса,

- Ормон хандын согуштук искусствосуна баа бере алышса.

- Кенесарынын кыргыздардан жеӊилип калуусунун себептерин талдай алышса,

-окугандарын, уккандарын түшүнүп, түшүндүрө алышса,

- ойлорун, пикирлерин тартынбай ачык айта алышса,

Сабактын жабдылышы: Кыргызстан XVIII-XIX кк. (концептуалдык карта), Кенесары, Ормон, Жантай, Калыгул, Жангарачтын сүрөттөрү (буклет).

Сабактын тиби: Жаӊы теманы өздөштүрүү сабагы.

Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

Сабакта колдонуучу усулдар: Зигзак,

Сабактын жүрүшү:

1-кадам (1 мин.)


а) саламдашуу,
б) окуучулардын катышуусун тактоо,
в) класстык бөлмөнү сабакка даярдоо.

2-кадам (1 мин.)

Чакыруу

  • Аблай хандын кыргыздарга жасаган жортуулу кайсы жылдары болгон?
  • Анын жортуулу кандай натыйжалар менен аяктаган?

3-кадам (3 мин.)

Окуучуларга сабактын темасын, максатын жарыялоо жана милдеттерин түшүндүрүү.

Коолеративдик топторду түзүү.

Окуу китебинин 8-параграфындагы подтемаларды бөлүштүрүп берүү.

4-кадам (10 мин.)

Кооперативдик топ.


Окуучуларга окуу китебиндеги өздөрүнө тийиштүү подтеманы өз алдынча окуп чыгуу сунушталат.
1-топ: Кенесарынын баскынчылык жортуулдарынын себептери.
2-топ: Элчилердин иш аракети. Кыргыздардын хан кененин талабына жообу.
3-топ: Хан Кененин чапкыны. Жортуулдун башталышы.
4-топ: Ормон хандын согуштук искусствосу («Ормон опуза»).
5-топ: Май-Төбө, Мыкан салгылашуулары.

Эксперттик топ.

Окуучулар берилген суроолорду топтордо талкуулашат.

1-топ.

  • Кенесары Касымов ким болгон?
  • Анын Сары-Аркадан Жети-Сууга журт которуусуна эмнелер себеп болгон?
  • Кенесары Кыргыз жерине жортуулга чыгууда кандай максаттарды көздөгөн?
  • 2-топ.

  • Кенесары кыргыздарга кандай талаптарды койгон?
  • Кыргыздар анын талабына эмне үчүн көнүшкөн эмес7
  • Кенесарынын чапкынына каршы кыргыздардын көз каранды эместик үчүн күрөшүн кимдер жетектеген?
  • 3-топ.

  • Кенесарынын кол салуусуна кайсы окуя шылтоо болгон?
  • Жангарач элин кызыл-кыргындан сактап калыш үчүн кандай аракеттерди жасаган?
  • Бишкек, Токмок чептериндеги кокондук сарбаздар кыргыздарга эмне үчүн колдоо көрсөтүшкөн эмес?
  • 4-топ.

  • »Ормон опуза» деген эмне?
  • Ормон хандын бул аракети согуштун жүрүшүнө кандай таасир тийгизкен?
  • 5-топ.

  • Кенесарынын кыргыздардан жеӊилип калышынын себептерин аныктагыла?
  • Орус бийлиги кыргыздардын Кенесарыга каршы күрөшүн кандайча колдогон?
  • Боордош эки элдин бири-бири менен касташуусуна кимдер күнөөлүү деп ойлойсуӊаор?
  • 6-кадам (10 мин.)

    Кооперативдик топ.

    Окуучулар эксперттик топто талкуулагандарын бири-бирине айтып түшүндүрүп беришет.

    7-кадам (8 мин.)

    Сабакты бышыктоо: Сабакты бышыктоо үчүн жалпы топко мугалим тарабынан берилүүчү суроолор.

  • Кенесары касымов ким болгон?
  • Кенесары Кыргыз жерине жортуулга чыгууда кандай максаттарды көздөгөн?
  • Кенесарыны кыргыздардан эмне үчүн жеӊилип калган?
  • Боордош эки элдин бири-бири менен касташуусуна кимдер күнөөлүү деп ойлойсуӊаор?
  • 7-кадам (1 мин.)

    Баалоо.

    Сабакка жигердүү катышкан окуучуларды окуучулар өздөрү аныкташат.

    8-кадам (1 мин.)

    Үйгө тапшырма.

    8-парагрфты окуп колдонмо дептерди толтуруп келүү.

    веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.