Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ТАМАК-АШТАРЫ ЖАНА МЕЙМАН ДОСТУГУ

1-сабак

Сабактын темасы:Улуттук тамак аштар.

Сабактын максаты:Окуучулар

• улуттук тамак аштын түрлөрүн атай алышат,

• эт азыктары, дан азыктары, сүт азыктары тууралуу айта алышат,

• улуттук тамак аштарга баа бере алышат.

• улуттук тамак аштарды жасоого кызыгуулары артат.

Сабактын тиби: Киришүү сабагы

Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

Сабактын жабдылышы:Сүрөттөр, ватман, стикер, маркер, слайд.

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу:

• Кыргыз элинин кандай улуттук тамактарын билесиӊер?

• Эт азыктарына кайсылар кирет?

• Сүт азыктарына кайсылар кирет?

• Дан азыктарына кайсылар кирет?

Мугалим:Эмесе биз бүгүн силер мененааламда жашаган ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн тамак-ашы туралуу жаӊы тема өтөбүз. Ар бир эл кийген кийими, жеке чарбасы, өӊү-түсү менен айырмаланган. Адам баласы өзүнүн улуттук рухий дүйнөсүнө жана маданий деӊгээлинне жараша тамак-аш жасоону өнүктүрүп келген. Тамак-аш кыргыз элинин материалдык маданиятынын бир формасы. Ал жер шаарында жашагаан баардык элдерде жасалат. Элдердин улуттук өзгөчөлүгүнө, географиялык шартына жараша тамак-аштын да түрлөрү көп болот.Кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүнө жараша өзүнө гана мүнөздүү тамак-аштары бар. Аларды жасоо, даярдоо бышыруу байыркы доорлордон бери сакталып, бүгүнкү күндө да кеӊири колдонулуп келе жатат. Ата-бабаларыбыз илгертен бери жасап келе жаткан тамак-аштын 200 дөн ашуун түрү белгилүү, Алардын негизгилери болуп бешбармак, куурдак, ботко, шишкебек, боорсок ж.б. Улуттук сый тамактын эӊ чүйгүнү болгон бешбармак нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча тамак катары калыптанган. Ошондуктан аны ушул кезге чейин айрым карыялар «кесме нарын» деп коюшат. Кыргыз эли меймандос, кеӊ пейил эл экендигин анын дасторконунан билүүгө болот. Кыргыз дасторконунан элдин мүнөзү жашоо образы байкалат. Мал чарбачылыгы жакшы өнүккөн кыргыз элинде эт, сүт жана дан азыктарынан жасалган тамактын түрлөрү өтө көп. Мисалы, сүт азыктарынан: айран, каймак, сары май, сүзмө курут, быштак сыяктуу адамга сиӊимдүү жана пайдалуу тамактарды жасашкан. Улуттук тамактардын эӊ сонун түрлөрү кездешет. дандан жасалган калама, каттама, куймак, жупка, көмөч, токоч, тандыр нан сыяктуу нандын эле ондогон түрлөрн саноого болот. Эмесе биз азыр үч топко бөлүнүп иштейбиз. Ар бир топко өз зӊнчө тапшырмалар берилет. Берилген тапшырма 5 минутага чейин аткарылып бүтүшү керек

1-топ: Эт азыктары.

2-топ: Сүт азыктары:

3-топ: Дан азыктары:

Презентация: Окуучулардын жооптору;

1-топ.

Эт азыктары. Нарын, күлазык, олобо, жөргөм, ташкордо, быжы,бешбармак, куурдак ж.б.

2-топ.

Сүт азыктары. Айран, сүт, каймак, сары май, сүзмө, курут, быштак, кымыз ж.б.

3-топ.

Дан азыктары. Нан, токоч, каттама, боорсок, калама, каттама, куймак, жупка, көмөч, максым, бозо ж.б.

Мугалим: Улуттук тамак аштын түрлөрү боюнча үч топко дагы үч тапшырма берилет. Бул тапшырманы аткарууга 5 минута убакыт жетиштүү деп ойлойм.

1-топ: Күл азык.

2-топ: Кымыз.

3-топ: Каттама.

Презентация: Окуучулардын жооптору;

1-топ.

Күл азык. Күлазык- көпкө сакталуучу тамак. Күлазыктын негизи уйдун, койдун, жылкынын, кийиктин этинен жасалат. Союлган малдын, кайберендин эти бышырылып, туурасынан жука кесилип, куургатылып сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартылат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнар заматун кошулуп, кызарганча куурулат, суугандан кийин жакшы ичтелген карынгасалынат. Күл азык узак сапарга, аӊ улоого, жүрүшкө, казатка чыгаарда даярдалат.

2-топ.

Кымыз.

Кымыз бээнин сүтүнөн ачытылып жасалат. Ал атайын ышталган сабада же арча челекте ачытылат. Жаӊы саалган сүттү муздатып, сабадагы чийки сүт менен көрөнгөнүн үстүнө куюп бишкек менен бышат. Эӊ соӊку саалган сүт эл жатаарда куюлуп, аябай бышылат да, андан кийин саба жылуу жабылат. Кымыздын сапаты жасоо ыкмаларынын туура сакталышына, көп бышылышына, канча убакыт ачытылышына, сабанын өз маалында ышталып жана майланып турушуна жараша болот. Кымыз жасалышы жана ачытылышы боюнча бир нече түргө бөлүнөт;

Уй кымыз – уйдун же топоздун сүтүнөн жасалат.

Төө кымыз – төөнүн сүтүнөн жасалат.

Бал кымыз – байтал бээнин сүтүнөн жасалат.

Ууз кымыз – эрте жаздагы кымыз.

Сөөк кымыз – кеч күздөгү кымыз.

Тунма кымыз – бышылбай даярдалган эӊ алгачкы кымыз.

Саамал кымыз – көрөӊгөгө жаӊы сүт кошулуп жакшы ачый элек кымыз.

Ымшытма кымыз – тердетүү үчүн жылытылган кымыз.

Чайкалган кымыз – бал, кант, мейиз кошулуп чайкалган кымыз.

Тоӊдурма кымыз – чаначка же көөкөргө тоӊдурулган кымыз.

3-топ.

Каттама.

Каттама – жука жайылып камырдын бетине май же каймак сүйкөлүп, бир нече катталып бышырылган нан. Ачыбаган камыр жука жайылып, бетине каймак же май сүйкөлүп, жумурулап катталып, төгөрөктөп оролуп, кайра жука жайылат. Каттаманын кабаты көп болсун үчүн жогорку ыкма дагы 2-3 жолу кайталанып какшыган казанга же көмөч казанга бышырылат. Каттаманын кабаты канчалык көп болсо ал ошончолук даамдуу болуп, жегиликтүү болот.

2-сабак.

1.Сабактын темасы: Конок күтүү.

2.Сабактын максаты;

а) билим берүүчүлүк:

 окуучу окуп түшүнөт, түшүндүрө алат;

 кой этинин мүчөлөрүн, жиликтерин атай алат;

 устукандаганга, табак жасаганга, тамак тартканга үйрөнөт;

б) өнүктүрүүчүлүк:

 -ой жүгүртүүсү өнүгөт;

 өз оюн тартынбай ачык айтканга үйрөнөт;

 топто иштей алат;

в) тарбиялоочулук:

 конок күтүүгө үйрөнөт;

 улуттук каада салттарды өздөштүрөт;

 турмушка болгон кызыгуусу артат;

3. Сабактын тиби: Жаӊы материялды өздөштүрүү сабагы.

4. Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

5. Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар; талкуу усулу, пробле- малык усул, түшүндүрмө иллюстративдик усул, класстер, кубик.

6. Сабактын жабдылышы; ватман кагаз, маркер, кубик. койдун мүчөлөрү (чийме).

7. Сабактын жүрүшү:

а) уюштуруу,

б) текс менен иштөө,

в) конок күтүү эрежесин түзүү,

г) сабакты жыйынтыктоо.

Чакыруу.

1. Конок деп кимдерди айтабыз?

2. Сага кандай адамдар менен конокто болуу жагат?

3. Жакынарада кимдер менен конокто болдуӊ?

4. Конокто болуу сага кандай таасир калтырды? Мугалим окуучулардын жоопторун уккандан кийин, аларды сабактын темасы, максаты, милдети менен тааныштырып, окуучуларды эки топко болүп, топторго атайын даярдалган текстерди таркатып берип, аны 15 минутанын ичинде кунт коюп жакшылап окуп чыгууну сунуш кылат.

1-топ.

Касапчылык чоӊ өнөр.

Келген коноктор көп болгондуктан кыргыздар аш, тойлордо жылкы, уй, кой союшкан. Мал союп, этин жиликтеп, бышырып, келген конокторго тарта билүү кыргыз жигиттери үчүн чоӊ өнөр болгон. Малды мыкты сойо билген адамды касапчы деп аташкан. «Чымчыкты сойсо касапчы сойсун» деген макал жөн эле айтылган эмес. Союлган малдын этин ит, куш кирбеген салкын жерге жазылган чийдин бетине сакташкан. Эт сактаган жайга баш көз болгон адамды чыгдан башы деп коюшкан. Чыгдан башы чийки этти ашпозчуларга бөлүп берген. Ашпозчулар этти бышырып бөкөөл башчыга дайындаган. Бөкөөл башчы жанына эки, үч адамды алып, бышкан эттерди конокторго тартылуучу табактарга ырастаган. Ошондуктан элибиз «Туурамчыдан тууганым болгончо, бөкөөлдөн бөлөм болсун» дегешкен. Туурамчы деп бышкан этти нарындап куш тилиндей майда туурай билген адамды айтышкан.

Келген мейманды кой союп коноктоо ата-бабаларыбыздын эзелтен берки салты. Үй ээси конокторго уят болбош үчүн койду кой сойо билген адамга сойдуруш керек. Кой сойо билүү да өзүнчө чоӊ өнөр. Кой сойгон адам койдун жилик, сан эттерин бири-бирине обуштурбай союусу абзел.

Кой этинин мүчөлөрү: Жото жилик (экөө), кашка жилик (экөө), кар жилик (экөө), күӊ жилик (экөө), жамбаш (экөө), далы (экөө), куймулчак, карчыга, төш, кара кабыргалар, бел омурткалар, жетим омурткалар, моюн омурткалар, баш, шыйрак (төртөө).

Кой сойгондо балдар баш, шыйрактарды куйкалап, келиндер ичеги- карындарды тазалап, жөргөм жасашат.

2-топ.

Кой этин устукандоо жана табак тартуу.

Эт бышкандан кийин атайын депкирдин жардамы менен казандан өзүнчө бир табакка же чарага чыгарылат. Этти чыгарууда устукандар этинен ажырабай чыгарылышы керек. Коноктордун улуу, кичүүсүнө жараша жиликтерди ылайыктоо устукандоо, устукандарды табактарга бөлүштүрүү табак жасоо деп, жасалган табактарды коноктордун алдына кою табак тартуу деп аталат. Табак коноктордун санына, сыйына жараша улуу табак, ортоӊку табак, кичүү табак деп бөлүнөт. Улуу табак аксакалдарга, сыйлуу конокторго тартылат.

Элибиз «Кардыма ыйлабайм кадырыма ыйлайм,» дейт. Анысы кандай «Эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартпай» келген конокту жакшылап сыйлай билүү керек. Конокту сыйлоодо устуканды туура тартуу чоӊ мааниге ээ. Жумшак эттүү, майлуу устукандар аксакалдарга, карыларга, сыйлуу конокторго, куда сөөөктөргө. арка моюн, далы кар жилик жаштарга тартылат. Төш кыздарга ылайыкталат. Эӊ улуу устукан болуп жанбаш эсептелет. Андан кийинкиге кашка жилик, жото жилик, карчыга тартылат. Куймулчак аялдардын эӊулуусуна же кудагыйга берилет.

Баш койдун негизги мүчөсү болгондуктан Таласта баш, жамбаш менен чогуу аксакалга тартылат. Аксакал башты алып жумшак жеринен ооз тийип үй ээсине же балдарга жылдырат. Конокко кой сою салт болсо, аксакалга баш тартуу адат, баштын кулагын кесип балдарга берүү ырым, куйкасын конокторго ооз тийгизүү каада болуп эсептелет. Аялдарга баш, кыздарга кар жилик тартылбайт. Конокторго күӊ жилик, моюн салынбайт.

Табактар сыйлуу конокторго үч кишиден, киши көп болгон учурларда төрттөн, бештен тартылат. Ар бир табакта отургандардын кичүсү устукандарды тууралап бөлүштүрүп, эт туурап, аксакалдарга эт кесип берип тамакты ырастайт.

Окуучулар тексти окуп чыккандан кийин мугалим эки топко эки кубикти берип, ар ким өз тобунда кубиктеги суроолорду талкуулоону сунуш кылат. Талкууга 10 мүнөт убакыт жетиштүү.

1-топ.

1. Касапчы, чыгдан башы, бөкөөл башы, ашпозчу, туурамчы деген сөздөрдүн мааниси кандай?

2.»Чымчыкты сойсо касапчы сойсун» деп эмне үчүн айтылган?

3. Эмне үчүн кыргыздар уйга караганда жылкыны жогору баалашкан?

4.»Туурамчыдан тууганым болгончо, бөкөөлдөн бөлөм болсун,» деген макалды кандай түшүнөсүӊ?

5. Кой эти кандай мүчөлөрдөн турат?

6.»Конок койдон жоош» деген сөздүн маанисин кандай түшүнөсүӊ?

2-топ.

1. Конок тоскон жакшыбы, же конок болгон жакшыбы?

2. Эӊ улуу аксакалга жана сыйлуу конокторго кандай устукандар тартылат?

3. »Кардыма ыйлабайм. Кадырыма ыйлайм,» деген сөздүн маанисин кандай түшүнөсүӊөр?

4.Эрдик кылып кой сойуп, иттик кылып төш тартпа,» деген сөзүн кандай түшүнөсүӊөр?

5.Эмне үчүн аялдарга баш тартылбайт?

6.Эмне үчүн баш, кулак, шыйрактар балдарга берилет?

Талкуудан кийин ар бир топ өздөрүнүн жыйынтыктарын презентациялайт. Презентацияга 3 мүнөт убакыт берилет. Андан кийин жалпы топко конок күтүү жана конокто болуу эрежесин иштеп чыгуу тапшырылат. 10 мүнөттөн кийн ар бир топ өздөрү түзгөн эрежелер менен жалпы топту тааныштырат.

Окуучулардын жооптору:

1-топ.

Конок күтүү эрежелери.

• конокторду жадырап жайнап тосуп алуу;

• үйгө киргизип жайгаштыруу;

• таанышуу жана тааныштыруу;

• дасторкондогу даам татымдардан алып чай ичип отуруусун өтүнүү:

• малга бата тилөө:

• конокторду зериктирбей кеп-сөзгө тартуу:

• колго суу кую;

• тамак тартуу;

• дасторконго бата кылуу;

• узатуу;

2-топ.

Конокто болуу эрежелери:

• күттүрбөй өз убагында баруу;

• коноктогуларга өзүн тааныштыруу жана таанышуу;

• малга бата кылуу;

• кеп сөэгө аралашып өзүн адептүү алып отуруу;

• бышкан тамакты таштабоо;

• колго суу куйган балага бата берүү;

• дасторконго бата кылуу;

• үй ээсине ыраазылык билдирүү:

Сабакты жыйынтыктоо.

1.Билем.

2.Жаӊы билдим.

3.Кайчылаш ойлор.

4.Билгим келет.

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.