Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

тушоо кесуу

Сабактын темасы : Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Сабактын максаты:
Окуучулар:

  • сутканы маалдарга ажырата алат,
  • өзүнүн күн-тартибин түзө алат,

Сабактын тиби: Киришүү сабагы.

Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

Сабакта колдонулуучу усулдар: Түшүндүрмө-иллюстративдик усул.

Сабактын жабдылышы: Глобус, таблица.

Сабактын жүрүшү.

Чакыруу.

  1. Бир суткада канча саат бар?
  2. Күн менен түн кандайча алмашат?

Мугалим чакыруу стратегиясынан кийин окуучуларды сабактын темасы милдети менен тааныштырып «Күндүн маалга бөлүнүшү» деген таблицанын негизинде биздин ата - бабаларыбыз саат колдонгонго чейин күнгө, айга, жылдыздарга карата күндү кандай маалдарга бөлүп күнүмдүк тиричиликтерин, чарбасын жүргүзүп келгендигин түшүшндүрүп айтып берет.

Кундун (сутканын) маалдарга бөлүнүшү.

1-топ

Маал Озгочолугу
1 Сопу сандык Түн ортосунан ооп жылдыздар суюла баштаган маал.
2 Тан атаар Жарыктын жышааны көрүнүп таӊ сүрө баштаган маал.
3 Ак шам Жер жарык болуп бирок күн чыга элек маал.
4 Шашке Күн чыккан маал
5 Чон шашке Күн жерден эки аркан бою көтөрүлүп калган маал
6 Жалган түш Күн төбөгө жакындаган маал
7 Чак түш Күн төбөгө келген маал
8 Бешим Күн төбөдөн оогон маал
9 Кеч бешим Күн батаар маал
10 Шам Кун баткан маал
11 Куптан Карангы кирип, коз байланып,эл орунга отура баштаган маал
12 Тун Асманга жылдыз толуп эл уйкуга камына баштаган маал
13 Тун ортосу Эл тегиз таттуу уйкуга кирген маал

.Мугалим шам жана куптан жөнүндө айтып жатып окучуларга көчөдө максатсыз эле басып жүрө бербей күн баткандан кийин эл орунга отурганча ата-энесин күттүрбөй үйүнө келип калуусу керек экендигин эскерте кетүүсү абзел. Андан соӊ мугалим окуучуларга «Күндүн маалга бөлүнүшү» деген таблицанын негизинде «Менин күн тартибим» деген таблицаны толтурууну сунуш кылат. Таблицаны толтурууга 10 минута убакыт берилет.

Менин күн тартибим,

Маал Аткаруучу иштер
     

Айрым окуучулар өздөрүнүн күн тартиби тууралуу жалпы топко окуп берген соӊ мугалим сабакты төмөндөгү суроолорго жооап алуу менен жыйынтыктайт.

  1. 1. Бугунку сабакта сен эмнелерди билдиӊ?
  2. 2. Бугунку билгендериӊдин турмушта сен учун кандай пайдасы бар?

2 –сабак.

Сабактын темасы: Аптанын күндөрү, айлар жана жылдар

Сабактын максаты:
Окуучулар:

аптанын күндөрүн, айларды жана жылдарды кыргызча, орусча, англисче атай алат.


аптанын күндөрүнүн, айлардын, жылдардын аттарын ирээти менен айта алат.

3. Сабактын тиби: Бышыктоо сабагы.

4. Сабактын өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

5. Сабактын жабдылышы: Ватман кагаз, түстүү маркерлер, календарь.

6. Сабакта колдонулуучу усулдар: Талкуу усулу, түшүндүрмө иллюстративдик усул, cтимулдаштыруу усулу.

7.Сабактын жүрүшү:

Чакыруу.
  1. Бир аптада канча күн бар?
  2. Бир жылда канча ай бар?
  3. Бир жылда канча күн бар?
  4. Быйыл кайсы жыл?

Чакыруу стратегиясынан кийин мугалим окуучуларга сабактын темасын, максатын тааныштырат.
Окуучуларды 4 чакан топко бөлүп

1-топко «Аптанын күндөрү» деген 1-таблицаны,
2-топко « Айлардын аталышы» деген 2-таблицаны,
3-топко «Жылдардын аталышы» деген 3-таблицаны,
4-топко « Жыл сүрүү« деген 4-таблицаны толтурууну сунуштайт.
Таблицаларды толтурууга 10 мүнөт убакыт берилет.

1-таблица Аптанын күндөрү

1-топ

Кундор Кыргызча Орусча Англисче
1      
2      
3      
4      
5      
6      
7      
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.