Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тема:Курманжан датка Алай ханышасы

1-топ

Курманжандын ата-теги жана коомдук ишмердигинин башталышы.

Курманжан датка 1911-жылы Ош шаарына жакын Орок кыштагында мунгуш уруусунун баргы уругунан чыккан Маматбайдын үй бүлөсүндө төрөлгөн. Ал жаш кезинен эле өз оюн бетке айткан, акыл-эси башкалардан өзгөчөлөнүп турган, намыскөй кыздардан болгон. 17 жашында ата-энеси кудалап койгон мунгуш уруусунун жоош уругунан чыккан Садиярдын уулу Кулсейитке турмушка чыгат. Бирок күйөөсү көӊүлүнө толбогон Курманжан өз мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп атасынын үйүнө келе берет. 1832-жылы Курманжан 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп. көп узабай аны менен баш кошот. Экөөбү 29 жыл жашап 5 балалуу болгон. Курманжан Алымбек даткага турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. Көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеӊешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болгон. Ал 1907-жылы 97 жашында Мады айлында жарык дүйнө менен коштошкон.

2-топ.

Курманжан датканын Кокон хандыгы менен мамилеси.

• 1862-жылы Алымбек датка өлгөндөн кийин Бухара эмири Сейит Музаффар Эддин менен Кудаяр хан «датка» мансап даражасын берген. • 1965-жылы Кудаяр хан үчүнчү жолу такка отурганда уулу Абдылдабекти ээрчитип Коконго барган. • Кудаяр хандын энеси Жаркын айым менен ынак сырдаш болгон. • Кудаяр хан урматтап мөөр ойдуруп, кымкап чапан белек бечкектерди берип уулу Абдылдабекти Ошко аким кылып дайындаган. • Кудаяр хандын саясатына нааразылык билдирген жана элдик кыймылдын башталышына үн кошкон. Тун уулу Абдылдабектин Кудаяр хандын бийлигине каршы кыймылына бата берген. Көтөрүлүштүн жетекчилери Шер датка, Мамыр Мерген уулу Абдымомун, Оморбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн.

3-топ.

• 1876-жылы Кокон хандыгы жоюлгандан кийин Курманжан датка кичүү уулу Камчыбекти небереси Мырзапаязды алып бир топ бийлердин коштоосунда генерал-майор М.Д.Скобелевке жолугууга барат. Скобелев датканы сый урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөк белекке берип «алай ханышасы» деп баа берет. Бул жолугушууда абалды туура баамдаган датка Россияга өтөөрүн билдирет. Падышалык бийлик ага полковник чинин ыйгарат. • Курманжан датканы падышалык бийликтин адамдары абдан кадырлашкан. Ал генерал-майор Скобелев, Ош уездинин начальниги Ионов, Түркстан крайынын генерал-губернатору Кауфман, Черняев, ал турсун Россиянын согуш министри Куропаткин сыяктуу адамдар менен жакшы мамиледе болгон. • 1892-жылы 81 жаштагы Курманжан датка генерал-губернатор барон Веревский менен, андан соӊ 1893-жылы генерал-губернатор болуп жаӊы эле дайындалган Павло-Шывыйковский менен жолугушуп элдин келечек тагдыры жөнүндө баарлашкан. • 1895-жылы уулдары жалган жалаа менен камалып Камчыбек даргага асылып, Махмудбек, Асанбек жана небереси Мырзапаяз Сибирге сүргүнгө айдалат. • 1897-жылы 15-февралда Түркстан-генерал-губернаторуна балдарын бошотуу жөнүндө кайрылган. Генерал-губернатор барон Веревский Россиянын аскер министрине Курманжан датканын балдарына эркиндие берүүсүн суранып кайрылган. • 1997-жылы 19-мартта Курманжан датканын балдарын бошотуу тууралуу Петербругдан Аскер министринин көрсөтмөсү келген.

4-топ.

Курманжан датканын инсандык сапаттары.

Чечкиндүү

Акылдуу.

Көрөгөч.

Намыстуу.

Кайраттуу.

Кадырлуу.

Салабаттуу.

Мээримдүү.

7-кадам. Сабакты Курманжан датка «Алай ханышасы» деген слайд менен жыйынтыктоо. ( 5 мин.)

8-кадам. Баалоо: (3 мин.) Калыптандыруучу баалоо.

9-кадам. Үйгө тапшырма: (1 мин.) Курманжан датка деген темада эссе жазып келүү.

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.