Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ыкталышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

1.Сабактын темасы:Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ыкталышы.

2.Сабактын максаты:

- окуучу Ысык-Көлдүк кыргыздардын Орусияга ыкташынын себептерин айтып бере алат - элчилике кимдер, качан баргандыгын, ал элчилик кандай натыйжага ээ болгондугун айта алат, - кыргыз орус элчилик мамилелеринин тарыхый маанисине баа бере алат, - өз оюн, көз карашын бөлөктөр менен бөлүшө билүүгөүйрөнөт, - башкалардын ойлорун уга жана баалай билгенге үйрөнөт.

3.Сабактын жабдылышы:

- Кыргызстандын картасы. - Кыргызстан XVII-XIX кк. (таяныч конспекти) - Атаке баатыр, Ормон хан, Боромбай (сүрөт) - ватман кагаз, маркерлер,

4.Сабактын тиби:

Аралаш сабак.

5.Сабакты өтүүнүн формасы:

Интерактивдүү сабак.

6.Сабакты уюштуруу:

а) саламдашуу б) окуучуларды тактоо в) классты сабакка даярдоо г) окуучуларды 3 топко бөлүү

7.Үй тапшырмасын бышыктоо:

Суроо.

1.Уруулар аралык чыр чатактарга эмнелер себеп болгон? 2.Уруулар аралык чыр-чатактар кыргыз элинин турмушуна кандай салакасын тийгизкен? 3.Шераалы хандык бийликке кандайча жеткен?

8.Жаӊы теманы өздөштүрүү.

Чакыруу.

1.Оруссияга алгачкы элчилик качан, ким тарабынын жиберилген? 2.XIX кылымдын биринчи жармында Ысык-Көлдүк кыргыздар Оруссияга кимдерди элчиликке жиберген.

План

1.Сабактын темасын, максатын, милдетин ачыктоо.

2.Топторго тапшырмаларды берүү.

3.Презентация

Мугалим ар бир топко окуу китебинин §11 дагы кичи темаларды бөлүштүрүп берет. Оз алдыларынча окууга 10 минута, чакан топтордо талкуулоого 10 минута убакыт берилет

1-топ: Бугу уруусунун Оруссияга ык алышынын себептери.

2-топ: Бугу уруусунун Батыш Сибирдеги Орус бийлиги менен элчилик байланыштары.

3-топ: Бугу уруусунун Оруссия бийлигине баш ийүүсү.

Презентация (3 мүнөт)

1-топ

Бугу уруусунун Оруссияга ыкташынын себептери. 1.Коӊушу уруулар менен ич ара чыр-чатактын ырбашы. 2.Кокон хандыгынын кысымы. 3.Казак султандарынын кысымы. 4.Кытай Богдыханынын амалкөй аракеттери. 5.Кулжадагы кытай бийлигинин көлдүк кыргыздардан салык алуу аракети. 6.Сарыбагыш, урууларынын жортуулдары. 7.Орус аскерлеринин Капал, Иле чөлкөмдөрүн ээлеши. 8.Верный чебинин негизделиши. 9.Татар көпөстөрүнүн үгүттөрү.

2-топ.

1847-ж.- Ормон хан, Жантай, Жангарачтын орус бийлигине кайрылуусу. 1848-ж - Бугу уруусунун манабы Боромбайдын Батыш Сибирь генерал-губернаторуна кайрылуу каты. 1853-ж.-Бугу уруусунун манабы Боромбайдын Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жиберген каты.

3-топ:

1855-ж. 17-январь - Бугу руусунун элчиси Качыбек Шералы уулу Омскиде Бугу уруусу Оруссиянын букаралыгына өтөөрү жөнүндө кепил катары куран кармап ант берди. 1856-ж.-борбору Верный болгон Ала-Тоо округу түзүлдү.

9.Окуучулардын билимин баалоо.

а)топтордун ишин баалоо

б)окуучулардын жоопторун баалоо,

10.Сабакты жыйынтыктоо:

- билем

- жаӊы билдим

- кайчылаш ойлор

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.