Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Үй-бүлө - адептүүлүктүн башаты.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Атагулов Акчал

Атагулов Акчал Рыспекович 1955-жылы 4-мартта Талас районунун Кара-Ой айлында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1963-1973-жылдары Талас районундагы Көк-Арык орто мектебинде билим алган.

1973-1978-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуп, аны аяктаган соӊ эмгек жолун Талас районундагы Көк-Арык орто мектебинде тарых сабагынын мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

1998-2005-жылдары Талас районундагы физика-математика багытындагы «Манас» лицейинде директордун окуу тарбия жана илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеген.

2005-жылдын сентябрынан 2015-жылдын сентябрына чейин Талас шаарындагы Талас областтык чет тилдер багытындагы лицей-комплексинде директордун окуу тарбия жана усулдук иштер боюнча орун басары милдетин аткарган.

Бүгүнкү күндө ушул лицейде психолог жана насаатчы мугалим болуп эмгектенүүдө. Үй-бүлөлүү. Бир уул, төрт кыздын атасы.

Атагулов Акчал сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын мыкты өздөштүргөн усулчу, жаш педагогдорго педагогиканын сырларын үйрөткөн насаатчы, талыкпай изденген чыгармачыл инсан.

Жигердүү эмгеги үчүн Талас шаарынын жана Талас областтык мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министирлигинин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган. «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги». Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгилеринин жана Кыргыз Республикасынын тарыхчылар ассоциясынын «Тарых» медалынын ээси. Айылдык билим берүү долбооруна катышып «Лидер завуч» номинациясына ээ болгон.

«Көк-Арык,» «Акшербет,» «Дүйнө тарыхы, Кыргызстандын тарыхы, адам жана коом сабактары боюнча таяныч конспектилер,» «Сабак окутуунун жана тарбиялоонун негизги формасы,» «Кыргыз таануу-турмуш таануу,» «Шараноот насили», «Сабакты өтүүнүн жолдору», «Көөнөргүз кыргыз маданияты боюнча тарбиялык сааттардын жана класстан тышкааркы иш-чаралардын иштелмелери» аттуу усулдук колдонмолордун, чыгармалардын жана көптөгөн макалалардын автору. Анын макалалары, аӊгемелери, эсселери, ырлары «Кутбилим», «Кутбилим сабак», « Кыргыз туусу», «Мугалимдер дүйнөсү», «Кыргыз руху», «Талас турмушу,» «Жаӊы багыт» «Билим баяны», Дабан» газеталарына, «Байчечекей», »Мугалим», «Шоокум», «Извесстия вузов Кыргызстана» журналдарына үзгүлтүксүз жарыяланып келе жатат.

© Web- сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.
2018-2019- окуу жылы.