Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК ОЮНДАРЫ

    1.Сабактын темасы: Кыргыз элинин улуттук оюндары.

    2.Сабактынмаксаты: Окуучулар;

    • элдик оюндардын түрлөрүн атай алышат,
    • оюндардын шарттарын түшүнүп түшүндүрүп бере алышат,
    • ат оюндарын, чүкө оюндарын, акыл оюндарын, кыймылдуу
    • оюндарды бири биринен айрымалай алышат,
    • оюндардын турмуштагы, жана адамдын ден-соолугунун өсүп өнүгүүшндөгү маанисин айтып бере алышат.

      1.Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү.

      4.Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

      5.Сабакта колдонулуучу усулдар: Түшүндүрмө иллюстративдик, талкуу, иликтөө, талдоо усулу.

      6.Сабактын жабдылышы:Кыргыздардын элдик оюндарын чагылдырган буклет, фото стенд, слайд.

      7.Сабактын жүрүшү:

      Мугалим окуучуларды сабактын максаты милдеттери менен тааныштырып, аларга кыргыздардын улуттук оюндарын атап берүүсүн сунуштайт. Окуучулардын жоопторун класстык тактага жазып, андан соӊ окуучуларды 4 топко бөлөт. 1 - топко класстык тактадагы жазылган элдик оюндардын ичинен ат оюндарын, 2 - топко-чүкө оюндарын, 3 - топко акыл люндарын, 4 - топко кыймылдуу оюндарды бөлүп жазууну сунуш кылат. 5 минутадан кийин ар бир топ өз иштерин презентациялашат. Презентацияга 3 минута убакыт берилет.

      • ат чабыш
      • кыз куумай
      • ак чөлмөк
      • топ таш
      • тогуз коргоол
      • кан таламай
      • көк бөрү
      • эр сайыш
      • дойбу
      • томук жашырмай
      • шакек жашырмай
      • тыйын эӊмей
      • ордо
      • качма топ
      • жамбы атмай
      • коон чапмай
      • үчүм
      • чатыраш
      • чакан ж.б.

      Презентациядан кийин мугалим ар бир топко өздөрүнө тийиштүүүч оюнду тандап алып « Улуттук оюндар» деген таблицаны толтурууну сунуш кылат. Таблицаны толтуруга 10 минута убакыт берилет.

      Улуттук оюндар

      Оюндун аталышы Оюндун шарттары Оюндун мааниси
           

      Окуучулардын жооптору:

      1-топ.

      Ат оюндары

      Оюндун аталышы Оюндун шарттары Оюундун мааниси
      Ат чабыш Эӊ күлүк аттар тандалат. . Күлүктөрдү саяпкерлер тапташат. Күлүктөр 50-60 чакырым аралыкка чейин чабылат. Күлүктөрдү чабандестер чабышат.Ат чабышта алдыга чыгып келген күлүктөргө байгелер берилет Элди ат багууга жана аттын тукумун жак-шыртууга кызыктырат. Күлүктү, күлүк ээсин, саяпкерин, чабандесин элге таанытат. Тойдун же аштын даӊазасын чыгарат.
      Улак тартыш Бул оюнга жашы 19 дан ашкан эркектер катышат. Алар 5-6 дан эки топко бөлүнүшөт. Ташы жок түз жер тандап алынып, аралыгы 200-300 метр жерге улак ташташ үчүн казандар орнотулат. Уткан топко байге берилет. Жигиттердин күчтүүлүгү, шамдагайлыгы, атка чыйрактыгы сыналат.Аттардын күлүкүтүгү, күчтүүлүгү көрүнөт. Жигиттерди шамдагайлыкка, чыдамдуулукка, намыскөйлүккө тарбиялайт.
      Кыз куумай Оюнга атка чыйрак кыздар, жигиттер ка-тышат. Кызга аттын күлүгүн тандап мингизишет. Жигит качкан кызды кууп жетиши керек. Жетсе утту деп эсептелет. Жигиттерди, кыздарды шамдагайлыкка атка чыйрак отурганга тарбиялайт

      2-топ

      Чүкө оюндары

      Оюундун аталышы Оюндун шарттары Оюндун мааниси
      Ордо Чарчаганды унуттурат. Кан тамырдын иштешин жакшыртат. Денени ийилчээктикке машыктырат. Булчуӊдарды чындайт. Муундардын иштешин жакшыртат. Таамай атканга, черткенге үйрөтөт. Элди биримдикке ынтымакка тарбиялайт. Оюнга 20 га чейин ки-ши катышса болот. Оюнчулар эки топко бөлүнөт.Оюнга түз, тегиз жер тандалып алынат. Диаметри 14 м чейин айлана чийилип борборуна хан салынат. Хандын жанына оюнчулардын санына жараша чүкөүйүлөт. Чүкөнү чийимден көп чыгара аткан жана ханды алган тарап утат
      Упай Балдарды санаганга, алып кошконго үйрөтөт. Чүкөгө чүкөнү таамай тийгизкенге үйрөтөт. Ынтымакка, биримдикке тарбия-лайт. Балдар кыздар ойношот. Оюн кийиздин үстүндө ойнолот. Эки топко бөлүнүп жети чүкөдөн ат калчанат. Ханга эӊчоӊ чүкө тандалып алынат. Үч чүкө бир басым деп эсептелип 30 басымга чейинки чүкө менен ойнолот. Чүкө канчалык көп болсо ошончо кызык болот. Ханды жана чүкөнү көп уткан тарап жеӊет.
      Үчүм Балдарды ынтымакка, биримдикке, тил алчаактыкка, ийкемдүүлүккө, жоопкерчиликке, эмгекке тарбиялайт. Оюнду балдар, кыздар үйдө кийиздин үстүндө ойношот. Үч чүкө алып калчашат. Калчаганда чүкөнүн баары бир өӊтөй түшсө ошол утат. Уткан киши утулгандарга тапшырма берет. Берилген тапшырма аткара ала тургандай болуш керек. Мисалы: үй шыпыр, жүк жый, идиш жуу, чаүды сүрт ж.у.с.

      3-топ

      Акыл оюндары

      Оюундун аталышы Оюндун шарттары Оюндун шарттары
      Тогуз коргоол Тогуз коргоолдун тактасында 18 үй, эки казан болот. Эки гана киши ойнойт. Оюнчунунун ар бири 81 кумалак алышат. Аларды 9 үйгө 9 дан бөлүп салышат. Оюнда ким көп кумалак топтой алса ошол жеӊип чыгат. Адамдын ой жүгүртүүсүн акыл эсин өстүрөт. Так эсептөөгө үйрөтөт.
      Дойбу Шашки оюнуна окшош. Фигуралар сөөктөн же жыгачтан жасалат. Адамдын акылэсин, ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.
      Чатыраш Бул оюн жип менен ойнолот. Жиптин учтарын бириктирип түйүп колдун манжаларынын арасына салып кергенде чатыраш болуп калат. Экинчи оюнчу жипти чаташтырбай илип алышы керек Адамды эпчилдикке, кылдаттыка, ийкемдүүлүккө тарбиялайт. Муну көбүнчө кыздар ойношот

      4-топ

      Кыймылдуу оюндар.

      Оюундун аталышы Оюндун шарттары Оюндун мааниси
      Ак чөлмөк Бул оюн күүгүмдө айдын жарыгында ойнолот. Оюнга катышкан балдар кыздар эки топко бөлүнүп жыгачтан же сөөктөн жасалган ыргытылган чөлөмөктү таап маарага жеткирүү керек. Кайсы тарап тарттырып жибербей маарага жеткирсе ошол тарап утат. Байкагычтыкка, тап-кычтыкка үйрөтөт, Тез чуркаганга, шамдагайлыкка машыктырат.
      Чикит Көбүнчө тестиер балдар ойнойт. Узундугу 50 жана 10 см. Болгон жоондугу камчы саптай эки жыгач керек. Кичинекейи балек деп аталып эки учу учталып коюлат. Оюнду баштаган бала таяк менен балекти чабат. Оюнчулар түшкөн жерине балекти алып чикитте турган таякка тийгизиши керек. Таамай урганга, шам-дагайлыкка, эпчилдик-ке машыктырат.
      Аркан тартыш Балдар же кыздар эки топко бөлүнүп алып аркан тартышат. Кайсыл топ ортодогу чийимден өтүп кетсе ошол топ жеӊилет. Күчтүүлүккө, шамдагайлыкка машыктырат, Ынтымакка, биримдикке тарбиялайт.

      Презентациядан кийин мугалим бул оюндарды кыргыздар гана ойнобостон кыргыз арасында жашаган казак, өзүбек, тажик, орустар да ойношкондугун, ошондуктан бул оюндар улуттук гана эмес элдик оюндарга айлангандыгын айтып сабакты төмөндөгүдөй суроолорго жооп алуу менен жыйынтыктайт.

      1. Топто сен кандай милдет аткарадыӊ?
      2. Топтун ишине кандай салым коштуӊ?
      3. Топто иштөөдө кандай кыйынчылыктар болду?
      4. Кайсы топтун презентациясы сага өзгөчө жакшы? Эмнеси менен?
      5. Бүгүнкү сабакта сен өзүӊө эмне ала алдын?
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.