Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Сабактын темасы: Манас Ордо

Сабактын максаты:

  • Манас Атанын күмбөзү-улуттук комплекстин жүрөгүнө зыярат кылуу.
  • Манас эпосунун фольклордук-этнографиялык музейи менен таанышуу.
  • Кароол чокуга чыгуу.
  • Сүрөткө түшүү.
  • Үйгө тапшырма.

    Мугалим: Балдар, мына бүгүн силер менен касиеттүү Талас жергесиндеги Улуттук Манас Ордо комплекси менен таанышканы келдик. Биз буга чейин Манас эпосу тууралуу кеӊири маалымат алганбыз. Алган теориялык билимибизди практика жүзүндө бышыктообуз керек. Андыктан барыбыз комплексти кыдырып, саякаттап чыгабыз. Силер ар бир нерсеге өзгөчө көӊүл бургула. Анткени биз үчүн көргөн нерселердин баардыгы маанилүү. Анда эмесе биз силер менен ыйык жайдын босогосунда турабыз. Бул жерден эмнени байкадыӊар?

    Адилет: Кароол чокуну.

    Сайкал: Дарбазаны.

    Зарлык: Арканы.

    Мугалим: Арка эмнеге окшош экен?

    Жылдыз: Боз үйгө.

    Арген: Манастын туулгасына.

    Мугалим: Ооба, Манастын туулгасына окшошуп турат. Кабатталып турган үч туулга үч илтиктин «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун cимволикалуу берилиши.

    Мугалим: Биз азыр кайсы жерде бара жатабыз?

    Бегимай: Манастын 40 чоросунун көпүрөсүнөн өтүп бара жатабыз.

    Мугалим: Силер бул жерден эмнелерди көрүп турасыӊар?

    Акылай: Манастын 40 чоросунун калкандарын, найзаларын көрүп турабыз.

    Мугалим: Манастын 40 чоролорунан кимдерди билесиӊер?

    Дастан: Алманбет,Чубак, Сыргак, Кыргылчал, Ажыбай, Төлөк, Агыдай, Шууту жана башкалар.

    Мугалим: Алманбеттин образы эпосто кандай берилген?

    Адилет:
    Алтын кемер курчанган,
    Айдай бетин нур чалган.
    Жети түмөн кол келсе,
    Желбегей кирип кол салган.
    Айсарала ат минген,
    Сары жаргак шым кийген,
    Сепкили жок ак жүздүү,
    Чекири жок кой көздүү,
    Алтын айдар чок белбоо,
    Азизхандын Алманбет.

    Мугалим: Ал эми Чубактын образын кимиӊер айтасыӊар?

    Айгерим:
    Ач кыйкырык куу сүрөөн,
    Адамдын алы жетпеген.
    Арстандын тили өтпөгөн,
    Көк рапыстон кийген.
    Көк ала сындуу ат минген,
    Узун бойлуу, кеӊ далы.
    Найзакердин ыктуусу,
    Сан кыргыздын мыктысы.
    Кырк чоронун кырааны,
    Акбалтанын Чубагы.

    Мугалим: ЭпостоСыргак кандай сыпатталат?

    Айсулуу:
    Атка жеӊил тайга чак,
    Уйкусу жок, жолго сак,
    Чыканактап калбаган,
    Чырм этип уйку албаган,
    Кылычын кынга жөлөгөн,
    Кызыккан кыйла жоо чыкса,
    Кыпкызыл канга бөлөгөн,
    Кара калпак кыргагы,
    Кабылан Манас иниси,
    Улаккандын Сыргагы.

    Мугалим: Балдар эми биз «Айкөл Манас» архитектуралык-скульптуралык Ансамблинин жанынада келдик. Бул жерден эпостогу кайсы каармандарды көрүп турасыӊар.

    Айза: Манасты.

    Бектур: Бакай менен Каныкейди.

    Адилет: Акбалта менен Кошойду.

    Аманболсун: Алманбет, Чубак, Сыргак ж.б.

    Мугалим: Эмне үчүн Манастын айкели өзгөчөлөнүп бийи корнотулган?

    Нургүл: Айкел башкаларга даана көрүнүп туруш үчүн.

    Акылай: Кыргыз эли үчүн Манастан бийик Манаска теӊ келетурган баатыр жок. Манас-кыргыз рухунун туу чокусу.

    Мугалим; Азаматсыӊар.Силер көрүп турган Манастын айкели салмагы 3 тонна, тулкусу 6 метр, постаментинин бийиктиги 16 метр, 30 см. Демек, эсте- ликтин жалпы бийиктиги 22 метр, 30 см. ди түзөт. Жалпысынан 45 фигурадан турган архаикалык, дорикалык стилде жасалган мындай архитектуралык-скульптуралык ансамбль дүйнөнүн бир да жеринде кездешпейт. «Айкөл Манас» архитектуралык-структуралык ансамблинин авторлору: Айкелчиси Б.Батырбаев, архитектору А.Солтобаев, бул монументалдык чыгармачыл эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы сыйлыгынын лауреаттыгына ээ болушкан.

    Мугалим: Эпосто Манастын образы кандай берилген?

    Улан:
    Алтын менен күмүштүн,
    Ширөөсүнөн бүткөндөй.
    Асман менен жериндин,
    Тирөөсүнөн бүткөндөй.
    Айыӊ менен күнүӊдүн,
    Бир өзүнөн бүткөндөй.
    Ай алдынан дайранын,
    Толкунунан бүткөндөй.
    Асмандагы Ай,Күндүн,
    Жаркынынан бүткөндөй.
    Астыкалыӊ кара жер,
    Буга жердигинен түткөндөй.

    Мугалим: Азаматсыӊ! Ал эми Каныкей апабызды кандай сүрөттөгөн?

    Айжибек: Кара сурдун сулуусу,

    Аялзаттын нурдуусу.

    Узун чачтын ыктуусу,

    Ургаачынын мыктысы.

    Оймоктуудан уз болгон,

    Сарамжалга карк толгон.

    Атадан бетер ар качан,

    Арка болгон Каныкей.

    Иниден бетер белсенип, Иш бүтүргөн Каныкей.

    Мугалим: Рахмат. Эмесе балдар биз күмбөз тарапка басалы. Мына бул ыйык жерге канчалаган адамдар келип куран окутуп,зыярат кылып кетип турушат.Теӊир жалгап,Манас атанын касиети даарып, тилек-максаттарыбыз ишке ашса деп үмүт кылып кетишет. Биз дагы куран окуп, Манас атабыздын касиети даарып, бизди колдоп жүрүүсүн тилек кылып бата кылалы.

    Мугалим: Манас атабыздын күмбөзүн Каныкей апабыз кандайча курдурган.

    Акылай: Манас баатыр өлгөндөн кийин түйшүк Каныкейдин башына түшөт. Каныкей олоӊдой болгон кайран чачты төбөгө түйүп, бая кабар жеткен хандар, бийлер келгенче ооруп жатканМанастын cарамжалын камдады.600 атка комдотуп,Анжыяндан чоӊ челектерге топурак алдырыпжетимиӊ эчки жүнүн септирип,уйдун жүнүн коштуруп, алтымыш балбанга тепсетип, кыш бышырып, жети кылым өткүчө жетигимдин күмбөзү бузулбай турсун деп аземдетип салдырды. Ичине кыял ойдуруп, Ак олпок тон кийген, Аккула минген Манас баатырдан баштап, 12 ханды 40 чорону, мыкты берендерди сүрөткө тарттырды. Ойрон катын Каныкей жалгыз жанга билгизбей асылды ачык көмсөмарамза алты арам, кыйшык жүргөн душмандар өч алат деп Эчкиликтин Кара-Зоосуна Манастын жайын кастырып, оозун жалгыз киши баткыдай кылып, ар жагын көөлөтүп алты жүз кой баткандай кенен кылып, үстү түшүп кетет деп алтындан түркүк орнотуп, жакут таштан чырак салдырып, аккан кара сууну ичинен жүргүзүп алтындан жаткыч салдырып, үстүнөн суптан жаткырып асты чирип кетет деп арчанын күлүн төктүрүп өзүнчө жатаар жайын камдатып коюшат.Кулдар айтып коетдеп жетимишин биротоло жайлады.

    Мугалим: Рахмат.Эми балдар сапарыбызды улап«Манас» эпосунун фольклордук-этнографиялык музейи менен таанышып чыгалы.Силер музей дин ички жасалгасын, ички бөлүнүштөрүнө, эпостогу окуялардын сүрөттөлүшүнө, кыргыз элинин турмуш–тиричилигин чагылдырган буюм –тайымдарына,курал-жарактарына жана салт-санаалары кандай көрсөтүлгөнүнөөзгөчө көӊүл бургула! Музейден чыккандан кийин баарыбыз Манас атанынКароолчокусунан жолугушабыз.

    Мугалим: Балдар биз баардыгыбыз Кароол чокуда турабыз! Бул чоку Манас атабызга кандай кызмат өтөгөн?

    Айгерим: Кароол чоку ордо комплекстин өтө баалуу жана ыйык жерлеринин бири.

    Зарлык: Касиеттүү кеӊ Талас кароолчокунун үстүнөн алаканга салгандай дана көрүнөт.Учурунда Айкөл Манас ар дайым өрөөндүн баш-аягына көз чаптырып тургандыгы айтылат. Таластын башындагы Бакайдын ташы ортосундагы Эчкилүү тоо, этегиндеги Манас тоосу жоокерчилик заманда Кароол жайдын милдетин аткарган. Алардан от жагып, буркуратып түтүн чыгарган белги хан Манастын ордосундагы Кароол чокуга дана көрүнүп турган. Мындайда Кабылан Манас жоо жарагын байланып,чоролорун ээрчитип жоону беттеп жөнөп калган.

    Дастан: Биз ушу Кароол чокуда турганыбызды «Түбөлүк тур, каиеттүү Манас Ата» деген ой көкүрөгүбүздө жаӊырат.Биз бул жерден Манас Атанын руху, дүйнөсү түбөлүктүү экенин сезип туябыз.

    Мугалим: Музейден силерге өзгөчө эмнелер жакты?

    Улан: Манастын айкели.

    Сайкал: Музейдин ичиндеги «Түбөлүктүүлүк»сүрөтү.

    Калыйнур: Саякбай Каралаевдин жана Сагынбай Орозбаковдун элесайкелдери.

    Мугалим: Балдар биздин сабак-саякатыбыз соӊуна чыкты. Бул сабак саякатыбыздан силер эмне ала алдыӊар?

    Бегайым: Мен сабакта уккандарымды бүгүн улуттук«Манас Ордо» комплексинен өз көзүм менен көрдүм. Көргөндөрүм мага абдан күчтүү таасир калтырды.

    Жылдыз:Сизге рахмат. Бүгүнкү экскурсия мен үчүн абдан кызыктуу болду.

    Мугалим:Үйдөн келээрки сабакка: «Манас Ордо-улуттун биримдигини символу»деген темада дил баян жазып келгиле.

  • веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.