Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

1. Сабактын темасы:КЫРГЫЗ ЭЛИНИН КААДА САЛТТАРЫ, ҮРП-АДАТТАРЫ, ЖӨРЛГӨЛӨРҮ.

1-сабак

1.Сабактын темасы: Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

2.Сабактын тиби: Киришүү сабагы.

3.Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

4. Сабактын максаты:

Окуучулар:

  • кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү тууралуу түшүнүк алышат:
  • кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү тууралуу айтып бере алышат:

5.Сабакта колдонулуучу усулдар, ыкмалар: Түшүндүрмө иллюстративдик, анализ, синтез.

6.Сабактын жабдылышы: Кыргыз элинин кааада салтарын чагылдырган слайд, фото сүрөттөр, ватман кагаз, маркерлер

1-кадам.(1 мүнөт) Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашуу. Класстык бөлмөнү сабакка даярдоо. Окуучуларды үч топко бөлүү.

2-кадам. (2 мүнөт) Чакыруу.

1.Каада салт, үрп-адат, жөрөлгө деген сөздөрдүн мааниси кандай?

3-кадам. (1 мүнөт) Окуучуларды сабактын темасы, максаты милдеттери менен тааныштыруу.

4-кадам. (5 мүнөт)
Мугалим: Кыргыз элинин кандай каада салттарын билесиӊер?
Мугалим окуучулардын жоопторун класстык тактага жазат. Окуучулардын болжолдуу жооптору;

  • кудалашуу,
  • шерине,
  • үлүш,
  • кыз узатуу,
  • той берүү,
  • аш берүү,
  • келин алуу,
  • балага ат коюу,
  • түлөө берүү,
  • чеч кор,
  • нооруз.
  • курман айт. Ж. б.

Окуучулардын жоопторуна мугалим өзү да толуктоолорду кошсо болот. Андан соӊмугалим окуучулардан шерине, үлүш, чеч кор деген сөздөрдүн маанисин сурайт жана алардын айткандарын толуктайт.

5-кадам. (10 мүнөт)

Мугалим;Элибиздин байыртан бери келе жаткан көптөгөн каада салттары, үрп адаттары жана жөрөлгөлөрү бар. Алсак үйгө келген конокту мал союп сыйлоо ата-бабаларыбыздын байыртан бери келе жаткан салты, коноктун улуу кичүүсүнө жараша устукан тартуу үрп-адаты, коноктун колуна суу куюп, бата тилеп ыраазылыгын алуу жөрөлгө болуп эсептелет.

Эми талкуулоо үчүн үч топко үч тапшырма берилет. Ар бир топ өз-өзүнчө 10 мүнөттүн ичинде тапшырманы талкуулап чыгуга тийиш.

1-топ.

Келин алуу.
Буларга түшүнүк бергиле: Жуучу, кудалашуу, сөйкө салуу, калыӊ, кыз узатуу, көрүндүк, күйөө жолдош, жеӊкетай, жылкычыкой, алдына түшүү, үлпөт той, күйөө куржун, кийит, жүгүнтүү, бата берүү, нике кыйуу, өкүл ата. өкүл апа, сеп, аркан тосуу, жүк көрүү, отко киргизүү, төркүлөтүү.

2-топ.

Балага ат коюу.
Буларга түшүнүк бергиле: Киндик эне, асан чакыруу, ат коюу. сүйүнчү, жээнтек, кыркын чыгаруу, бешикке салуу, бешик той, тушоо кесүү,сүннөткө отургузуу, сүннөт той.

3-топ,

Элдик ырым-жырымдар жана жөрөлгөлөр.
Буларга түшүнүк бергиле: Түлөө, аксарбашыл, аш берүү, чечкор, орозо айт, курман айт, нооруз, шерине, үлүш, өтмөк, өрлүк, бата алуу, бертик.

6-кадам.(6 мүнөт)

Презентациялоого ар бир топко үч мүнөттөн убакыт берилет.

7-кадам (5 мүнөт)

Сабакты жыйынтыктоо.

1.Бүгүнкү сабактан сен эмнени билдиӊ?

2.Сен өз тобуӊа кандай салым коштуӊ?

3.Кайсы топтун презентациясы сага жакты? Эмне үчүн?

2-сабак

Сабактын темасы: Баланы бешикке салуу.

Сабактын максаты:

  • окуучу баланы бешике салууда колдонулган ырым-жырымдарды билет;
  • бешикке баланы бөлөгөн учурда ырдалган ырларды айта алат;
  • окуучу бешиктин ороо чулгоолорунун аталышын жана чечмелөөсүн айтып бере алат.

Сабакты өтүүнүн формасы: Интерактивдүү сабак.

Сабактын жабдылышы: доска, боор, түстүү карандаш, маркерлер, сүрөт, видео, ватман, ручка, дептер.

Сабактын жүрүшү

Мугалим окуучуларды сабактын темасы, милдеттери, максаты менен тааныштырып аларды үч топко бөлөт. Баланы бешикке салуу.

Байыркы бабабыздан тартып бүгүнкү күнгө чейинки далай муундар бешикке бөлөнүп чоңойгон. Бешик балага абдан жайлуу. Биринчиден, бала жылуу жатат, экинчиден гигиеналык жактан таза болот. Адатта бешикти арчадан жасашкан анткени, арча бекем, катуу дарак оңой менен сынбайт. Илгери кыргыздар арчанын дарылык касиетин эч кандай илимий лабораториясыз эле билишип анын түтүнү менен ар кандай жугуштуу оорулардын бактерияларын кубалоого жөндөмдүү экенин түшүнүшкөн.

Кылымдардан бери эле ымыркай төрөлгөндөн бир жума өткөндөн кийин баланы бешикке салуу салты өткөрүлүп келген. Муну кыргыздар бешик той деп аташкан. Бул үчүн алдын-ала бөбөктүн таяке тагалары, тагыраак айтканда, таянеси даярдык көргөн. Бешик жана анын керектүү ороо чулгоолорун даярдашкан. Бешиктин ороолору: олпок, баш жаздык, кол ороо, жан ороо, бут ороо, кыпчылдырык, боортка. Ар биринин чечмелениши төмөнкүдөй: олпок-бул бешиктин астына салган төшөк, ортосу күлтүккө ылайыктлып оюлган. Анын үстүнө баш жаздыгы коюлат. Кол ороосу экиге бөлүнөт, биринчиси-башынын бери оролот, экинчиси менен колдору оролот. Жан ороосу баланын белинен ылдый санына чейин оролгон ороосу. Кыпчылдырык-бул төрт кичинекей матадан турат. Булар шимекти карматыш үчүн колдонулат. Андан кийин бут ороосу олпоктун үстүнө салынат, анын да оюгу бар,бирок баланын бутунан көкүрөгүнө чейин жетет.Ал эми боортка болсо баланы бешикке карматыш үчүн колдонулат. Бешикте дагы күлтүк жана шимек болот. Шимек баланын заарасы төшөккө булганбай күлтүккө түшүрүү үчүн колдонулат. Күлтүк болсо баланын заарасы түшкөн идиш. Аны дарактан жана жаныбарлардын сөөгүнөн жасашат.

Бешикке салуу аземине коңшу-колоңдор, жакын туугандары, келиндин төркүндөрү катышат. Баланы бешикке салууда: бешиктин үстүнө чүкө, балка, тыйын, кайчы, бычак коөт. Бала турмуш жолунда мал мүлктүү болсун, баатыр, эр жүрөк, балбан болсун деп тилешкен. Бычакты баланы терс күчтөрдөн сактоочу, балка, кумуш, жүгөндү баланын асты жагына төшөгөн. Мында бала бир өнөрдүн ээси болсун деген ой тилекте камтылган. Бешикти арча түтөтүп аластайт. Ырым “алас, алас, алас, ар балээден калас,Умай эне колдо, оору-сыркоодон алыс болсун” деген сөздөр менен коштолот. “Быссымылда менин колум эмес, Батма Зууранын колу”, “Ак жолтой бешик бол”, “Умай эне уйку бер” деп айтып баланы бешикке салат. Бөбөктү бешикке бөлөп аяктамайынча келген кишилер эшикке чыгышкан эмес, эгер чыгып кетсе баланын уйкусу аны менен кошо чыгып кетет деген ишенимде. Бала ыйлаак болбосун деген тилекте Умай эне катары эсептелген байбиче оозуна токоч тиштеп алган. Бешикке бөлөгөн байбиче бешиктин үстүнө минип, убалик менен “Меккеге кеттик” деп камчыланып бир-эки кадам шилтенет. Бешикке салууга катышып күбө болуп отургандар “токто, токто, жеттиң, кайт!”деп токтотушат. Бул ырымда наристенин турмушу, келечеги кенен, чапкан аттай күлүк болуп, мүдүрүлбөй шыр кетсин деген жакшы ой-тилекте камтылган.

Баланы бөлөгөндө бешик ыры ырдалып келет. Келин бешикти көтөрүп үч жолу жүгүнүп аркасын салбай чыгып кетет. Байбичелер алкап, баталарын беришет. Окуучуларга 3 минуталык видео көрсөтүлүп, үч топко тапшырма берилет.

1-топ. Бешиктин жасалышын суроттөп берүү.

2-топ. Бешиктин ороо чулгоолордун аталышын чечмелеп берүү.

3-топ. Бешикке салууда колдонулган ырым жырымдар жана тыюулар.

Пpезентациялоо.

Жыйынтыктоо үчүн суроолор:


1. Бешик ыры кандай ырдалат?
2. Эмне учун баланы бешикке бөлөшкөн?
3. Эмне учун “солбу?” деп сураганда “оӊ, оӊ ” деп жооп баришкен?
4. Уйго келген киши баланы бөлөп аяктамайынча эмне учун эшикке чыкпайт?
5. Баланы бешикке салаарда бешиктин ичине эмнелерди салып ырымдашкан?
4. Баланы бешикке салып жатан учурда кандай тилектерди айткан?

Баалоо:
Формативдик баалоо

3-сабак.

Сабактын темасы: Тушоо кесүү.

Сабактын максаты: Окуучулар

  • тушоо кесүү жөнүндө маалымат алат,
  • элдик салт, үрп-адатка болгон кызыгуусу артат,
  • элдик салт, үрп-адатка баа берет,

Сабактын тиби: Жаӊы маалыматты өздөштүрүү сабагы.

Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.

Сабактын жабдылышы: Слайд, сүрөттөр, «Бакайдын жайыты» филиминен үзүндү.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

  • саламдашуу,
  • окуучулардын сабакка катышуусун тактоо,
  • окуу кабинетин сабакка даярдоо,

Чакыруу:

  • Тушоо деген эмне?
  • Тушоо кесүү деген эмне?
  • Тушоо кесүүгө катышып көрдүӊ беле?

Мугалим: Кыргыз эли илгертен эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн, чоӊ-ата, чоӊ-апа, ата-энелер баланын баса башташына абдан кубанышып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып сый көрсөтүлгөн. Тушоо кесүү тоюна келген конокторго арнап жасалган тамак аш желип бүткөндөн кийин келгендер үй ээси менен бирдикте обочороок түзөӊ жерге барышкан. Тушоо кесүү салтында баланын буту ак кара койдун жүнүнөн эшилген жип менен тушалып, эки жагынан ата-энеси жетелей кармаган. Жарышкан балдарбутуна тушоо байланган балага чейин чуркашкан.. Ал эми баланын бутун тушаган ак жана кара жиптин да өзүнчө мааниси бар, тактап айтканда «бул жашоодон ак менен кара, жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт. Ошого чыдамдуу болуп көтөрө билсин бакытка ийгиликке жетсин» деген мааанини түшүндүрөт. бул аземде тушоосу кесилүүчү наристенин жынысына да көӊүл бурулат. Эгерде эркек балаболсо бычак, кыз бала болсо кайчы даяардаган. Жарышка түшкөн балдардын ичинен оозунуп чыгып келген күлүк бала даяардяп койгон бычак же кайчы менен наристенин тушоо жибин кыркып жиберип, той ээлеринин атап койгон байгесин алган. Ага баланын бутундагы ала жипти кескен бычак же кайчы да ыйгарылган. Адатта тушоосу кесилген балага ушул тойдо жаӊы кийим кийгизилип: «көйнөгүн морт болсун, жаныӊ бек болсун», «кийимиӊ эртеӊ эле жыртылып калсын», «Жаныӊ тирик болсун, кийимиӊ чирик болсун» деген каалоо-тилектер айтылган. Талкуулоо үчүн сулоолор.

1.Тушоо кесүү салтпы же адатпы?

2.Кичинекей баланын тушоосун кесүүнүн кандай мааниси бар?

3.Тушоо кесүүдө эмне үчүн ак жана кара жиптерди колдонушат?

4. Тушоону кимдер кесет?

5. Тушоону эмне менен кесет?

6. Бул салттын бүгүнкү күндө кереги барбы же жокпу?

Сабакты жыйынтыктоо: «Бакайдын жайыты» филиминен үзүндү көрсөтүү.

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.