Акчал агайдын сабактары

Негизги барак

Темалар:

Геростратты соттоо.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү.

Барсбек – Кыргыз каганы

Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү.

Жусуп Баласагын.

1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш.

Курманжан датка «Алай ханышасы»

Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы.

Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)

Улуу Кыргыз дөөлөтү.

Кыргыз этноними.

Анжиян көтөрүлүшү.

Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы.

Саламдашуу адеби

Боз үй.

Үй-бүлө - адептүүлүктүн башаты.

Улуттук тамак аштар.

Кыргыз элинин улуттук кийимдери.

Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери.

Ат жабдыктары.

Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү.

Күндүн маалдарга бөлүнүшү.

Кыргыз элинин улуттук оюндары.

Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси.

Жаныбарлардын жашына жараша аталышы.

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары.

Манас Ордо

Тушоо кесүү

Сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору.

Сабактын максаты:

1) Билим берүүчүлүк: окуучуларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу, герби, гимни жана алардын пайда болуу тарыхы менен тааныштыруу.

2) Өнүктүрүүчүлүк: окуучулардын ой жүүсүн, эс-тутумун, элестете билүүсүн өнүктүрүү.

3) Тарбиялык: окуучуларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун урматтай билүүгө жана Ата Мекенин сүйүүгө тарбиялоо;

Сабака колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: акыл чабуулу, кубик, инсерт, талкуу, демонстрадивдик, илюстративдик, интерактивдүү ж. б. усулдар.

Сабактын жабдылышы: Дүйнөнүн саясий картасы, Кыргыз Ресбупликасынын мамлекеттик туусу, герби, гимни , кубиктер, буклеттер, ж.б

Сабактын жүрүшү:

План:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимн ырдоо.
2. Окуучуларды сабактын темасы, максаты менен тааныштыруу.
3. Окуучуларды 3 топко болүп, тапшырма беруу.
4. Презентация.

5. Сабакты жыйынтыктоо.

Сабак Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимн ырдоо менен башталат. Гимн ырдалып бүткөндөн кийин мугалим окуучуларга –Символ деген эмне?-деген суроо берет. Окуучулардын жоопторун уккан соӊ аларга күндүн, айдын, жылдыздын, бүркүттүн, арыстандын сүрүттөрүн көрсөтүп – Символ катары булар кандай маанини билдирет? Буларды кайсы мамлекеттин символдорунан көрүүгө болот? – деген суроолорду берет.

Андан соӊ Казакстандын, Россиянын, Кытайдын, АКШнын жана бир катар мамлекетердин тууларынын сүрөттөрүн көрсөтүп, кайсы мамлекетке таандык экендигин сурайт.

Окуучулардын жоопторунан кийин мугалим окуучуларды сабактын темасы, максаты милдеттери менен тааныштырып, аларды 3 топко бөлүп, ар бир топко текстер жана суроолор жазылган кубиктерди таратып берет. Окуучулап 10 мүнөттүн ичинде текс менен таанышып, кубиктеги суроолорго жоопторду камдашат.

1-топ

Кыргыз Республикасынын туусу.

Тарыхчылар туу мындан 30 миӊ жыл мурун пайда болгон дешет. Алгачкы туулар Байыркы Египетте, Ассирияда, Байыркы Чыгышта, Индияда, Кытайда колдонулган. Алар жөнундө маалымат таштарга түшүрүлгөн рельеф-сүрөттөр ж. б. тарыхый булактар аркылуу белгилүү. Байыркы заманда туулар аскердик кошуундардын белгилери катары узун жумуру жыгачка бекитилип же туура жыгачка тартылган кооз материалга түшүрүлгөн. Туу, желектер аскердик кошуундарда аскер башчысына согуш учурунда өзүнүн аскердик бөлүктөрү кайда жайгашканын билүүгө «маяк» болгон.

Жоого аттанганда туу алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Ал салгылашуу учурунда аскерге дем, кубат берүү максаты менен тууну бийик дөӊсөө жерге кармап турган. Туунун душмандын колуна түшкөнү жеӊилгенге барабар болгон. Ошондуктан туу ыйык катары сакталган.

Кытайдын «Син-Таньшу» хроникасынын маалыматына караганда кыргыздар согуш учурунда «жааларды, жебелерди жана тууларды» колдонушкан. Хакасиянын түндүгүндө жолуккан Сулек чиймелерине түшүрүлгөн оор куралданган кыргыз атчан жоокеринин колундагы найзанын сабында ар кандай формадагы туулар тартылган.

Туу кыргыздар үчүн согуш мезгилинде уруунун, уруктун согуштук духун сактай турган ыйык белти болгон. тынчтык мезгилде туу мамлекет башчысынын Ажонун ордосунда сайылып турган.

Кыргыздар тууну биримдиктин символу катары байыркы доордон бери эле пайдаланып келген. Кыргызда
Тазалыкты суудан ал,
Биримдикти туудан ал, - деген макал бар.

Академик А.Ч.Какеевдин пикири боюнча туу деп найзага окшогон жыгач, ал эми ага бекитилген кездеме асаба деп аталат. Манас эпосунда
Атасынан кызыл туу
Аягын жерге сайылтып.
Асабасын бул туунун
Асман жакка жайылтып

– деп айтылат.

Демек туу сайылат, ал эми асаба жайылат. Туунун учуна ашталган учтуу темир желек деп аталган. «Манаста»
Желеги туудан бөлүнбөй,
Жердин жүзү көрүнбөй.
Жер союлуп былкылдап,
Желеги алтын туу болду

– деген жери бар.

Туу менен желек ашталган жерге байрак илинген. Байыркы заманда түрк элдери жортуулга аттанаар алдында курмандыкка чалынган жылкынын куйругун байрак катары пайдаланган. Кээ бир учурда байрак эшилген жиптен жасалып, башына чачы тагылган. Байыркы кыргыздарда туунун сабы жошолонуп түсү кызыл болуп ага бекитилген асаба көк, ак, жашыл, кара, кызыл түстөрдө болгон. Манас эпосундагы
Ак асаба кызыл туу.
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу,
Көйгөйлөгөн ызы-чуу – деген саптары буга далил.

Тагыраак айтканда туу бул жеке чыгарылыш. Ал өтө кымбат баалуу материалдардан жасалып, ар түрдүү лента, сайма, бахламалар менен кооздолот. Туу бири-бирине беттештирилген эки кабат материялдан турат.

Желек массалык чыгарылыш. Ал жасалышы боюнча тууга караганда жөнөкөй болот.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Жогорку Кеӊеш тарабынан 1992-жылы 3-мартта бекитилген. Анын долбоорунун авторлору – Э.Айдаров, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун асабасы чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын төспөл күндүн, анын толтосуна кызыл түстөгү түндүктүн элеси түшүрүлгөн.

Күн түбөлүктүүлүктүн, түндүк биримдиктин, эгемендүүлүктүн, кыргыз эли байыркы элдерден экендигинин символу. Асаба бекиген туунун түсү да кызыл. Анын башына темирден жасалып, алтын жалатылган желек ашталган. Тууга желек ашталган жерге алтын түстөгү жиптен эшилген чачылуу байрак илинген.

1-кубик.


1.Туу качан кандайча пайда болгон?
2.Эмне үчүн биз тууну ыйык тутабыз?
3.Туу, желек, байрак, асаба деген сөздөр кандай түшүнүктөрдү берет?4.Манас атабыздын туусу эмне үчүн кызыл болгон?
5.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу качан кабыл алынган?
6.Тууга түшүрүлгөн күндүн, түндүктүн элеси эмнени билдирет?

2-топ

Кыргыз Республикасынын герби

Кыргыз эли эзелтен эле асаба-туусу, мөөрү, тамга белгиси бар журт экендигин эпостордон, оозеки чыгармалардан билебиз. Герб-(нем.ечве-мурас) - символдук мааниге ээ эмблема, мураска таандык айрымалуу белги. Герб символу практикалык мааниге ээ болгон. Ал шаардын мөөрүнө, кызматкерлердин топчуларына, чиновниктердин мундирлеринин погондоруна, баш кийимдерине тагылуучу белгилерге, эстелик медалдарга, желекке, жетондорго ж.б. түшүрүлгөн.

Герб монета, ошондой эле өз менчиги экендигин белгилөө үчүн архитектуралык курулуштарга, үй эмеректерине, курал-жарактарга, искусство чыгармаларына, кол жазмаларга, китептерге түшүрөлөт. Байыркы дүйнөнүн монеталарында, медалдарында, мөөрлөрүндө дайыма түшүрүлүүчү эмблемалар алгачкы гербдин жаралышын шарттаган.

Б.з.ч. 3 миӊ жылдыкта көпчүлүк мамлекеттердин герби арстан баштуу бүркүт түспөлүндө болгон. Кыргыз элинде да ар бир уруунун, уруктун өзүнө таандык эн тамгасы болгон. Тууга же асабага түшүрүлгөн эн тамгалар аркылуу конуштун же кошуундун кайсы урууга же кайсы урукка таандык экенин билишкен.

1908-жылы мартта Жети-Суу облусунун жана шаарларынын гербтери менен Бишкек жана Каракол шаарларынын, ошол эле жылы октябрь айында Фергана облусунун шаарларынын жана Ош шаарынын герби бекитилген.

СССР мезгилинде совет мамлекетинин расмий эмблемасы жана анын курамындагы 15 союздук республикалардын да өздөрүнө таандык расмий эмблемалык белгилери болгон.

Кыргызстан эгемендуулуко ээ болгондон баштап анын мамлекеттик символдору да жаӊыланды.

Кыргыз Республикасынын Герби Жогорку Кеӊеш тарабынан 1994-жылы 14-январда бекитилген. Гербдин авторлору – сүрөтчү А. Абдраев менен милициянын генералы С. Дубанаев.

Герб тегерек формада болуп, чекеси пахта жана буудай талдары менен курчалган, гербдин жогорку жана төмөнкү бөлүгүндө «Кыргыз Республикасы» деген жазуу бар, алдынкы планда канатын жайган тоо бүркүтү, арткы фондо көгүш түстүү чалкыган көл, жээги ак чокулуу Ала-Тоолор менен курчалып, тоо башында күн нурларын чачыратып чыгып келе жатканы чагылдырылган.

2-кубик


1. Герб деген эмне?
2. Герб качан, кандайча пайда болгон?
3. Герб адам баласынын турмушунда кандай мааниге ээ?
4. Кыргыз элинин герби болгонбу?
5.Кыргыз Республикасынын герби качан кабыл алынган? Анын авторлору кимдер?
6.Гербдеги канатын жайган тоо бүркүтү, көл, тоо, күн, дан кандай маани билдирээрин чечмелегиле.

3-топ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни

Гимн-салтанатту ыр. Гимн жанры хор жана симфонияллык чыгармаларда да учурайт. Байыркы Грецияда гимндер кудайларга арналып жазылган. Баардык өлкөлөрдүн өздөрүнө таандык гимни бар. СССР мезгилинде Кыргызстандын да гимни болгон.

Эгемендуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому менен 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Гимндин тексти Жалил Сыдыков менен Шабданбек Кулуев, ал эми музыкасын Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов жазган.

Кыргыз Респубдикасынын Мамлекеттик Гимни
Сөзү: Ж.Садыковдуку жана Ш.Кулиевдики.
Музыкасы: Н.Давлесовдуку жана К.Молдобасановдуку.
Ак мөӊгүлүү аска, эоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.
Кайрыма:
Алгалай бер кыргыз эп,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырыӊ колуӊда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине

Аткfрылып элдин үмүт-тилеги.
Желбиреди эркиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,
Ыйык сактап урпактарга берели.

3-кубик


1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни качан кабыл алынган?
2. Гимндин авторлору кимдер?
3. Гимндин негизги мазмуну кандай?
4. Өркүндөй бер, өсө бер, өз тагдырыӊ колуӊда деген ыр саптарын чечмелеп бер.
5. Гимн кайсы учурда, кандай максатта ырдалат?
6. Гимнди жатка билесинерби?

Ар бир топко презентациялоого 3 мүнот убакыт берилет. Алар тексттеги алган маалыматтарын кубикте берилген суроолордун негизинде жалпы топко түшүндүрүшөт.

Сабакты жыйынтыктоо


1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору тууралуу эмнени билчү элеӊ?
2.Кандай жаны маалыматтарды ала алдыӊ?
3.Дагы эмнелерди билгиӊ келет?

Сабак «Кыргыз калкым» деген хорду аткаруу менен жыйынтыкталат.

Керме кур, сайма өтүк, ак калпагыӊ,
Кээ бирөө билбей журөт анын баркын.
Элиме белги берип тааныштырган,
Кийимиӊден кагылайын кыргыз калкым.
Кыргыз калкым (2 жолу)

Ооз комуз, кыл кыяк, чоор үнү мукам,
Комуздуӊ конгуроолуу үч кыл таккан,
Чер жазып чертип жүрсүн кыргызым деп,
Айланам акылыӊдан ойлоп тапкан
Кыргыз калкым (2 жолу)

Үйүнө конок келсе жүзү жарык,
Кой союп сыйлай билген ата салты
Кызытып кымыз берип, май жедирген.
Пейилиӊден кагылайын кыргыз калкым.
Кыргыз калкым (2 жолу)

веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды.