Акчал агайдын сабактары | |
Темалар:Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору. Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү. 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш. Курманжан датка «Алай ханышасы» Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы. Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.) Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы. Үй-бүлө - адептүүлүктүн башаты. Кыргыз элинин улуттук кийимдери. Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери. Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү. Кыргыз элинин улуттук оюндары. Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси. Жаныбарлардын жашына жараша аталышы. |
Сабактын темасы: Кыргызстандын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.)Сабактын максаты:а) Билим берүүчүлүк: Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандык жоокерлердин эрдиктерин, совет элинин оруктагы күжүрмөн эмгегин билүү жана баалоо. б) Өнүктүрүүчүлүк: Таанып билүү жөндөмдүүлгүн, ой жүгүртүүсүн, жарандык жигердүүлүгүн өстүрүү. в) Тарбиялык: Ата Мекенди сүйүүгө, мекенчилдикке, эрдике, атуулдук жоопкерчиликке тарбиялоо. Сабактын тиби: Жаӊы теманы өздөштүрүү сабагы. Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу. Сабакта колдонулуучу ыкмалар: Чакан топтордо, жалпы топто иштөө. Сабактын жабдылышы: СССР Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941-1945-жж.) карта, Кыргызстандык баатыр жоокерлердин сүрөттөрү, буклеттер, фото альбомдор, газета-журналдар. Сабакта күтүлүүчү натыйжалар: Окуучулар окуу китебин жана кошумча маалыматтарды колдонуп кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата мекендик согуштагы эрдиктери тууралуу айтып беришет. Сабактын жүрүшү:Сабак Левитандын согуш башталгандыгы тууралуу кабарын уктуруп, «Свяшенная война» деген ыр менен башталат. Мугалим: Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган. Ага 61 мамлекет же дүйнө калкынын 80 % катышкан. 27 млн. адам курман болгон. 1540 согуштук самолөт, 170 двизия, 1800 танк, 34695 замбирек, миномөттор катышкан. Фашсттер менен салгылашууда 11667 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. Анын 3051 жоокерине өлгөндөн кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. 107 жоокер эки жолу Баатыр наамына этатыктуу болгон. 90 аял Советтер Союзунун баатыры наамын алган. Алардын 49 на бул наам өлгөндөн кийин берилген. Немецтик фашисттер 1710 шаарды, 70 миӊден ашык айыл кыштактарды 31850 өнөр жай ишканаларын, 65 миӊ км. Темир жолду. 98 миӊ колхозду. 2890 МТС ти кыйратышкан. Кыргызстандан 360 миӊ жоокер согушка катышып, алардын 150 миӊи ордендер жана медалдар менен сыйланган. 76 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болгон. 29 жоокер Даӊк орденинин өч даражасын теӊ алган. Майданда 90 миӊдей кыргыз жоокери курман болгон. Таластык 6.5 миӊдей жоокер согушта орден, медалдар менен сыйланышкан. 5 жоокер Советтер Союзунун баатыры наамына татыктуу толгон. Мугалим оуучуларды 4 чакан топторго бөлүп, ар бир топко тапшырма берет. 1-топ: Кыргызстандык жоокерлердин 1941-жылдагы салгылашуулкрдагы эрдиктери. 2-топ: Кыргызстандык жоокерлердин 1942-1943-жылдардагы салгылашуулардагы эрдиктери. 3-топ: Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаар алдындагы эрдиктери. 4-топ: Таластык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эрдиктери. Презентация.1-топ: Кыргызстандык жоокерлердин 1941-жылдагы салгылашуулaрдагы эрдиктери.
2-топ: Кыргызстандык жоокерлердин 1942-1943-жылдардагы салгылашуулардагы эрдиктери.
3-топ: Кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаар алдындагы эрдиктери.
4-топ: Таластык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы эрдиктери.
Сабакты жыйынтыктоо: Сабак « Улуу Ата Мекндик Согуш жылдарындагы Кыргызстандык жоокерлердин жана эмгекчилердин эрдиктери» деген слайд менен жыйынтыкталат. Баалоо: Калыптандыруучу баалоо. Үйгө тапшырма: Окуу китебинен 12-параграфты окуп жумушчу дептерди толтуруп келүү. |
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды. |