Акчал агайдын сабактары | |
Темалар:Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору. Кыргыздардын Кенесары Касымовдун чапкынына каршы көз каранды эместик үчүн күрөшү. Кыргыздардын Кенесары Касымовдун (хан Кененин) чапкынына каршы көзкаранды эместик үчүн күрөшү. 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш. Курманжан датка «Алай ханышасы» Кыргыздардын бир бөлүгүнүн Оруссияга ык алышы. Кыргызстандын жоокерлери Улуу АтаМекендик согуштун майдандарында (1941-1945-жж.) Түндүк кыргыз урууларынын Орусияга каратылышы. Кыргыз элинин улуттук кийимдери. Кыргыз элинин жоокердик курал-жарактары жана кийимдери. Кыргыз элинин каада салттары, үрп-адаттары, жөрөлгөлөрү. Кыргыз элинин улуттук оюндары. Чүкө оюндарынын турмуштук мааниси. Жаныбарлардын жашына жараша аталышы. |
Сабактын темасы: Тушоо кесүү. Сабактын максаты: ОкуучуларСабактын тиби: Жаӊы маалыматты өздөштүрүү сабагы.Сабакты өтүүнүн формасы: Сабак талкуу.Сабактын жабдылышы: Слайд, сүрөттөр «Бакайдын жайыты» фильминен үзүндү.Сабактын жүрүшү: Уюштуруу:
Кыргыз эли илгертен эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн, чоӊ-ата, чоӊ-апа, ата-энелер баланын баса башташына абдан кубанышып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып сый көрсөтүлгөн. Тушоо кесүү тоюна келген конокторго арнап жасалган тамак аш желип бүткөндөн кийин келгендер үй ээси менен бирдикте обочороок түзөӊ жерге барышкан. Тушоо кесүү салтында баланын буту ак кара койдун жүнүнөн эшилген жип менен тушалып, эки жагынан ата-энеси жетелей кармаган. Жарышкан балдарбутуна тушоо байланган балага чейин чуркашкан... Ал эми баланын бутун тушаган ак жана кара жиптин да өзүнчө мааниси бар, тактап айтканда «бул жашоодон ак менен кара, жакшылык менен жамандык дайыма эриш-аркак жүрөт. Ошого чыдамдуу болуп көтөрө билсин бакытка ийгиликке жетсин» деген мааанини түшүндүрөт. бул аземде тушоосу кесилүүчү наристенин жынысына да көӊүл бурулат. Эгерде эркек балаболсо бычак, кыз бала болсо кайчы даяардаган. Жарышка түшкөн балдардын ичинен оозунуп чыгып келген күлүк бала даяардяп койгон бычак же кайчы менен наристенин тушоо жибин кыркып жиберип, той ээлеринин атап койгон байгесин алган. Ага баланын бутундагы ала жипти кескен бычак же кайчы да ыйгарылган. Адатта тушоосу кесилген балага ушул тойдо жаӊы кийим кийгизилип: «көйнөгүн морт болсун, жаныӊ бек болсун», «кийимиӊ эртеӊ эле жыртылып калсын», «Жаныӊ тирик болсун, кийимиӊ чирик болсун» деген каалоо-тилектер айтылган. Талкуулоо үчүн сулоолор.
|
веб сайт чет тилдер багытындагы лицей-комплексинин 10-класстарынын окуучулары тарабынан дайындалды. |