КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ


Талас облустук
чет тилдер лицей- комплекси

 
    кыр.   рус.   en.

Лицей сыймыгы


Акчал агайдын сабактары
Акчал агайдын сабактары

Талас облустук чет тилдер лицей комплексинин ардактуу мугалимибиз Акчал Атагулов агайыбыздын "Акчал агайдын сабактары" аттуу сабактардын электрондук вариантын сайтыбызга жарыяладык.

Бул сабактарды Интернет түйүнүнө даярдоо жана жайгаштыруу лицейдин 10-классынын окуучулары тарабынан ишке ашты. Информатика сабагынын HTML тили курсунун практикалык иштердин жыйынтыгы. Алдыда дагы бир топ ушул сыяктуу иштерди даярдайбыз.

Акчал агайдын сабактары менен ушул шилтеме аркылуу таанышсаныз болот

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналат

Кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу талант, көрөсөн инсан жөнүндө бир канча муун көптөгөн эмгектерди, ой жорууларды жарата бериши табигый нерсе.

Талас облустук чет тилдер лицей- комплесксинин мугалимдери жана окуучулары тарабынан Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган иш- чаралар боюнча төмөнкү шилтемеден таанышсаныздар болот

Лицей жанылыктары

“Англис тили ”
Бүгүн 10-июнда англис тили сабагынан Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация болуп жатат. Экзамен саат 9:00 башталды. Окуучулардын жыл бою тапшырган иштери комиссия мүчөлөрү тарабынан текшерилип жатат. 12:00до жыйынтыктарын окуучулардын алган баалары whats'app менен окуучуларга жеткирилет.

“NAMA фонду ”
XXI кылымдын мектеп жетекчиси кандай болуш керек? Бул багытта НАМА фондунун демилгеси жана колдоосу менен EDULEAD программасы Кыргызстандын 18 мектебинде анын ичинен лицей-комплексинде ишке ашууда. 14-15-май күндөрү NAMA фондунун өкүлдөрү биздин лицейдин турмушу, алдыга койгон стратегиялык пландары лицей жетекчисинин, мугалимдер жамаатынын жана окуучулардын аткарылган иштери, жетишкен көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат алып, ата-энелерден, бүтүрүүчүлөрдөн ж.б. анкетирлөө алышты. Түзүлгөн комиссия мугалимдердин сабактарына катышып, лицейдин иш-кагаздары менен таанышып, түзүлгөн программанын негизинде эки күн болуп жыйынтык чыгарышты.

#NAMAfoundation

#NICEKyrgyzstan

#Лицей_комплекс

#InvestmentForFutureSustainabilty

#EDULEAD

#21лидерыобразования

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы
"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы болуп өттү Бүгүн, 20-майда Талас шаарындагы Атай Огонбаев атындагы балдардын музыкалык мектебинде "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Таймашка облус боюнча 20 команда катышып орус тилдүү жана кыргыз тилдүү мектеп окуучулары күч сынашты. Иш чарага өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова катышып, окуучуларга ийгилик каалап өттү. Жыйынтыгында Талас облусу боюнча төрт команда республикалык "Манас таануу" интеллектуалдык таймашына катышууга жолдомо алды.Талас облусунун республикалык таймашта намысын коргоо Бакай-Ата районунун Абдрахманов орто мектеби, Кара-Буура районунун Бабанов лицейи, Манас районунун Покровка орто мектеби жана Талас шаарынын №3 орто мектебинин командалары катышат. Иш чаранын соңунда командаларга "Ардак Грамоталар" жана атайын белектер тапшырылды.

“Китеп күнү ”
Бүгүн, 23-апрелде чет тилдер лицей-комплексинде Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук күнү белгиленүүдө. Иш-чараны лицей китепканачысы Нуриза Сатыбалдиева "Китеп менин жан досум" темасында уюштуруп, ага мугалимдер жана окуучулар активдүү катышышты. Жыйынтыгында, класстар арасында чыгармалардан онлайн сынак болуп жеңүүчүлөр куржун менен сыйланышты.

Лицей-комплексинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Исманов Ханс Зайделла фондунун ишине кошкон салымы үчүн ыраазычылык катына татыды.

“NAMA фонду ”
#NICE Kyrgyzstan #NAMA фонду уюштурган #brightbootcamp лагерине 9-класстын тандалып алынган окуучулары активдүү катышууда.

“Лицей командасы жеңил атлетика боюнча мелдеште ”
Лицей командасы жеңил атлетика боюнча мелдеште, мектеп окуучулар арасында I орунду жеңип, кубок менен сыйланышты.

"Талас облусун келечекте кандай жол менен өзгөртө алабыз" дил баян жазуу конкурсунан, лицейдин 10"в"-классынын окуучусу ll орунга татыган Масалбеков Кылымбек эмеректин бирине ээ болду. Сынакты "Элмурас эмерек салону" 4-25-январь аралыгында уюштурган.

Өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. "Эрте никеге туруунун кесепеттери" аталышында тегерек стол болуп өттү

“Англис тили жумалыгы ”
Биздин лицейде дүйшөмбү, 8-февралдан тартып “Англис тили” жумалыгы башталды. Анда бир аптада өтүүчү иш-чаралардын атайын программасы түзүлгөн. Аталган жумалык азыркы тапта кызуу жүрүп жаткан маалы. Аны ийгиликтүү аяктаган мугалим жана окуучуларга кызыктыруучу белектер камдалган. Жыйынтыгы жума күнү чыгарылмакчы.

“ Алымкулова Гульжамал Бекболсуновна ”
Алымкулова Гульжамал Бекболсуновна 28-жыл пед.стаж лицей-комплексинде тарых, адам жана коом сабагынын мугалими болуп эмгектенет. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн тарых усулдук бирикмесин жетектеп келет. 7-19-декабрь аралыгында Талас областтык билим берүү усулдук борбору менен бирге облустун мугалимдерине “Тарых предметин окутуунун теориясы жана методикасы” деген курста онлайн лекция окуду. Ага облустун мектептеринен 25 мугалим катышты.

“ Манас эпосу тууралуу пикир ”
Бүгүн, 16-январда мамлекеттик китепкананын директору Койчуман Момункулов жана Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Момунбаева Нуркан келип, лицей окуучулары жана мугалимдери менен жолугушуу өткөрдү. Иш чарага лицей мүдүрү жана мугалим, окуучулары катышып "Манас эпосу" тууралуу пикир алмашты. Белгилей кетсек, лицейде 11-январь күнү "Бир адамдан бир китеп" аталышында китеп чогултуу акциясы уюштурулган. Бүгүнкү күндө окуучулар парламенти тарабынан маанилүү китептер чогултулууда.

«Ыйык Ата Журт Талас»
«Ыйык Ата Журт Талас» коомдук жаштар фонду тарабынан, өлкөбүздө китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулган “Китеп окуу көп максаттын ачкычы” деген атылышта «Убакытты башкаруу» китеби боюнча конкурс уюштурулду. Сынак 25-декабрь күнү саат 11:00 до ТалМУнун Жаштар борборунда өткөрүлдү. 10 “в” – классынын окуучусу Сыдыгалиева Алия жана 9-классынын окуучусу Кутболдиева Азиза активдүү катышып, сертификатка ээ болду. — с Рахатом Сыдыгалиевым.

“ Аскерге чейинки даярдоо боюнча лицей-комплексиндеги жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатында мелдеш өткөрүлдү. ”
Аскерге чейинки даярдоо боюнча лицей-комплексиндеги жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатында мелдеш өткөрүлдү. Максаты: -Жаштарды аскерге чейин дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгып турууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарын чыңдоо; -Жаштарды жалпы массалык спорттук машыгууга көнүктүрүү, аларды, ийкемдүүлүк жана сергектик деңгээлдеринин жогорулашын күчөтүү; -Окуучулардын ден соолугун чындоо, спорттук чеберчилигин өркүдөтүү. Мелдешти уюштуруучулар -Дене тарбия мугалимдери; Аманов К. Мамбетов Б. Жуманазаров А. - АЧД мугалими; Түлкүбаев М. 3.Мелдештин програмасы 1.Күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр; -турнике тартынуу (команда курамында, спорттук кийимдер) 2. 100 метрге чуркоо. (команда курамында, спорттук кийимде). 3.Команданын курамында 1000 метрге чуркоо 4.Автоматты чачуу жана кайра куроо. 5.Алыстыкка граната ыргытуу. 4.Мелдешти өткөрүүнүн шарттары жана команданын курамы. Команданын курамы 8 окуучу, баары уландар. Мелдешке 9-10-11-класстын окуучулары катышты.

“ Ак калпак күнү. ”
Бүгүн лицейибиздин аянтында жылдагыдан да шаңдуу, жандуу уюштурулган “Ак калпак күнү” белгиленди. 2011-жылдын 5-мартынан бери белгиленип келе жаткан бул майрам, бир эле борбор калаада да эмес Кыргызстандын башка аймактарында да уюштурулуп, өткөрүлдү. Ал эми кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары балоо максатында демилге көтөргөн режиссер Рысбек Жабиров болгон.

“ 19-декабрь күнү лицейде "Суроо берүү стратегиялары" аталышында "ЦУЗ, SMART" боюнча семинар өтүлдү. ”
Облустук методикалык борбордун усулчусу Аттокурова Жылдызай, лицейдин окуу бөлүмүнүн башчысы Исманов Азамат жана тарых сабагынын мугалими Мамытова Салтанат уюштурушуп, мугалимдерге кеңеш беришти. #NAMA фондунун EduLEAD программасынын алкагында өтүлгөн семинарга лицей мүдүрү жана мугалимдери активдүү катышышты. «Ыйык Ата Журт Талас» коомдук жаштар фонду тарабынан, өлкөбүздө китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында уюштурулган “Китеп окуу көп максаттын ачкычы” деген атылышта «Убакытты башкаруу» китеби боюнча конкурс уюштурулду.

Сынак 25-декабрь күнү саат 11:00 до ТалМУнун Жаштар борборунда өткөрүлдү. 10 “в” – классынын окуучусу Сыдыгалиева Алия активдүү катышып сертификатка ээ болду.

Cүрөттөр

“ Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 2020-2021-окуу жылындагы 3-декабрь «Эл аралык мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө” карата өткөрүлгөн иш-чарасынын отчету”

1. Жылдагыдай эле 3-декабрга карата лицей администрациясы жана өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан кайрымдуулук кутучасы уюштурулду;

2. Лицей жамааты (мугалимдер жана окуучулар) колдорунан келген жардамдарын (акчалай) беришти;

3. 3-декабрь күнү кутуча ачылып, чогулган каражатка “ТЕҢИР КОЛДО” мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо борборундагы балдарга белектер тапшырылды;

4. Лицей администрациясы тарабынан уюштуруучу Түлкүбаев Марсбек жана өзүн-өзү башкаруу уюмунун көрүнүктүү мүчөлөрү коштогон топ мүмкүнчүлүгу чектелген балдар менен жолугушуп, белектерин тапшырышты;

“ Аскерге чейинки даярдоо боюнча лицей-комплексиндеги жаштарды аскердик кызмат өтөөгө даярдоо максатында мелдеш өткөрүлдү.”

Максаты:

-Жаштарды аскерге чейин дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгып турууга кызыктыруу, аскерге чейинки даярдыктарын чыңдоо;

-Жаштарды жалпы массалык спорттук машыгууга көнүктүрүү, аларды, ийкемдүүлүк жана сергектик деңгээлдеринин жогорулашын күчөтүү;

-Окуучулардын ден соолугун чындоо, спорттук чеберчилигин өркүндөтүү.

Мелдешти уюштуруучулар

-Дене тарбия мугалимдери; Аманов К. Мамбетов Б. Жуманазаров А.

- АЧД мугалими; Түлкүбаев М.

Мелдештин програмасы

1.Күч көрсөтүүчү көнүгүүлөр;

-турнике тартынуу (команда курамында, спорттук кийимдер)

2. 100 метрге чуркоо. (команда курамында, спорттук кийимде).

3.Команданын курамында 1000 метрге чуркоо

4.Автоматты чачуу жана кайра куроо.

5.Алыстыкка граната ыргытуу.

1-орун 11"а"-класс

2-орун 11"б"- класс

3-орун 11"в"- класс

“ Лицей-комплексинин биринчи линейкасы”

Cүрөттөр

“Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 2020-2021-окуу жылындагы 4-декабрда Манас Атанын тоюна арналган иш-чарада лицей окуучулары активдүү катышышты”
Манас күнү иш-чарасы Семетейдин Таласка келиши менен башталды. Бүгүн, 4 -декабрь күнү Манас Ордо комплексинде Манас күнү салтанаттуу ачылды. Ага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлү Айбек Бусурманкулов, манасчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты. Иш - чара "Семетейдин Таласка кайтып келиши" театрлаштырылып коюлду.Манас айтуу бир суткага уланып, 5 - декабрь күнү саат 11:00 дө аяктады

1. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н.Кадырбеков, К.Иманалиевдин катышуусу менен КРнын Талас облусундагы “Манас Ордо” комплексинде 4-декабрда 2020-жылы Манас күнү майрамдык иш-чарасы болуп өттү.

2. Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын артисттери менен биргеликте, чет тилдер лицей-комплексинин 11а-11в-класстарынын окуучуларынын катышуусунда “Семетейдин таласка келиши” аттуу чакан спектакль көрсөтүлдү.

3. Чет тилдер лицей-комплексинин театр таануу ийримине катышып окуп жаткан 11-классынын активдүү кыздар-балдары өздөрүнө таандык образдарын ийгиликтүү аткарып, жалпы элдин купулуна толуп, ыраазычылыктарына ээ болушту.

• Керимбеков Мурат 11в-класс

• Бекешов Нурлан 11в-класс

• Турсунканов Бекзат 11а-класс

• Талантбеков Баяман 11а-класс

Семетейдин жоокер баатырларын ийгиликтүү аткарып беришти.

4. Кылымдап келе жаткан кыргыздын оюндарынын бири топ-таш оюнуна:

• Айдарбекова Тунук

• Малабек к Жамиля

• Өмүрбекова Айдай

• Кадырбаева Айжамал

Абдан жакшы катышып, элдин купулуна толду.

5. Сыдыков Кулмат, Манас таануу ийриминин мугалими, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин 11-классынын Манас ийримине катышкан төмөнкү окуучуларды, күн-түн манас айтуу бөлүмүндө аткарышты:

• Аманбекова Адиана 11в-класс

• Эгембердиева Сабина 11а-класс

• Абжалбекова Айзат 11а-класс

• Эгембердиева Нагима 11а-класс

• Молдаалы к Айдана 11а-класс;

6. 4-5-декабрда,тандалган окуучулар,Манас Атанын тоюна арналган Эл аралык деңгээлдеги өткөрүлгөн иш-чарага активдүү катышышты;

Cүрөттөр

"Флекс программасын максаты эки өлкө ортосундагы маданият алмашуу. Келечектеги мобилдүүлүк тажрыйба топтоочу окуучулардын программасы"

"FLEX- Future Leaders EXchange." Кыргызча которулушу- Келечектеги лидерлердин алмашуусу. 2020-2021-окуу жылында программа өзгөчөлөнүп онлайн түрүндө, сынак сентябрь айында жалпы 3 тур болду. 1-турда 14жаштан 16 жашка чейинки баардык окуучулар катыша алышты. Андан соң 2-тур октябрь айында баардык катышуучуларга өткөрүлдү. Декабрь айында эксперттер тарабынан 1-2-турларынын полуфиналисттери тандалып алынды. Негизинен Талас облусунан 28 окуучу полуфиналист болууга үлгүрдү, алардын экөөсү лицей окуучулары Саякбаева Улара жана Чөйрөбаева Акылай. Бүгүнкү күндө 3-тур дагы аяктап калды. Жазында апрель айларында жыйынтыктар чыгып, чет өлкөгө программанын негизинде жеңген окуучулар барып келишет. Жогорудагы лицей окуучулары төмөндөгү талаптарды так аткарышты 1) Интервью 2)Үч темага эссе 3)Англис тил деңгээлин текшерүүчү тест.

2. NAMA фонду боюнча

NAMA фонду Талас облустук чет тилдер лицей-комплексине 6 даана ноутбук белек кылды. Фонд менен кызматташуу лицейдин өнүгүүсүнө болгон өзгөчө кадам! Бул берилген ноутбуктар карантин учурунда, онлайн окууга өзүнүн салымын кошуп, лицей жамаатына бир топ жеңилдиктерди жаратууда. Лицей жамаатынын атынан ыраазылык билдиребиз!

“Сыйлык-сыймык”

13-ноябрда жаш өспүрүмдөр жана мектеп окуучулары арасында кылмыштуулукту, укук бузууларды алдын алууда, кылмыштуулука каршы күрөшүүдө кошкон зор салымы үчүн лицей-комплексинин мүдүрү Момунбеков Станбек Жылдызович жана социалдык педагогу Давлеталиева Раида Акылбековна Талас областтык ички иштер башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.

"Мугалим мөмөлүү дарак"

5-октябрь “Мугалимдер күнү” жыл сайын белгиленип келет. Мугалимдердин майрамын лицей мүдүрү Момунбеков Станбек агай кесиптик майрамы менен куттуктап иштерине ийгилик каалады. “Урматтуу билим берүү тармагынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип,шаарыбыздын, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп, жатасыздар. Өлкөнүн келечеги сиздердин ишиңиздерден көз каранды”, - деди мүдүр. Андан кийин Станбек Момунбеков билим берүү кызматкерлеринин алдыңкы мугалимдерине сыйлыктарды тапшырды. Талас шаардык мэриясынын жана Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен Көчөрбаева Чинара Чаткалбековна Сулайманов Нурбол Тынарбекович сыйланды. Талас райондук,шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы менен Жекшенбеков Арслан Таалайбекович сыйланды. Талас облустук билим берүү усулдук борборунун Ардак грамотасы менен Сүйүнтбекова Мээрим Максатбековна сыйланды Лицей-комплексинин Ардак грамотасына Жуманазаров Атагул Асанкулович, Субанова Асель Тилековна жана Автандилов Сыргак Автандиловичтер ээ болушту. Мугалимдер жөнүндө учкай сөздөр Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул – мугалим.(А.Дистерверг) Ким эскинин аңдап-билсе,андай адам мугалим боло алат. (Конфуций) Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И.Гете) Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В.Ключевский) Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р.Эмерсон) Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим. Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим. ( Л. Толстой)

“Карысы бардын ырысы бар”

26-Сентябрь күнү, карыларга арналган иш-чара өткөрүлдү.Буга лицейдин окуучулар курамынан турган өзүн өзү башкаруу түзүмүнүн мүчөлөрү жана уюштуруучу Марс Түлкүбаев менен биргеликте, шаарыбыздагы карылардын үйүн жыйнап,эшиктин алдын тазалап беришти. Бул 1-октябрь карылар күнүнө карата уюштурулду. Талас шаарынын тургуну, лицейдин ардагер мугалими Акчал Атагулов агайыбызды сөзгө тартканыбызда мындайча жооп берди. - Бул иш-чара бизге абдан жагып жатат. Карыларга жардам берүү бул ар бирибиздин милдетибиз деп ойлойм.Мындай иш-чаралар дагы болуп турсун деп айта кетем. Бул балдардын ынтымагын, боорукердигин билгизет. Окуучуларга кааларым окууларына ийгилик жана ар дайым ынтымакта болушсун. Бул иш чара боюнча биздин берген суроолорубузга Марс Түлкүбаев мындайча жооп берди: - Лицей окуучуларынын түзүмү карылар күнүнө карата иш-чараны жылына карыларга жардам көрсөтүп келишет. Бул иш-чаранын максаты кары адамдарга жардам берүү болуп эсептелет. Мындай аракеттер дагы болот деген ойдомун. “Карысы бардын ырысы” бар демекчи карыларды сыйлайлы жана урматтайлы.

"Мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата төмөнкүдөй иш -чаралар өткөрүлдү. "

1. 22-сентябрда 8-9-10-11-класстарга кураторлор тарабынан “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” деген темада класстык, тарбиялык сабактар өткөрүлдү. 2. 23-сентябрда 8-9-10-11-класстар арасында“Эне тилим-эне сүтүм, бакытым, Эне тилим түгөнбөгөн байлыгым” деген темада слайд жасоосынагы болуп өттү. Жыйынтыгында “эң жакшы” слайд үчүн 11а-классы грамотага ээ болсо, “жакшы” слайд үчүн 11в-классы ыраазычылк катка татыктуу болду. 3. 24-сентябрда “Тилим менен улутмун” аттуу темада ыр жазуу конкурсу(окуучулардын өз калеминен жаралган ырлар) болду. Эң жогорку деңгээлде ыр жазып, слайд менен көркөм окуп бергендиги үчүн 9в-классынын окуучусу Нармурзаева Жанара грамота менен сыйланса, “жакшы” ыры үчүн 11а-классынын окуучусу Эгембердиева Нагимага ыраазычылык кат ыйгарылды. 4. 25-сентябрь “Улут болсом, тилим менен улутмун”. Тил жөнүндө ырларды көркөм айтуу сынагы уюшулду. Сынак төмөнкүдөй жыйынтыкталды: “эң жакшы” көркөм окугандыгы үчүн 10а-классынын окуучусу Таалайбек кызы Ажар грамотага ээ болсо, “жакшы” окугандыгы үчүн 11в-классынын окуучусу Арыстанбеков Айтбекке ыраазычылык кат берилди. 5.Кыргыз тилчилер жана китепканачы тарабынан “Эне тил эл жараткан адабият,Эне тил эң негизги маданият” аттуу бурч уюштурулду. Кыргыз тилчилер:К. Мамбеталиева Э. КыдырмышоваЧ. Көчөрбаева



     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     

     


 

© Талас облустук чет тилдер лицей- комплекси
Кыргыз Республикасы
Талас областы
Талас шаары
Байгабылов көч.№12
тел : (03422) 6-10-30; 5-37-88
E-mail: lyceum_komplex@mail.ru

Сайт Талас облустук чет тилдер лицей- комплексинин окуучулары тарабынан дайындалды.